ТАГДЫРДЫН ӨГӨЙ БАЛДАРЫ

Жакында «Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Кара-Коо айылында бир үй-бүлөнүн беш баласы мектепте окубай, ар кимге малай болуп иштешкендиктен, ата-энесинен балдарын алып коюптур» деген маалыматты угуп калдым. Кандай гана ата-эне өз канынан жаралган баласын бирөөгө малай кылып иштетет болду экен?.. Дал ушул суроого жооп издеп аталган Тоң районуна сапар тарттым.

«БАЛДАРДЫН АПАСЫНДА ЭНЕЛИК СЕЗИМ ЖОК ЭКЕН»
Алгачкы кадамым Тоң райондук акимчилигинин «Үй-бүлө жана балдарды коргоо» бөлүмүндө болуп, бул бөлүмдүн башчысы МЕДИНА ЖУМАЛИЕВАга жолуктум. Ал «балдардын энесинде аял затына тиешелүү энелик сезим дагы, мээрим дагы жок экен» деп сөз баштады.
– Биздин райондук социалдык адистер аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү көзөмөлсүз калган балдарды тактап, аларга жардам көрсөтүп келебиз. 2007-жылы Кара-Коо айылында бир үй-бүлөдөн 5 бала мектепте окубай калгандыгын билдик.
Балдардын атасы ичкиликке берилип, энеси эки-үч айлап үйүнөн кетип, кайра келгенди адатка айлантыптыр. Ал кезде үч баласы мектеп жашында, эки баласы кичине болчу. Изилдеп келгенде кийим-кечеси жок, тамак-ашты да убагында ичишпегендиги билинди. Үй-бүлөнүн абалы менен таанышкан соң үч баланы коңшу, Кажы-Сай айылында жайгашкан «Хадича» жеке менчик балдар үйүнө өткөрүп, мектепте окутуп, кийим менен камсыз кылганбыз. Эки бала болсо ата-энесинин колунда калып, аларды айыл өкмөтү көзөмөлгө алган.
Үч бала балдар үйүндө 2007-жылдан 2009-жылга чейин окушту. Андан кийин балдардын энеси келип, «балдарыбызды өзүбүз окутабыз» деп үйүнө алып кеткен. Көп өтпөй баягы эле акыбалга келип калгандыгына күбө болдук. Кошуналарынын айтуусунда, балдар ачкалыктан көгүчкөн кармап союп жеген күндөрү дагы болгон экен. Аны угуп-көрүп туруп, кайдигер мамиле кыла алган жокпуз.
Кайрадан балдар үйүнө алып кетели деп барсак, атасы мас, энеси дагы үйүндө жок экен. Үч баланы балдар үйүнө жайгаштырдык. Колдорунда калган эки баласын да бага алышпай, 10 жаштагы Кенжебек деген баласын бир чабанга малайлыкка берип коюшуптур. Кыштын кыраан чилдесинде беш ай 10 жашар бала малдын аркасынан жүрүп, колу-бетин үшүк алып кетиптир. Мал ээсине кезиккенибизде ал «менден акча, ун алышкан, ошону төлөй албай, мал бакканга жардамдашсын деп баласын таштап кетишкен» деп жооп берди.
Окуя аныкталгандан кийин милиция кызматкерлери менен биргеликте баланы алып келип, райондук балдар иштери боюнча комиссиясына маселе койдук. Андан кийин бул иш сотко өтүп, өткөн жылдын 17-майында соттун чечими менен балдардын ата-энеси ата-энелик укугунан ажыратылды. Балдарга кошумча сабактар өтүлүп, кийим-кече, дары-дармек менен камсыз кылдык. Учурда 5 бала тең жеке менчик балдар үйүнө өткөрүлүп берилген.

«БАЛДАР ҮЙҮНДӨ ЖАКШЫ, БИРОК АПАБЫЗДЫ САГЫНДЫК»
Ойной турган кезинде кой кайтарып, ата-эне мээримин көрбөгөн бир туугандардын абалы менен таанышуу максатында Кажы-Сай айылындагы «Хадича» балдар үйүнө бет алдым.
Балдар үйүнө баш бакканда эле «саламатсызбы?» деп биринен-бири өтүп учурашкан бөбөктөрдү көрүп, жүрөк жибибей койбойт. Издеген бир туугандарды ашканадан жолуктурдум. Темирбек, Турдубек, Өмүрбек, Кенжебек жана Келдибек ысымдары гана эмес, келбеттери да окшош экен.
– Менин атым Темирбек, бир туугандарымдын улуусумун. Балдар үйүнө келгенибизге 7 ай болду. 17 жаштамын, учурда 7-класста окуп жатам. Эң кичүү иним 1-класста окуйт. Жашыбыз классташтарыбыздыкынан улуу, окууга жетишип калалы деп аракет кылып жатабыз. Бул жактан кошумча сабактарды өтүп жатып, буюрса, жакшы окуп калдык.
Мурун дагы балдар үйүнө келип, 2-класстан 4-класска чейин окугам. Кийин кайра келгим келбей койгон, себеби анда балдар ар кандай себептер менен сабай беришчү. Балдар үйүндө эң улуусу мен болгондуктан, азыр эч ким сабабайт. Үйдө жүргөн кезде ата-энеме жардам берип, болгон оокаттардын баарын жасачубуз. Үйдө апам жокто өзүбүз эле каалаган тамагыбызды бышырып жечүбүз. Атам менен апамды сагындык, үйгө баргыбыз келет. Алгач окутабыз дегенинен кубанганбыз, бирок ата-энебизди ата-энелик укуктан ажыратканын угуп капа болдук. Апам дагы төрөп, атам майып болуп калыптыр, алар кантип жатышты болду экен?..

Сөзгө аралашкан КЕНЖЕБЕК:
– Мен 12 жаштамын, 3-класста окуп жатам. Сабактардын ичинен өзгөчө адабий окууну жакшы көрөм. Күндөлүгүмдө жалаң «4», «5» деген баалар. Бул жерде көп балдар менен достоштум. Үйдө жүргөндө айылдагы Көкүл деген кишинин коюн кайтарчумун. 400дөн ашуун койду эки киши бакчубуз. Бирок көп деле акча төлөчү эмес. Кээде гана кийим алып берчү. Тоо аябай суук болгондуктан, бети-колумду үшүк алып кеткен. Эжекелер дары сүйкөп жатып, азыр айыгып калды. Бул үй мага жагат, бош убагыбызда телевизор көрөбүз, эшикке чыгып муз тебебиз.

ГҮЛҮМКАН АКМАТОВА, «Хадича» балдар үйүнүн жетекчиси:
– Бир туугандар келгенде мүнөздөрү аябай оор болчу. Кишилер менен такыр сүйлөшүшчү эмес, суроолорго араң жооп беришчү. Тарбиячыларга баш бербей, бир нече жолу үйүнө качып кеткен учурлары болду. Артынан барып алып келип жаттык. Азыр «жума күндөрү мечитке барып, туура таалим-тарбия алгыла деп» айтып жатам.

«БАЛДАРЫМ БАШКАЛАРДАЙ ТАМГА ТААНЫП АЛЫШСЫН»
Уулдарын карап-бакпаса да, кантсе да ата-энеси эмеспи, «үйдө калган ата-энем кантип жатышты экен?..» деп балдардын улуусу сарсанаа болуп жатты. Ал эми балдарын мынчалыкка жеткирген ата-эне кандай адамдар болду экен, буга эмне себеп болду деген сыяктуу суроолорго жооп алмакка Кара-Коо айылына бардым. Балдардын ата-энеси Туратбек Осмонов жана Гүлмира Курманалиеванын үйүн таап барганымда алар жашаган үйдө от жагылып, үй ичи жылуу, бирок үйү акталбаган, чачылган абалда экен.
ТУРАТБЕК ОСМОНОВ, атасы:
– Мен ичимдикти дайыма эмес, кез-кезде ичип койчумун. Ошол учурда балдар өздөрү ар кимдин картошкасын казып, мал кайтарып иштеп, тамак-аш таап келип жандарын багышчу. Алгач балдарым окуйбуз деп эле мектепке барып жүрүштү. Бирок кийим-кечеси жупуну болуп, балдардын арасынан басыныштыбы, айтор, кийинчерээк окубайбыз деп калышты.
Кенжебек деген баламды бир чабан «мага жардам берсин» дегенинен макул болгом. Анын акысына ун алып келип берчү. «Беш баланы бага албайсыңар, окутпайт экенсиңер» деп бизди ата-энелик укуктан ажыратып, балдарды алып коюшту.
Мурун балдарымды багайын эле деп ар кимдин коюн кайтарып иштечүмүн. Ичкиликтин айынан кимдир бирөөлөрдөн катуу таяк жеп, башымдан катуу жаракат алып, көзүм жакшы көрбөй калды (бирок айылдаштарынын айтымында, мурун деле туруктуу иштебей, кээде гана элдин кара жумушун кылып, тапканын ичип жүрчү экен). Балдарыбызды көрө элегибизге көп болду. Айрым учурда телефон менен байланышып турабыз. Алып кетсем деп ойлогон менен укугум жок да. Бир жагынан балдарым деле башкаларга окшоп тамга таанып, окуп калсын деп жатам.

ГҮЛМИРА КУРМАНАЛИЕВА, апасы:
– Кайын энем, кайын атам барда пенсия алышчу. Балдарга дагы жөлөкпул алып, жакшы эле жашачубуз. Кийин ата-энемдин көзү өтүп кетти. Паспортумду да жоготуп алып, балдарга жөлөкпул ала албай калганбыз. Чындыгында, жетпеген турмушта жашайбыз. Өзүм Талас жергесинен болом, учурда 40 жаштамын. Эки улуу кызым турмушка чыгышкан. Калгандары жалаң эркек. Дагы бир кыз төрөп алсамбы деп жакында эле 5-декабрда сегизинчи баламды төрөдүм. Бирок ал наристебиз дагы эркек болуп, бир тууган эжеме «багып ал» деп бердик.
Жолдошум арак ичкенде кээде таарынып, эки-үч айлап кыздарымдыкына кетип калчумун. Андай учурда чоңоюп калгандыктан, улуу балам Темирбек бөбөктөрүн өзү эле бакчу. Балдарымды сагындым.
Бир жагынан «балдарымды сагындым, бирок алар менен жолугууга укугум жок» деп көзүнүн жашын тыя албаган аялды көрүп, аёо сезими келди. «Ушунча баланы кантип багам деп ойлогон жоксузбу?» деген суроомо жооп бере албай, ыйлап туруп алды. «Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала» дегенге дагы бир жолу ынандым.
«Хадича» балдар үйү менчик болгондуктан, балдарды мамлекеттик балдар үйүнө жайгаштыруу керектелет. Тоң райондук «Үй-бүлө жана балдарды коргоо» бөлүмүнүн башчысы Медина Жумалиеванын айтымында, балдардын кийим-кечегин толуктап, жакын арада Ак-Суу районундагы балдар үйүнө жиберишет.

Айзат Анарбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
tea23
2013-02-04 12:02:10
segiz balany kantip bagam dedi eken? keypi alkash ele daana
0
altinim
2013-02-04 13:11:14
ээ ойлонуп торосо болмок, дагы жалан эркек бала экен кээ бироолор бир уул корсом деп зарланып жашагандар бар бироого кор бироого зар ушу экен
0
ainura220888
2013-02-05 01:41:21
ух иий кадимкидей башым ооруп чыкты тобо кылдым сегизинчи баламы тородум эле дейт. ой кудай каяка баратабыз.
0
Nur_meerim
2013-02-05 12:35:37
Энеси кок мээ болбогондо мамлекет деле "баатыр эне" деп аз да болсо акча берип турмак! Чон баласы деле иштемиш болсо тиргилиги отмок. Мээрими жок болгон учун кенжесин эжесине карматты да! Рас гана болуптур!
0
men70
2013-02-05 15:57:56
Ата-эне эч качан ташбоор эмес. Сегиз баланы бул жарык дуйного аып келди. Бирок жашоо-шарт жана ата-эненин турмуштук билимсиздиги ушундай акыбалга алып келди. Бешиктеги баланын бек болорун ким билет дегендей, бул жеткинчектер келечекте оз жолун тапкан азаматтар болушат. Ата-энесин эч куноолобостон ардактап багып алышат. Ак жол силерге!!!!
0
zzari-83
2013-02-06 00:45:11
эми тиги 5 бир туугандар дайыма бирге болуусун каалайт элем ото окунучтуу окуя экен мындайдан кудай озу сактасын жетишпеген турмуш деп шылтоолобой ата эне бир аз аракет кылса болмок алардын айынан балдар жапа чегишиптир
0
Hanzada
2013-02-06 19:04:34
Комментарийинерди норм жазгылачы Таба кылбай ар кимди
0
Bayan1982
2013-02-07 03:32:15
Эн туура кылыптыр балдар ата энесинин колунда калса туура эмес жолго тушушмок.Ата-эне бере албаган тарбияны жетекчилери уйротуп жатат.Акылдары болсо ата-энесин эч жерге таштабайт,азыр алар туура тарбия жана билим керек.
0
raia
2013-02-07 06:16:08
Атагага айла жок,энечи? Илгери согуш маалында деле энелер балдарын канатууга кактырбай ,тумшуктууга чокутпай бополоп баккан го.Эне торогонго эле эмес,бакканга туура тарбия бергенге таяр болуш керек да.Мен энеге наалат демекмин.Эне озу да эмгектенип балдарын да эмгекке тарбияласа мынчалык кыйналуу болмок эмес.Бул заманда кимге гана кыйын эмес.Эми балдары туура тарбия алып,эмгекчил болуп,бактылуу болушсун.
0
Aja
2013-02-07 23:56:14
baga albagandan kiin ne toroit anan, apasynyn meesi jokko ailanaiyn.
0
aizish
2013-02-08 08:19:33
Албетте адамдардын озунон болот дегилечи бирок... Булда Аллатааланын берген сыноосу бешенесине эмне жазылса ошону корот. Адамдардын дикийлигинен текеберчилигинен болот мындай корунуштор менимче. Ошондуктан билим алыш керек ар бир адам. Эми Кудай балдарына д.с акыл мээрим ыйман берип ата-энесинин катачылыгын кайталашпасын.
0
Kanya_Love...
2013-02-09 00:51:03
Журогум ооруп чыкты аябай. Ата-энеси тируу туруп, жетимге айланышканына куйуп кеттим. Балдарга боорум ооруп жатат. Албетте жетишпеген турмушта баардыгына кыйын дечи?! Бирок, акыл-эсти пайдаланса мынчалык кейиштуу абалга туш келишмек эмес деп ойлойм.
0
ayva
2013-02-09 14:11:53
уулдун богуна заз болуп журом. уулдарын кантип ушул акыбалда таштап койду кантип журогу чыдайт. дагы кыз болсо экен деп сегизинчисин тородум дейт сактанганды билбейм дей албай ээй бироого кор бироого зар балдар ай....кайсы жерден жудоо корсон зайыпты ошол элдин уулуна кой айыпты баарына куйоосу куноолу баарына алланын алдында озу жооп берет
0
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан