Атай Садыбакасов:«САЯСАТКА БАРАЙЫН ДЕГЕН НИЕТИМ ДА ЖОК»

«Бийлик муну жасабай жатат, аны аткарбай жатат» деп митингге чыга калууга маш болуп бүттүк. Бирок арабызда эч кимге догурунбай эле жолду жамай койгон, кар күрөй салган же жарык берүүчү лампочкалар менен жол белгилерин орноткон жарандарыбыз да бар. Анын бири – жаш активист, экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов.

– Атай, суроомду Бишкек мэриясы менен болгон кармашыңыздан баштагым келип турат. «Жарык берүүчү жабдууларды орнотууда эстеликтерге зыян келтирилди» деген шаар башчысы Иса Өмүркулов «бул акцияда вандализмдин элементтери бар» деп айтты. Иш жүзүндө кандай болду, оюңуз бүрдөтүү беле же бүлүндүрүү беле?
– Былтыркы жылдын март айынан бери «шаарды кантип жакшыртсак болот?» деген суроонун үстүндө достор менен өз ара талкуулап калчубуз. Карап көрүп, Жаш Гвардия бульвары менен Фучик сейил багын тандап алдык. Анын тегерегинде жашагандар да айтышты, өзүм деле өтүп калсам, жарыксыз турганына күбө болуп калчумун. Айрыкча Жаш Гвардия бульварынын жанында кинотеатр, окуу жай жана башка мекемелер бар. Ал райондо көбүнчө жаштар жүрөт.
Күндө жаңылыкты окусаң, үрөй учурган кылмыштарды жазышат. Уурулук, талап-тоноо, зордуктоо, өлтүрүп кетүү... Мындай криминалдык окуялар өзгөчө түнү, жарыгы жок караңгы жерде өтөт.
Бульвардын Чүй жана Киев көчөлөрүнүн арасында бир дагы лампочка күйбөгөнүн көрдүк, ал эми жалпысынан 7 квартал боюнча 8 гана лампочка иштейт экен. Мэрия боюнча, кайсы бир чечимдерибиз эстетикалык жактан туура эмес болушу мүмкүн. Фонарды орнотуу үчүн эстеликтин эң ылдыйкы жагындагы пайдубалга 5 миллиметрден ашпаган 4 тешик жасаганбыз. Мунун баары ызы-чуу жараткандыгы үчүн баарын ордуна келтирип, оңдоо иштерин жүргүзүп бүтүрдүк. Эң башкысы, биз жарык берүүчү жабдууларды орноткондон кийин ал жер мурункудай караңгы эмес, жарык болуп калган эле.
Жабдуулар жаңы технология менен жасалган, мэриянын кызматкерлери орноткон 19-кылымдагы Ильичтин лампочкалары эмес. Ага салыштырмалуу 5 эсе электр энергиясы азыраак керектелип, 3 эсе жарыгыраак болуп, 5 жылга чейин кепилдиги менен күйүп турмак.
«Бул – вандализм, бейбаштык» дешти. Эстеликти боёп койсок, ага карай бирөө түкүрсө же жанында семичке чакса да түшүнөсүң. Мен өз көзүм менен кээ бир жаштардын эстеликтин артына өтүп заара кылганын көрдүм. Алар «эч ким мени көрбөйт, бул жер караңгы» деп ойлошот.

– Мэриянын дагы кандай иштерине канааттанбайсыз?
– Шаар башчылыгы жаңы жылдык декорацияларга 4,5 миллион сом бөлдү. Ал акча орточо 100 миң доллар. Жарыкты орнотууда 1 кварталдын эки жагына лампочка коюп чыгууга 1 миң доллар кетерин билдим. Декорациянын ордуна 100 кварталды жарык кылып коюшса болмок.
Мен премьерди же президентти оңой эле алдап коюшса керек деп ойлойм. Өкмөттүн алдындагы структуралар, ошол эле мэрия жыйындарда расмий маалымат берүү менен кутулуп кетишет. «Жолго баланча тонна кум төктүк, түкүнчө короо шыпыргыч иштеп жатат, буга мынча акча кетти» дешет, туурабы? Бирок биз, шаардыктар, аны көрүп жатабызбы? Жок. Баарын бийликке шылтап коюп, «биз салык төлөп жатабыз, жасашсын» деген да болбойт. Өнүккөн өлкөлөрдө эчак эле өзү менен гана чектелбей, коомдук иштерди чогуу жасоого көнүшкөн. Мисалы, үйгө же кеңсеге караштуу жерин гана шыпырып койбой, тротуарды кошо тазалап, жарык орнотуп койсок болот.

– Ар кандай сын-пикирлерден улам мындай демилгелерди токтотуп салсамбы дей элексизби?
– Жок. Дагы пландар көп, биз баары бир жасай беребиз. Кайсы бир аткаминердин ордуна ишин жасап койгонубуз аларга жакпай калса, мени ал жагдай кызыктырбайт.

– Коомчулук сизди 3 жылдан бери тааныйт, Ысык-Көлгө келген казак туристтерге баракча таратуудан баштап... Видеокамера менен жол белгилерин орнотуу, жолдун жыртыгын жамамай, кар күрөө акциялары. Мунун баары эмнеден улам? Же саясий кызматка барууга карата даярдыкпы?
– Ачык-айкын жана так болуу үчүн айтайын. Менин саясатка барайын деген ниетим да жок. Ал үчүн өзүмдү жаш жана тажрыйбасызмын деп эсептейм. Ага дагы жашаш керек.
Саясаттан кызыктуураак миллион нерсе бар: үй-бүлө, ишкердик, жер кезүү... Бирөөнү сүйүү, сүйүктүү болуу маанилүү. Азыр мага ушулар менен алек болуу алда канча жакшыдай. Келечекте эмне болуп кетерин, айрыкча Кыргызстанда бир жылдан ашыкча убакытка план жасоонун өзү оор.
Интернеттен «сен буга чейин каякта элең?» деп сурашат. Акцияларды уюштуруу идеясы үч-төрт жыл мурун пайда болду. Мен ага чейин 25ге чыга элек кадимки жигит элем. Ар бир курактын өзүнүн керектөөсү, каалоосу болот эмеспи. Анын үстүнө апамдын президент болуп калгандыгы жана ага чоң жоопкерчилик жүктөлгөнү да кошулуп, аны оңтойсуз абалда калтырбайын дедим.

– Биринчи акция эмнеден башталды?
– 2011-жылдын жайы болчу. Апрель жана Июнь окуяларынан кийинки абал кооптуу эле. Ширин Айтматова экөөбүз Кыргызстан менен Казакстандын чек арасына барып, интернетте жарыяланган бул акцияга 50дөй адам кошулуп, чет жердик туристтерге пайдалуу маалыматтан турган баракча тараттык. Демилге жакшы кабыл алынгандыр, барган сайын туристтер өздөрү келип «президенттин уулу кана?» деп жүрүштү. Жеке өзүм апам өлкөнү башкарып турганда мен үчүн, үй-бүлөсү жана жакындары үчүн бети кызарбасын дедим.

– «Атай Садыбакасовдун акциялары – өзүн пиарлоо амалы» дегенге жообуңуз кандай?
– Андай сөздөр да бар, «бийликке жулкунуп жатат» деп да айтышат. Ооба, мен пиар жасап жатам. Бирок өзүмө эмес. Ошол акцияларда көтөрүлгөн курч маселелерге тиешелүү мекемелердин, коомчулуктун көңүлүн алымдын жетишинче бурдургум келет. Эч качан «акцияга келгиле» деп эч кимге чалган эмесмин. Болгону «Фейсбук» менен «Твиттердеги» баракчама жарыялап коюу менен чектелем. Анан журналисттерге да интервью бергенди жаман көрөм.

– Сиздин артыңыздан кандай гана кептер ээрчибеген. Ошол эле «Манас» аэропортундагы транзиттик борбордун тегерегинде же «Мегакомдон» 2 миллион доллар алып чыгып кеткен» деп айтышкан. Мындай кепти төгүнгө да чыгарып келесиз, бирок аларга каршы башка кандай чара көрөсүз?
– Эч нерсе кылбайм. Биздин тарыхта президенттин уулдары жөнүндө жаман ой-пикир калыптанып калган. Мен тууралуу деле башында жарым жылдай эч бир сөз айтылган эмес. Кийин көзүн чоңураак ачышса эле, мурунку Айдар, Максим менен куракташ Роза Отунбаеванын да уулу бар экенин эстей калышты. Бул сөздөр алардын ой жүгүртүүсүнө жараша чыгып жатат. Анын ичинен эч бири ашыкча тыйынын өлкө өнүгүүсүнө берген эмес. Алардын бештен үйү, алтыдан машинасы, жыйырмадан жан сакчысы бар. Чыңгыз Төрөкулович айткандай, алар акылы менен эмес, байлыгы менен жаркырагандар.

– Эгерде бийлик кызмат сунуштаса, кабыл алат белеңиз?
– Интернетте «мэрликке барбайсыңбы?» деп жазышат. Менде андай каалоо да, кызыгуу да жок. Кызматка мен жарыкты орнотуу үчүн бармак белем? Мен аларсыз деле муну жасай алам.

– Эми өзүңүзгө келсек. Сиз ким болуп иштейсиз?
– Апам Англияда элчи болуп жүргөндө ошол жердеги мектепти бүтүп, кийин университетке тапшыргам. Башында электрондук инженер бөлүмүндө окучумун, бир жылдан кийин банк иши жана финансы жагына которулуп, ошону аяктагам. Бирок ал билимимди жашоодо колдонбодум. Учурда шаардагы жарнама менен алектенген ири компаниялардын биринде иштейм. Чоң иштерден «Космопарк» оюн-зоок борбору биздин колдон өткөн.
Студенттик кезде болсо бармен-официант, материалдарды компьютерге басып-терип берүүчү, почтада, спорт клубунда да иштедим.

– Кичинекейиңизде тарбия иштерине ким каралашчу?
– Эжем экөөбүздү апам менен таенем чоңойтту. Туугандар көп. Андыктан бир таежемдин тамагын ичип, экинчисинин үйүндө түнөп кала берчүбүз. Апамдын жумушуна байланыштуу көп көчүп жүрдүк. Бишкекте төрөлүп, 1-класска Москвада барсам, мектеп жана студенттик курагым АКШ менен Англияда өттү. Ушул жашка чейин өмүрүмдүн жарымын сыртта өткөрүп калдым.

– Эжеңиз учурда эмне менен алек?
– Ал менден 3 жаш улуу, мен билген адамдардын эң акылдуусу, эң даанышманы, эң туура жүргөнү. Апамдын өзү. Менден жардамын аябайт, колдоосун үзбөй көрсөтөт. Мүмкүнчүлүк пайда болгон күнү ага баарын кайтаргым келет. Өзү компаниялардын биринде бизнес-аналитик болуп иштейт.

– Биздеги университеттердин бирине сабак бергениңизди уктум эле. Өзүңүз кандай бааларга окугансыз?
– Ооба, бир жыл сабак бердим. Бизнес боюнча киришүү курсун өткөм. Өзүм жалаң «5ке» окубасам да, ортодон жогору бүттүм. Мектепте тентек да, эң жакшы окуучу да эмес элем.

– Маегиңизге рахмат.

Эльвира Караева
(Сүрөттөр Атай Садыбакасовдун өздүк архивинен алынды)
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aja
2013-02-07 23:46:51
azamatsyz.
0
best-life
2013-02-09 23:52:24
показуха да чондун балдарынын мындай "иш-чаралары!"
0
altinim
2013-02-10 16:36:27
эгерде англияда,америкада чонойсо анда коз карашы чынында биздин чиндердин эрке талтандарынан айырмаланат кылган жасаганы туура эле ойдо
0
RainaDiamond
2013-02-10 23:02:06
Azamat eken uwintip biylikti karap otura berbei iwtep jatkanina chon Rahmat dew kerek!
0
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан