АЛ ЖАККА БАСПА, БУЛ ЖАКА БАС! ЖЕ ЭМНЕГЕ ТЫЮУ САЛАСЫЗ?

Үйбүлөнү «кичинекей мамлекет» деп коюшат эмеспи. Ошол мамлекет өзүнүн ички мыйзамдарысыз өкүм сүрбөйт. Жубайлардын бири-бирине тыюу салуулары да негизги мыйзамдардан экени талашсыз. Бул жолу «бири-бириңерге кандай тыюу саласыңар?» деген сурообузду куржунга салып алып, айрым үйбүлөлүү жылдыздарга конокко бардык.


Замир Арыкбаев

О-уу, Замирдин өзү айткандай, Лира жеңебизге салган тыюулары абдан көп экен. Жеңебизге спирт ичимдиктерин ичүү­гө, ушак айткандар менен сүйлөшкөнгө, чачын кыска кырктырганга, тырмагын узун өстүрүүгө, өтө боёнууга жана кыска кийинүүгө тыюу салат.


Анжелика

Анжелика жолдошу Урматты жактырып турмушка чыккан. Ошондуктан ырчы кыз жолдошунун баскан-турганын туура деп билет. «Сүйүүнүн көзү сокур» дегендей, сүйгөн адамыңдын жаман жагын эч качан байкабайт эмессиңби. Анын үстүнө Урмат 5 маал намаз окуп, Анжеликага «жаным, алтыным» деп турса, ырчы кантип ага тыюу салсын? Бирок Урмат Анжеликага «көп боёнбо, жылтырак кийим кийбе» деп талап коёт.


Бакыт Байсариев

Бийчи жигитибиз абдан «демократичный» адам. «Аялым ансыз деле идеалдуу. Ошентсе да менден суранмайынча эч жакка барбайсың деп тыюу сала берем»,- дейт Бакыт. Жубайы Наргиза болсо, бийчини «кыздарга барба!» деп көп урушат. Мунусуна караганда, Бакыт кыз жандуу көрүнөт окшойт да, ыя?..


Алина Жетигенова

Алина эжекебиз жолдошу Эржанга «элдин көзүнчө билбеген кыргызча сөзүңдү сүйлөбө» деп тыюу салат. Көрсө, орус чалыш жездебиз анча-мынча кыргызча сөздөрдүн маанисин түшүнбөй туруп эле уруп коёт окшобойбу. Ал эми жездебиз ырчынын той-топурда ашыкча күлүшүнө катуу чек коёт экен.


Съездбек Искеналиев

Съездбек келинчеги Жаркынайга 2 талапты катуу коёт. И-ий, ал кандай талап дебейсизби? Эң биринчиси, жубайы түрлөп тамак жасашы керек. Бул жаатынан жеңебиз бир да камчы салдырбайт. Ошентсе да бир жакка кетсе, кечке жоголгонун таштай албай келет. Ал эми келинчеги ырчыны «арак-шарап ичпе, айрыкча, сыра ичпе толуп кетесиң» деп тыйып турат.


Роза Шакирова

Мукам үндүү ырчы Роза жолдошу Нурсейитке жумушу бүтөрү менен кечикпей келишин күнүгө эскертип келет. Жездебиз «Когда я ем, глух и нем» деген принципти катуу кармайт окшойт. Тамак ичип отурганда Роза бир да сөз сүйлөбөшү керек экен. Анан да «баланы музыкага жакын тарбиялаба» деген катуу талабы бар. «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?» дегендей, ал ымыркай чоңойгондо ырчы болом десе, ага ата-эне да тоскоол боло албасы бышык.


Назира Айтбекова

«Жолдошума кайын журтумдун, чоочун элдин көзүнчө мени өтө эркелетип жибергенине тыюу салам», - дейт Назира. Көрсө, жолдошу эркелеткенди жакшы көрөт экен. Тескерисинче, жолдошу Искендер болсо, жумуштан келгенде Назиранын куурчактай кийинип, жакшынакай макияж менен күлүп тосуп алганын талап кылат. Ал эми халат кийип, жоолук салынып алганын көрсө кадимкидей маанайы чөгө түшөт экен.


Кубаныч Сатаев

Кубаныч жубайына «тамак-ашты кесир кылып ыргытпа» деп көп эскертет. Анан уйкучулугун койдура албай келет. Ал эми жеңебиз Кубанычка «үйгө кеч келбе, сыра ичпе» деп тыюу салат.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 344, 5-11-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан