Бүгүнкү күндө Кыргызстандын түрмөлөрү менен колонияларында 15 миңдей жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Бул тууралуу КРнын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Орозбек Энтериев билдирди.
2012-жылы Кыргызстандын түрмөлөрүндө отурган жарандардан 3,5 миң уюлдук телефон алынган. Мындан сырткары абактардын аймагына телефон сигналдарын тосуучу жабдыктар орнотуларын билдирди. Мындай чаралардын көрүлүшү түрмөдөгүлөрдүн калп маалымат таратып, коомду дүрбөлөңгө салган билдирүүлөрдү жиберип жатканына байланыштуу. Орозбек Энтериевдин айтымында, быйыл Кыргызстандагы эң негизги 4 түрмөнүн камераларына видеокамералар коюлат.
Учурда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын № 2-колониясында тигүүчү цех ачылып, анда өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн жынсы кездемеден бирдей, атайын форма даярдалып жатат.