Темир Сариев: «КУМТӨРДҮ» УЛУТТАШТЫРУУГА БИЙЛИК КЫЗЫКДАР ЭМЕС»

«Кумтөрдү» улутташтырууга бийлик кызыкдар эмес жана бул тууралуу маселе көтөрүлгөн жок»,- деп билдирди Экономика министри Темир Сариев. Анын айтымында, «Кумтөр» компаниясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын башкы максаты – эки тараптуу келишимдеги мыйзам бузууларды аныктап, аларды кайрадан мамлекеттин кызыкчылыгына дал келтирүү. Айта кетсек, «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерүүчү мамлекеттик комиссия 2012-жылдын июнь айында өкмөт тарабынан түзүлүп, аны Темир Сариев жетектеген.
Отчётто белгиленгендей, «Кумтөрдүн» экологияга тийгизген зыяны 6,7 миллиард сомго барабар. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда «Кумтөр» ишканасынын экологияга тийгизген таасиринен улам онкологиялык оорулар 30 пайызга өскөнүн Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева маалымдады.
ЖКнын жыйынында көпчүлүк коалициясы мамлекеттик комиссиянын ишин жактырып, бул алтын кенине карата канадалык компания менен келишим түзүүгө катышкан аткаминерлер А.Акаев, К.Бакиев, Т.Чынгышев, Д.Сарыгулов, Б.Силаев, К.Кудайбергенов, А.Жакыпов, Н.Танаев, И.Чудинов, Д.Үсөнов, А.Елисеев, М.Бакиев, К.Курманалиевдерди жана мурунку депутаттарды жоопко тартуу маселесин кароону Башкы прокуратурага сунушташты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
TolonturCN
2013-02-04 12:40:02
Кумтөрдү улутташтырууга эмне кедерги болуп жатат? Канадалыктын алдында Кыргыз бийлигинин тили кыска, тийиштүү документ (Расмийат) жеткиликтүү эмес болуп жатабы? өзүнчө эле саясатташтырып, өзүнчө эле чуулгандуу кылбай бүтүрчү иштерди тезинен бүтүрсөңөр болот эле урматуу төбөлдөр.
0
TolonturCN
2013-02-04 12:42:23
Кыргызстандн табигий байлыктарын, тоо-кендерин кыргыз өзү ачканга эмне жетишпейт? көптөгөн акылы тунук, зирек, мекенчил жаштарды мамлекет каржылап чоң мамлекеттерде окутуп мыкты кыргыз адистерди жетиштирип, тоо-кен, жер байлыктарын ачууга керектүү техника, жабдууларды сатып алып кыргыз өзү иштесе болбойт беле. жөнөкөй кыял, жоромол менен айтканда.
0
KR-777
2013-02-05 11:57:18
TolonturCN, Ал учун Максимге рахмат айт Канадалыктарга кыргыздардын буту колун байлап салып берген 2009 жылы. Закон бизде кармалбаса чет олко Закон менен гана иштейт
-1
altinim
2013-02-05 17:04:46
ээк ушу былжырашып журо беришет экен да эчтекенин жыйынтыгы чыкпай
0
zzz---zzz
2013-02-09 19:22:19
Ушу созун парламентте айтпайбы анан эле элдин алдында актанбай. Бул киши озу эмне аткарды мигрантардан тушкон акчаны эсептештен башка иши жок.
0
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан