Айтылуу «Гангнам стайлды» «Оттой жанган сайын» деп кыргызчалап чыккан куудул Талант Анарбаев 23-февралда Спорт Ордосунда боло турган концертин күзгө жылдырууга мажбур болду. Себеби ал күнү жыл сайын Сыймык Бейшекеев жеке концертин берип, бул жылы да аталган жайдын жетекчилиги менен келишим түзүп, «брондоп» койгон экен. Бул тууралуу Талант: «Спорт Ордосуна алдын ала 100 доллар берип, келишимди кийинчерээк түзөм деп койгон элем. Көрсө, кийинчерээк түзөм деп жүргөндө Сыймык Бейшекеев келишим түзүп, «брондоп» коюптур. Сыймык байке экөөбүз келишип, бул маселени чечишип алдык. Менин концертим күзгө жылдырылды. Бирок башка шаарлардагы концерттерим белгиленген күндө эле болот. Айрым продюсерлер бардык майрамдарда маданий жайларды эрте эле «брондоп» алышат экен. Айтайын дегеним, алар да баарына тең караса жакшы болот эле»,- дейт куудул.