Токтогулдун торгою, «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «2012-жылдын супер ырчы мырзасы» Нурлан Насип тилегине жетти. Тактап айтсак, жакында эле бала кезинен берки кыялы ишке ашып, ыр жаздыруучу студиялуу болду. Аранжировка жасаганды азырынча жакшы билбесе да, учурда аны өздөштүрүүнүн үстүндө иштеп жатыптыр.
Ошону менен катар ырчылыгын да унутта калтырбай, «Сагындым» аттуу жаңы ыр жаздырып, репертуарын кеңейтүүдө. Эми ырларга «көйнөк кийгизүүнү» мыкты өздөштүрүп алса, өзүнүн чыгармаларын гана эмес, кесиптештерине да көмөктөшчү күн алыс эмес.