Гүлдана Шерикбай кызы:«УЧАКТА ТӨРӨЛГӨН УУЛУМДУ УЧКУЧ БОЛОТ ДЕП ЖАТЫШАТ»

Кыргызстан кийинки учурда өзгөчө окуялар менен дүйнөгө дүң салган мамлекет болуп баратат. 22-январда Санкт-Петербург-Ош аба каттамында Гүлдана Шерикбай кызы 10 миң метр бийиктикте көз жарды. Гүлдананын жана ымыркайдын ден соолугунан кабар алуу үчүн Ош облустук төрөтканасына баш бактык.

– Саламатсызбы, Гүлдана, ден соолугуңуз кандай?
– Рахмат, буюрса, баары жакшы. Врачтардын көзөмөлүндө жатабыз.

– Асманда төрөлгөн ымыркайдын абалы кандай? Канчанчы балаңыз?
– Экинчи уулум. Курсагым кичинекей болгондуктан, балам канча айлык болуп калганын билбейт элем. Санкт-Петербургда каттоого турбагандыктан, Кыргызстандан төрөйм деп келе жаткам. Барганыма 6 ай болуп калган. Ал жакка барганда УЗИге түшсөм, кош бойлуу экенимди айтышкан, врачтар орус болгондуктан, канча айлык экенин деле сурабай чыгып кеткем. Өзүмдүн божомолумда төрөшүмө дагы убакыт бар болчу. Ошол боюнча дарыгерлерге көрүнбөй жүрө бергем. Курсактагы балам кыймылдап калганынан «жакшы эле го» деп жүрдүм. Качан гана оорлошуп, өзүмдүн кыймылдашым кыйын болуп калганда Кыргызстанга жөнөдүм. Учакка түшөрдө бир чоң, бир кичине сумкам бар эле, аларды көтөрүп каттоодон өтүп жатканымда белим бир аз ооруду. «Толгоо окшойт» деп ойлоп койгом. Учак көтөрүлгөндө көңүлүм айнып, жарым сааттай отурганымда эле толгоо башталды. Дарыгер издедик, ага болбой стюардессалардын жардамы менен экипаждын командири Алексей Романюк төрөттү. Балам 2 килограмм 535 грамм салмакта төрөлдү.

– Дарыгер жок, коркуу сезими болдубу?
– Ооба. Буга чейин бөйрөгүм ооручу эле. Ал учурда эс алып, кийин иштеп жүргөм. Көбүнчө бөйрөгүмдөн коркуп жаткам, төрөткө бир топ таасирин тийгизет эмеспи. Биринчи баламды төрөгөнүмдө дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, 15 күндөй толготуп, кыйналып төрөгөм. Бул баламды учакта бир саат эле толготуп, анан төрөп койдум. Мени төрөткөн экипаждын командири Алексей Романюкка терең ыраазычылык билдирем. Санкт-Петербургда жолдошум да бул капитанды издеп жатат, ыраазычылык билдирейин деп. Кийин дайынын билбей калдык. Акушердин милдетин бүт бойдон аткарып, баламдын киндигин да ошол кести. Мындай жакшы адамдар аз болот да.

– Туугандарыңызга күтүлбөгөн окуя болгондур?
– Туугандарыма эмес, өзүмө да күтүлбөгөн окуя болуп кетти. 19-январда мен 23 жашка толгон элем, андан көп өтпөй, 22-январда уулум төрөлүп жатпайбы. Кайын журтум, жолдошум да араң ишеништи. «Сумкаларым калып кетти, туугандар алып коюшсун» деп жолдошума телефондон айтсам, анан гана ишенди. Ага чейин чочуп, ишенбей жатышкан. Кайненемдер келип көрүп кетишти. Менин ден соолугум жакшы эле, баланын ден соолугуна карап врачтар уруксат берсе, үйүбүзгө кетебиз го.

– Уулуңуз келечекте учкуч болот го, атын ким коёлу деп жатасыңар?
– Ооба, баары эле учкуч болот окшойт дешүүдө. «Ысымы Алексей Романюктун атынан коюлуптур» деген маалымат тарап кетиптир, бирок ысым коё элекпиз. Кайын журтум менен келишип, биздин тилге жакыныраак кылып Роман койсокпу деген ойлор болуп жатат.

– Гүлдана, кайсы жердин тургунусуз?
– Алай районундагы Согунду айылынын тургунумун. Жолдошум да ошол жерден, аты – Эрлан, 27 жашта. Улуу балабыз Акыйкат бир жаштан ашты. Аны он айында эмчектен чыгарып, кайненемдерге таштап кеткен элем. Ал да келип, иниси экөөбүздү көрүп кетти.

Гүлдананы карап жаткан дарыгер ДАМИРА айымга эне-баланын ден соолугун сурап кайрылдык.
– Гүлдана өзү кесиби боюнча дарыгер экен. Бирок баласы канча ай экенин, төрөлөрдө буту менен келип калганын да билбегени таң калтырды. Адатта, бала башы менен чыгат го, бул буту менен төрөлгөн. Айына да жетпей, шарты жок жерде төрөлгөндүктөн, үшүп кыйналыптыр. Учурда реанимацияда каралып жатат. Келиндин каны аз, башка жагынан коркунуч жок.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
aika90-88
2013-02-05 20:12:08
aiza11.3 сен алдынала билесинби? Канча айлык тороп койушунду билсен жакшы анда же 7 айлык же 9 же 9 айдан ашып кеткен кундору да болот,9чу айдан ашып кетсе болбойт екен аны аллах озу колдосун, а мен ойлойм бир гана аллах ким качан торойт озу билет.
0
jankakg
2013-02-05 20:28:33
Menin bilgenime karaganda somoletto torolso bala al "Duynonun grajdanstvosun" alat, duynonun baardyk jagynda vizasyz jashay alat jana omuru boyuncha kaysy aba jolu bolso da akysyz uchat!!!
+1
Karamel
2013-02-07 00:36:34
jankakg,
менин оюмча дуйнолук гражданство албайт, биринчи по праву крови,(ата-энесиники боюнча) экинчи по праву места-кайсыл олконун самолетунда учкан болсо, же кайсыл олконун устундо учуп бараткан болсо...анан кайсы аба жолу болсо да, акысыз учат эмес, кайсы авиалинияны колдонсо, ошол авиалиния омур бою бекер учушуна уруксат берет.бирок бул писанный закон эмес болуш керек. аэрофлот бербейт эле болуш керек.
0
jankakg
2013-02-05 20:33:45
Registratsiyadan otup atkanda emne uchun doktordun spravkasyn surashpayt, surash kerek ele,kattoodon otup atkanda ichi oorusa ozun dagy balasyn dagy riskke albay uchpay koyso bolmok.
Ozu vrach bolso kantip kancha aylyk, den soolugu kanday dep teksherilbeyt, 1. balasyn da kyinalyp toroso, oorusa ozu. Kuday degen bar da asmanda sharty jok jerde, doktor jok, bala bashynan emes butunan torolso da aman esen eken.
0
Naziwka
2013-02-05 20:42:14
Komandir Alekseyge 4oon rahmat,duynodo mynday jakwy adamadr kop bolso,kanday sonun bolmok. Balasynyn kan4a ay bolgonun bilbegen baykuw, bul da bolso jawoonun na4arligi, ayimdyn sabatsyzdygyn bildiret. Bala aman esen 4onoysun!
0
Naziwka
2013-02-05 20:44:02
23tomun deyvi? apeey 40 jawagy ayaldan uluu korunot eken go...Ehh jawoo((( Kyrgyzstanym tezireek onoslo eken... Sagyndym KGmdi!!!
0
KAREGLAZAYA_VOLCHICA
2013-02-06 02:11:46
Дааа тобо кардындагы канча айлык болгонун да билбеген да болот экэн ээ. Биринчиси болсо да мейли экинчисин кантип билбейт тем более медик. Аллах омурун берсин.
0
aizish
2013-02-06 12:05:30
Ыйманы ден-соолугу омуру менен болсун. Биринчиден АЛЛАХка мактоолор болсун! Жараткан ардайым жакшы адамдарды жарата берсин Алексейге окшогон.
0
sezim_osmonalieva111
2013-02-06 12:13:44
Аллах омур берсин....бирок мени да тан калтырды,озу мед.болсо...мммм.Кичине сабаттуурак болушса....ал эми торолгон бобокко бактылуу балалык!
0
karona12
2013-02-06 13:53:43
куйоосу не деген куйоо.боюнда бар аялын иштетпей эле койбойбу.
0
Chromstyle
2013-02-06 23:33:35
ушндай да болобу канча ай болгонун билбеген.Илгерки жашоодо жашаган жокта чырканактын жанында торогондой,иии байкушум ай сабатсыз окшойсун ээ
0
Bayan1982
2013-02-07 03:41:44
Жараткан озу жар болуптур эне бала Аман болсун.Мындан кийин бойунда барларга да чон сабак болот.Озгочо Москвадв жургондорго.
0
aika0906
2013-02-07 09:57:01
Bayan1982, daa бир жолу Москва-бишкек каттамында дагы бир аял торогон эле аны болсо Казахстанга токтотуп торотуп алышкан
0
altinim
2013-02-07 10:24:54
кудай деген аял экен баласынын омуру узун болсун, тан калдым кантип ушунчалык кенебестик болот ай орустардын оозу ошту карагандыр даже канча айлык экенин билбесе ичиндеги анан медик экен хехе байкуш жумуш тирилик деп журуп куйоосу азамат экен Баракелде!
0
bonita_01
2013-02-07 14:06:34
Кыргызстан дайыма эле дуйного ушундай жанылыктары мн эле белгилуу болуп журот,сабатсыз болгон учун канча ай боюндакенин билбейт да, кантип на медика окуду болдукен канча ай боюнда болгонун орусча сурай албаса. кудайга шугур аман эсен коз жарып алыптыр, эне мн бала ден соолукта болушсун!!!
0
PROS
2013-02-09 09:26:07
Тимеле "сабатсыз" деп, жогорку билимдуу боло бербегилечи э! Корот элем силер да айынарга жетпей ара тороп койсонор. Ким сабаттуу да, ким сабатсыз экенин! Кудайга тообо кылгыла!
0
naku86
2013-02-10 16:44:14
аял адам зирек болуш керек!
0
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан