Расия УСЕНОВА, Апрель революциясынын баатыры Нуралы Усеновдун апасы:«АЗИМБЕК ДЕП АКСЫЛЫКТАР КАНЧА КАНЫН ТӨКТҮ, АЗЫР АНЫ ЭЛ ЭЭРЧИБЕЙТ»

Апрель революциясы коомчулукта ар кандай бааланып келет. Өткөн жылдын 3-октябрында Ак үйдүн алдындагы митингден кийин аны Апрель революциясы менен салыштыргандар чыкты. Буга ошол кандуу күндөн жабыр тарткандар эмне дейт?

– Расия эже, уулуңуз Нурлан Апрель революциясына катышып, оор жаракат алган экен. Эл эмне себептен Бакиевдин режимине каршы чыкты деп ойлойсуз?
– Ал Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусунан дагы өткөн бир үй-бүлөнүн бийлигин орнотподубу. Ансыз да ичерге аш таппай кыйналып турган элдин жашоосун бийлигинин акыркы жылдарында ого бетер оорлотуп жиберди. Электр энергиясынын баасын көтөрдү. Уюлдук телефондордун кызмат акысына дагы кошумча төлөм киргизди. Кол телефондорун жаштар көп пайдаланышат. Ошол мүмкүнчүлүктөрүнө дагы чектөө киргизип койсо, анан элдин кыжыры кайнайт да. Бул жолку революцияны эски муундагы адамдар эмес, жаштар жасады. Менин балам дагы бийликке нааразы болгон карапайым адамдардын катарында митингге чыккан болчу. Анан колунда куралы жок адамдарга бийлик ок чыгарып, менин балама да ок тийип жарадар болгон. Ок адегенде колуна тийип, анан боорун, ичегисин талкалап барып омурткасына сайылып калган экен. Ахунбаев клиникасынан боорун тиктирип, ичеги-карынын тазалаттык. Ал жерде 15 күндөн ашык жатты. Андан кийин омурткасына кадалган окту алдырттык, ден соолугун чыңдоо үчүн Воронцовкада жатты. Ошентип, үч айдан ашуун убакыт ооруканалап жүгүрүп жүрүп, өзүм дагы оорулуу болуп калдым.

– Азыр балаңыздын абалы кандай?
– Кудайга шүгүр. Убактысы менен барып дарыланып турат. Бирок оор ишке жарабай калды.

– Мына ушундай жоготуулар менен жасалган революцияны айрым саясатчылардын бейбаштыгы менен салыштыруу, элге ок чыгаргандарды күнөөсүз деп куткарып кетүү аракеттери айрым саясий топтор тарабынан тымызын жасалып жаткандай. Сиз буга эмне дейсиз?
– 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя менен Камчыбек Ташиевдин кылганын салыштырууга таптакыр болбойт. Апрель революциясынын баатырлары менен Ташиевдин «баатырдыгы» эки бөлөк нерсе. Ташиевдин чыныгы максаты эмне болгондугун түшүнүш кыйын. Балким, бийликке жеткиси келгендир, балким, чын эле жумуш ордуна киргиси келгендир. Ал эми Апрель окуясында жаш балдар карапайым элдин турмушу, кызыкчылыгы үчүн кан төгүштү. Ошондуктан өкмөт ушул революцияга чыныгы баасын берип, күнөөлүүлөрүн аныктап, жазаларын берсе, кийинки муун үчүн дагы, өлкөбүздүн оңолушу үчүн дагы чоң сабак болот эле деп ойлойм. Элге ок чыгарып, канкордук кылгандар тиешелүү деңгээлде жазаларын алууга тийиш. Эгер бул дүйнөдө жазаларын алышпаса, аркы дүйнөдө Кудай өзү жазалайт.

– Учурда «дагы революция болот» деп кыйыткан саясатчылар бар. Дагы бир революциянын бизге кереги барбы?
– Жыл сайын эле президентти, бийликти алмаштыра берсек, анда эмне болобуз? Эл тынч жашагысы келет. Бийлик элдин чөнтөгүнө кол салбаса эле, кыргыз эли өзүн-өзү көтөрө алат. «Дагы революция болот» деп Азимбек Бекназаров анда-санда айтып калып жатпайбы. Бул Азимбек менин иним болот. Азимбек деп аксылыктар канча канын төктү, жанын беришти. «Азимбекти куткарып алабыз» деп Бишкекке чейин жөө келишип, итке таланып, канча адамдар ден соолугунан ажырады. Анан экинчи революциядан кийин бийликтен кеткенден берки Азимбектин көз карашы таптакыр өзгөрдү. Азыр жасаган иштерин, сүйлөгөн сөздөрүн угуп, нааразы болуп кетем. Ал бир кездеги «Бекназаров» деген атын жоготту.

– «Үчүнчү революцияны жасайм» деп кыйкы­рып чыкса, Бекназаровду эл ээрчийт деп ойлойсузбу?
– Азыркы абалында Бекназаровду эч ким ээрчибейт дагы, укпайт дагы. Уккусу дагы келбейт.

Ал эми 7-апрель күнү Ак үйдүн алдында бийликтин огунан жарадар болгон СЕЙИТ КӨКТАЛОВ бул тууралуу мындай дейт:
– 7-апрель күнү элге каршы ок аткандардын үстүнөн сот иштери жүрүп жатпайбы. Бирок негедир күнөөлүүлөр жазаланбай эле, улам четинен качып кетип жатышат. Жакында эле Данияр Дунгановду дагы үй камагына чыгарып коюшуптур. Анан ошол күнкү кайгылуу окуяга өз көзү менен күбө болгон адамдар күйөт да. Ким элди атууга буйрук берсе да, ал буйрукту ким аткарса да жазасын алышы керек.

– Азыр ушундай кайгылуу окуя менен жасалган революциянын атын булгагысы келгендерге эмне деп жооп айтат элеңиз?
– Ошол кишилердин өздөрүнүн арты таза эмес. Арты таза болсо, мынчалык күйгүлтүккө түшүшпөйт эле. Абдылда Иманкулов деген куудул «каалаган артист депутат же министр боло алат. Ал эми депутат же министр артист боло албайт» дейт. Бирок Абдылда жаңылышыптыр. Азыр депутаттар дагы артист боло алат экен. Мисалы, мына бул бычакты кармап туруп, кайра коюп койдук дейли. Анан ошону «сен кармадың» десе, «жок, мен кармаган жокмун» деп ким айта алат? Артисттер айта алат, элди күлдүрүү үчүн. Бирок айрым депутаттар дагы ошентип олуттуу туруп алып айтып жатышпайбы. Мисалы, Ташиев «мен Ак үйгө жумушума бараткам» деп айтты. Жумушуна тосмодон ашып түшүп барабы? Бул, менимче, артисттик. Апрель революционерлерин жаманатты кылгысы келгендерди убакыт өзү жазалайт. Алар азыр ар кандай айта беришсин, бирок тарых тастыктап алат.

– Азыр элге ок аткандарды актоонун аракеттери башталгансыйт. Буга эмне себеп болуп жатышы мүмкүн?
– «Кыз боозуп алып энесин коркутат» деген сөз бар. Ошонун сыңары кылганын кылып алып, эми кантип кутулуунун амалын таппай жаткандар бар. Алар парламентте дагы отурушат. Ошолор эптеп өздөрүнүн артын жабуу үчүн түрдүү аракеттерин жасап жатышат. Элге ок чыгаргандарды куткарып кеткиси келгендердин дагы бир илинчеги бар да. Болбосо эмнеден коркушат? Өлкөбүздү үчүнчү революция менен коркутуп жаткандар да бар. Андайга эми жол бербешибиз керек. Эл деле чыкпайт. Анткени азыр бийликтин жасап жаткан аракеттерин көрүп жатабыз. Бишкек шаарындагы эле 5-6 миң сомдон берип койсо кыйкырып чыга берчү беш-алты аялды алып чыгышпаса. Айылдагы дыйканга барсаң, ал жанына жакын жуутпайт. Анткени өзүнүн жумушу калып калат.

Канат Амантуров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
jhanibek
2013-02-04 15:36:34
башканы билбейм мен аларды баатыр деп эсептебейм, алар жон гана саясаттын курмандыктары,баатыр деп ош окуясындагы кыргыз жигиттерин айтса болот,эн окунучтуусу алар уже эч кимдин эсинде калбады
+1
Nur_meerim
2013-02-05 13:01:43
jhanibek, созунузго кошулам. Оздору бийликке келиш учун карапайым элди "жертва" кылышты. Же жетчусу жетип тынчышпады! Оздору жеп алып бири биринин артын чукуп эрдик кылгылары келип атат.
+1
altinim
2013-02-05 16:05:02
jhanibek, +1000 кошулам бийлик максатына жетти,алар оз курсагынын кулу болбогондо ,3кун 3тун курсагын тойгузушуп,колуна акчасын карматып, арагын дарыядай агызып чардатып туруп аягында ит аткандай атып салышты, баарына азыркы бийлик куноолуу ата бейитте алмаз атамбаев баш болуп баатыр шейит деп даназалашты ал эми , эл учун ош учун жырткычтарча олум тапкан даже олугу да табылбай кеткендерди эстеп да коюшпайт
+1
Attokurov
2013-02-08 05:20:33
jhanibek, туура 5 жыл согуш тааласында жургон ата бабаларыбызга берсе андан коро..
0
KR-777
2013-02-05 11:46:15
бул Бекназаров элди озунун жеке кызыкчылыктары учун колдонуп анан унутуп кое, ал кыйын экен 2 революцияда тен Генпрокурор болгон кезде ошол аксы окусына чекит койбойт беле. Бул анык жузукара, калпычы адам
+1
altinim
2013-02-05 16:44:18
менимче бир улуттун окулдору бирин бири бийлик учун садага чапса шейиттике жатпайтко шейит деп оз мекенин элин коргоо учун чыгып Тышкы душмандардын колунан каза тапкандар айтылат анан кызык экен озулору олтуруп, озулору "баатыр" "шейит" деп наам ыйгарып , мурзо башында ыйлап койгондору тушунуксуз
0
zamko
2013-02-06 04:43:40
Ushu beknazardi Alla jaza bersin InsaAllah
0
анарбек
2013-02-08 01:01:04
мен баатыр деп эсептебейм пикетчилерди
0
Attokurov
2013-02-08 05:17:43
7-апрелде согуш эле болгон видеодон деле байкасанар болот. Канчалаган адамдардын колунда куралдар журот ....5-мартта чыныгы революция болгон эч кимде курал жок таш менен
0
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан