4 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ. КАНДУУ ЖОЛ БАЯНЫ

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы күндөрүндө автокырсыктан улам борбор калаабызды бойлой аккан Чоң Чүй каналы дагы 4 адамдын өмүрүн алып кетти. Албетте, бул кырсык деңизчи, бирок окуя болгон аймакта жашаган тургундардын ою боюнча, жергиликтүү бийлик бул кырсыктардын алдын эбак алса болмок экен...

«КОНОККО БАРАТКАНБЫЗ»
6-январь күнү Бишкек шаарынын түндүк тарабында жайгашкан Аламүдүн айылы менен Бакай-Ата жаңы конушунун ортосундагы жолдо кетип бара жаткан Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү жеңил унаа Чоң Чүй каналына кулап кеткен. Жыйынтыгында автоунаанын айдоочусу – 44 жаштагы А.Жусупбеков, анын келинчеги – 40 жаштагы Б.Анапиева, 34 жаштагы З.Жанузакова жана анын 10 айлык уулу Нурэл каза табышып, арасынан бир гана З.Максүтов аман калган. Каза болгондордун бардыгы Нарын облусунун тургундары болгон.
Биз ошол окуяда аман калган ЗАМИРБЕК МАКСҮТОВду таап, андан окуя кандайча болгондугу тууралуу маалыматты өз оозунан уктук:
– Ошол каргашалуу күнү эртең менен үйдө отурсам жолдош балам Алмаз телефон чалып, «азыр аяшыңды машинага салып алып барам. Сен да келинчегиңди алып Бакай-Атага, Кадырбектикине (теңтуш баласы) айылчылап келбейлиби» деди. Анан алар келип, үйдөн чогуу чыктык. Жолдо баратсак алдыбыздан машина чыкты, ошол кезде досум коркуп тормозду тээп жиберген окшойт, тайып барып машина сууга чалкасынан түшүп калды. Андан кийинкисин билбейм, эс-учумду жоготуп коюптурмун. «Тез жардам» алып барганда гана эсиме келдим. Мени жаныбыздан өтүп бараткан машинанын айдоочусу алып чыккан экен. Ал эми келинчегим, кичинекей балам, досум жана аяшым каза болуп калышты...

«ТИЛЕККЕ КАРШЫ, БАШКАЛАРЫН КУТКАРА АЛБАЙ КАЛДЫК...»
Ал эми АМАНБЕК АШЫРАЛИЕВ аттуу каарманыбызды баатыр десек жарашат. Себеби азыркы күндө кыйынчылыкка дуушар болгон адамга колун сунуп жардам кылбай, «мойнума ашыкча түйшүк үйүп албайын» дегендер да жок эмес. Ал эми биздин каарманыбыз болбогондо жогорудагы Замирбек мырза аман калат беле, ким билет?.. Окуяга күбө катары жана бир адамдын өмүрүн кантип сактап калганын каарманыбыз мындайча баяндады:
– Ал күнү биз үйдөн чыгып баратканбыз. Жанымда бала-чакам, бир тууган бажам бар эле. Жол тайгалак болчу. Аңгыча алдыбыздан машина чыкты. Так ошол жерден айдоочу бир аз каталык кетирип, тормозду тээп койду. Анан бизден өткөндөн кийин эле тайып барып эки-үч аласалып сууга чалкасынан кулап түштү. Машинаны токтотуп, артынан сууга кирип тигилерди алып чыкканга болушунча аракет кылдык. Суу муздак экен, белиме чейин кирип, арткы эшикти ачканга аракет кылып, бирок такыр ача албай койдум. Аңгыча бир маршрутка келип калып, андан монтировка алып чыгып эшикти ача албай жатсак, жээкте турган балдар «байке, машинанын алдынан бирөө чыга албай жатат» деп калышты. Ал өзү чыгайын деп аракет кылып, бирок эси ооп калыптыр. Мен дароо суу алдына кирип аны жээкке алып чыксам, жаны бар экен. Аны куткарып калууга жетиштик, бирок тилекке каршы, башкаларын куткара албай калдык... Себеби машина сууга киргенде эшигин такыр ача албай калат экенсиң, анын үстүнө эшиктери да ичинен кулпуланып калган экен...
Кийин угушума караганда, айдоочу жигит машинасын жаңы эле сатып алыптыр. Бирок аны күнөөлөгөнгө болбойт, бул кырсык. Анын үстүнө бул жол эки эмес, бир гана машина бата тургандай. Анан ар кандай айдоочулар бар, бири-бирине жол бошоткусу келбейт. Мындай кырсыктар көп болот. Ошол себептен бул жолду бир багытта каттай турган кылып тосуш керек. Негизи, Бакай-Атадан чыккан башка жол бар, бирок ал жолдун абалы аябай начар. Ошондуктан жергиликтүү калк машинасын аяп, көбү ушул жол менен өтүшөт. Алардын көбү жол эрежелерин билбеген, айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар. МАИчилерден суранарым, ушул жерди көзөмөлгө алып коюшса жакшы болот эле.

ЧЫРДУУ ЖАНА КАНДУУ ЖОЛ
Бул окуядан кийин Бакай-Ата жаңы конушунун тургундары кайрадан жергиликтүү бийликке ал жолду биротоло жабуу же бир багытка гана каттоо, болбосо жолду кеңейтүү талабын көтөрүп чыгышкан. Биз айыл тургундарына жолугуп, талабын өз ооздорунан уктук. Алардын айтымында, айыл тургундарынын талабын өкмөт мурда эле аткарса, бул кырсыктар болбойт эле... Так ушул жолдо атасы жана туугандары каза болгон Бакай-Ата жаңы конушунун тургуну НАРГИЗА КАРЫМБАЕВА буларга токтолду:
– Биз, Бакай-Ата жаңы конушунун тургундары, «бул жолду жапкыла» деп өкмөттөн көптөн бери суранып жатабыз. Себеби ушул жерде жылына 2-3 жолу кырсык болуп, адамдар каза табышат. Өткөндө да жолдо келе жатсак, 3 киши, 1 кичинекей бала өлүп жатат. Көрүп алып аябай жаман болдук. Андан бир аз эле мурдараак менин атам, аталаш туугандарым да так ушул жерден сууга кирип кетип каза болушкан. Ушундай кырсыктар болбош үчүн бул жолду жаап салышса жакшы болмок. Бакай-Атага киргенге башка деле жол бар. Болбосо суунун жээгине тосмолорду коюш керек же бул тарабындагы заводдун дубалын ары жылдырып жолду кеңейтишсин.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ЭМНЕ ДЕЙТ?
Жашоочулардын талабы аткарылабы же жокпу, ошону билүү максатында Бакай-Ата жаңы конушунун квартал башчысы СҮЙҮНБАЙ АСАНАЛИЕВге кайрылып, төмөнкүдөй жооп уктук:
– Буга чейин адам өмүрү кыйылган көп эле кырсыктар болуп келген. Биз кырсык болгон сайын акимчиликке айтып жаттык. Анан 6-январда болгон кырсыктан кийин кайрадан кайрылып, эл да чогулуп «жаппасаңар жолду тособуз» дешкенинен унаалар бир тарапка гана кете тургандай кылдык. Азыр жол жээгине белгилер орнотулду.
Бирок элдин дагы бир талабы – жолду кеңейтип берүү. Ошол себептен биз Аламүдүн райондук сотуна да кайрылдык. Себеби жолдун четинде заводдун дубал тосмолору бар. Элдин айтымында, ал тосмону завод мыйзамсыз эле жолго жакын кылып тосуп салган. Угушумча, тосмо суудан 25 метр алыс салынышы керек экен. Эми аны мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин сот аныктайт. Негизи, ал жол Чоң Чүй каналын таштандыдан тазалап туруу үчүн эле салынган. Аны эл колдонбош керек болчу. Азыр эми «жээкке тосмо коюп, заводдун тосмо дубалдарын ары жылдырып, жолду кеңейтип бергиле» деп жогорку жактагыларга кайрылып жатабыз.

Адам баласы ажалдан качып кутула албайт деңизчи. Бирок чындап эле ал жолго көңүл кош мамиле жасабай, жергиликтүү бийлик элдин талабын мурда эле аткарганда мындай кейиштүү окуялар болмок эмес чыгар. Дагы бир айта кетчү жагдай бар. Азыркы күндө жол бир тараптуу дегенди түшүндүргөн белгилер турса деле жашоочулар эки тарапка тең өтүп жаткандарына өз көзүбүз менен күбө болдук. Балким, бул кырсыктардын болушуна өзүбүздүн эле кайдигерлигибиз себеп?..

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
4 адам көз жумду. Кандуу жол баяны
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Bayan1982
2013-02-04 15:56:51
Биздин чондор жолду ондомок турсун элдин проблемасын уккулары да келбейт.
+1
Aiba_2020
2013-02-04 16:38:19
Kantip uailbai aitti СҮЙҮНБАЙ АСАНАЛИЕВ "ugushumcha tosmo 25 metr alistikta bolus kerek" dep. Kantip jurot kvartal bashchisi bolup, bilimsiz.Ukkan ushaktar menen el bashkarbay, okup uyronush kerek minday kerektuu nerselerdi.
0
Asiyo
2013-02-04 23:03:18
Ииий баарынан да 10 айлык балага боорум ооруду
0
masr88aza
2013-02-05 03:34:10
ГЭС-3 менен Мыкандын ортосундагы көлгө да баягыда бир "honda odissey" түшүп кеткен. эки киши каза болду. эч ким куткара алган жок. машина түшөөр замат милицияга, мчс тияк биякка чалып отуруп, 3 саат дегенде араң чыгарышты.
0
nurik_8585kg
2013-02-05 08:41:57
Жaкшы экeн бaшчы Суйунбaй кaйрa кaйрa элe кырсык болгондо кaйрылaбыз дeп колунaн кeлбeйби кeт элгe жaмaн корунбой отуруп aлып aкчa жeп
0
kaiurka
2013-02-05 11:10:26
бул байкенин жышын коруп мен да ыйладым боорум оруп атат, жаап эле салгандары он го бул каргашалуу жолду
0
meri922303
2013-02-05 18:09:44
Озу биздин чондор эч нерсени тоготпойт оздорунун башына тушкондо гана кыймылдабаса онойлук менен козголушпайт нормальный президент жок бизде ошондуктан ушундай нерселер коп болот эч нерсеге конул бурушпайт .
0
rasulluiza
2013-02-06 17:59:11
биздин Кыргызстан качан онолот онолсо мурдуму кесип берет элем
0
aizish
2013-02-07 08:32:48
Булганган булак эч эле тунбай койдуго. Бийлик алмашат озгоруу жок. Карап олтурсан Бакиев тузугуроок иштеген экен, азыркы ажодон буткон иш корбой жатам, только кылган иши сатуу менен алек (Кумтор, компаниялар уюлдук, козуно жакшыраак корунгон имараттар) качан кой устуно торгой уялаган кун келет экен ээээээ?!
-1
Elizza
2013-02-08 00:27:38
ozu bizdin chondor ech nerse menen iwtteri jok ozdorunun kyzykchylygyn gana oylowot buga cheyin kop ele kyrsyktar bolgon eken...kosh mamile jasabay karap koyuwsa bolmok eken......
+1
kurguz...
2013-02-08 20:11:44
Жеп ичер стариктер кетип жаш муундар ары берини коргон озуго тын же болбосо Деддомский бироо турса ошондо онолот!
0
sauleshka
2013-02-09 22:00:21
Bizdin chondor,okmotton bashtap:Prezidentke chein avto kyrsukka uchurasyn,oshondo tushunushot.
0
max75644
2013-02-10 01:12:13
кыргызстан качан онолор экенбиз
0
Beerland
2013-02-11 01:17:26
Акча болсо болду жолду эмес Кыргызстаныбызжы ондобойтко бундай болсок кырылып кана олобуз кыргыздар
0
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан