КРнын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов 28-январь күнү өздүк майрамын белгиледи. «Туулган күн болсо эле дасторкон жайып, отуруш кылып жиберет эмеспизби. Албетте, бул деле жакшы нерсе дечи. Бирок мен башкача нукта өткөрүүнү каалап, 2007-жылдан бери достор арасында бильярд боюнча турнир өткөрүп келем. Быйыл да салтты бузган жокмун. Досторумду чакырып, туулган күндү шаңдуу белгиледим»,- дейт ырчы.
Турнирде Ырыскелди мырзанын жакын досторунун бири, КРнын Эмгек сиңирген артисти, дирижёр Рахат Осмоналиев (сүрөттө) биринчи орунду багынтты. Айта кетчү нерсе, бул таймашка ырчылар Гүлнара Тойгонбаева, Мирбек Атабеков күбө болуп кайтышты.