29-январда актриса Зарылкан Бообекова дүйнөдөн кайтты. Ал Бишкек-Торугарт жолунда болгон автокырсыктан 54 жаш курагында каза болду. Актриса бир топ көркөм тасмаларда роль жараткан, алардын бири – көп сериялуу «Чиркин өмүр» тасмасында Зикинтайдын ролу. Актрисанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына «Супер-Инфо» гезитинин эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.