Белгилүү телеалпаруучу Ассоль Молдокматованын уулу, көптөгөн эл аралык сынактардын жеңүүчүсү Жан Воинов өзүнүн чыныгы талант экенин дагы бир жолу тастыктады. Ал АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн сынакта бийдин поппинг багыты боюнча 1-орунду багынтса, Нью-Йорктон локинг багытында 2-орунду жеңип алды. 16 жаштагы бийчи жигиттин талантына баа берип, «Макдоналдс», «Универсал» аттуу белгилүү компаниялардан иштешүү боюнча сунуштар түшкөн. Ошондой эле америкалык режиссёр Энн Флетчердин бийди даңазалаган «Бир кадам астыга» («Шаг вперёд») тасмасынын келерки бөлүгүндө образ жаратуу үчүн кастингге катышууга да мүмкүнчүлүк алды. Бул эле эмес, MTV телеканалындагы бий долбооруна конок катары чакырылып, британиялык «Даңк мүнөтү» берүүсүндө талантын даңазаламакчы болду. Азаматсың, Жан! Кыргыз эли сени менен сыймыктанат!