Кыргызстанда 2012-жылы 33 МИҢ адам каза болгонун Улуттук статистика комитети билдирди.
Ысык-Көл облусунда 28-январда күчү 6,5 БАЛЛГА жеткен зилзала катталып, 29-январь күнү да 4,4 баллдын тегерегинде жер силкинген. ӨКМдин билдирүүсүнө караганда, Түп районунда жер титирөөдөн 12 үйгө зыян келтирилген.
2012-жылы өлкөдө 7 миң орундуу 31 МЕКТЕП курулган.
28-январда Апрель окуясы боюнча өтүп жаткан сотто айыпталуучу, Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары ДАНИЯР ДУНГАНОВ эсин жоготуп ЖЫГЫЛДЫ.
2012-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстандын калкынын саны 5 МИЛЛИОН 655 МИҢ адамга жетти.
Мындан ары Маданият жана туризм министрлигинде иш кагаздары МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Кыз ала качкандар 7 ЖЫЛДАН 10 ЖЫЛГА чейин эркинен ажыратылат. Тиешелүү мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
«Ички иштер министри ШАМИЛЬ АТАХАНОВ отставкага арыз жазыптыр» деген маалымат интернет булактарына тарады.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев БУКМЕКЕР кеңселери жана тотализатор бюролору кумар оюндарына кирет деп эсептейт, ошондой эле «Кыргызстандагы букмекер кеңселери жана тотализатор бюролорунун ишмердиги жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирди.
БОЛОТ АБАКИРОВ Ички иштер министринин орун басарлык кызматынан бошотулду.
Өлкөдө жарандарды митингдерге катышууга МАЖБУРЛАГАН аткаминерлер 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Адилет министри Алмамбет Шыкмаматов ЖКнын жыйынында билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.