Орусиянын Сочи шаарында болуп өткөн «КиВиН-2013» фестивалында Кыргызстандан «Азия Микс» командасы Эл аралык КВН мелдешинин Жогорку Лигасына жолдомо алды. Айта кетсек, Кыргызстандын КВН оюндарынын тарыхында бул ийгилик эң салмактуусу болуп калды. Анткени буга чейин бир да Кыргызстандын КВН командасы Масляковдун КВНинин Жогорку Лигасында ойногон эмес. Жогорку Лига оюндары ушул жылдын 17-февралында Москва шаарында өтмөкчү.
«Азия Микстин» жигиттеринин жеңишине чексиз кубанычтабыз. Буюрса, мекендештерибизди орустардын Биринчи каналынан көрүп калат экенбиз.
Жогорудагы ийгиликтер менен кошо аталган фестивалда 500 команданын ичинен Эл аралык КВН мелдешинин Премьер Лигасына жолдомо алган «Тамашоу» курама командасы да мыкты оюн көрсөтө алды. Учурда «тамашоучулар» Премьер Лигада аткаруучу ар бир оюнун дыкаттык менен даярдап жаткан чагы. Оюн март айында өтөт. Азаматсыңар, жигиттер! Силердин ар бир жеңишиңер Кыргызстан үчүн экенинен күмөнүбүз жок!