Кылычбек Саркарбаев: «ЭРЕЖЕСИЗ ЭР УРУШТА КАЛЫСТАРДЫН ЖАРДАМЫСЫЗ ЖЕҢҮҮГӨ БОЛОТ»

Гезитибиздин версиясы боюнча «2012-жылдын супер спортчусу» наамынын ээси Кылычбек Саркарбаев менен маек курдук. Кылыч спорт тармагында баскан жолун айтып, ага кошумча башка да суроолорубузга жооп берди.

Туулган жылы – 1987-жыл, 20-январь
Туулган жери – Өзгөн району, Куршаб айылы
Бою – 187 см
Салмагы – 93 кг
Үй-бүлөлүү. Бир кыз, бир уулдун атасы. Ош шаарында жашайт.

«СПОРТТОГУ ЖОЛУМ...»
– 2002-жыл. Мен Зафар Айдаровду карап, спортко кызыгып калгам. Биринчи жолу мени Улукбек Өмүрзаков деген агабыз залга алып барып, кикбокс менен машыгып баштагам.
2005-жыл. Ошол эле Улукбек ага аркылуу «Мухаммед Умар» спорт клубунда машыга баштадым. Кикбокстон сырткары спорттун уруш түрүндөгү самбо, ушу-саньда түрлөрү менен ушул жерде тааныштым.
Ушул спорт түрлөрү боюнча спорт сүйүүчүлөр арасында, анан профессионалдык рингге 120дан ашык ирет чыктым. Анын 80 пайызын жеңип чыктым окшойт.
Үйдө 70ке жакын медалым бар. Бирок анын канчасын кайсы спорт түрлөрүнөн утканым эсимде жок.
Рашит Аманкулов экөөбүз «Мухаммед Умарга» чейин дос болчубуз. Башта ал 74 килограммда, мен 81де мушташчумун. Убакыт өтүп, азыр экөөбүз тең абсолюттук салмакта мушташып калдык. Кезек-кезеги менен бири-бирибизге жеңилип берип турабыз.
Негизи, күнүнө бир маал, мелдешке 2 ай калганда 2 маал машыгам.
Эрежесиз эр урушта бразилиялык Лиото Мачиданы баалайм.
Залкар инсаныбыз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сүйүп окуйм.
Эрежесиз эр уруштун UFC версиясы боюнча беттештердин бирин да калтырбай көрөм.
Бажыканада терминалдын директорунун орун басарымын.
Быйыл ОшМУнун юриспруденция факультетин аяктайм.
Жубайым Айгерим учурда кызым Камила менен уулум Зубайырды карап үйдө.

– Салам! Сени Кылычбек десек туура болобу же Кылыч дегенби?
– Мени бардык тааныштарым Кылыч дешет. Рингде да Кылыч деп каймана ат коюшкан. Мага айырмасы деле жок. Айрым жерлерде каймана атымды сурашат. «Кылыч» деген сөз арабча «Сайфулла» деп которулат эмеспи. Ушинтип жазгыла десем, өзбексизби деп сурап калышат.

– Жаңы жылды кандай тостуң? Негизи, эски жылга кылчайып көрдүңбү?
– Жаңы жылды жакшы тостук. 2012-жылга сереп салып көрсөм, 5 беттеш өткөрүп, баарында жеңүүчү аталыпмын. 3 жылдан бери сиздердин гезиттин версиясы боюнча талапкер болуп, «Жылдын мыкты спортчусу» наамын ушул жылы утуп кеттим. Анан да уулдуу болдум. Эңсеп келген ой-максаттардын көбү ушул жылы аткарылып, жыл ийгиликтүү болуптур...

– Жакшы. Азыр эмне менен алек болуп жүрөсүң?
– Жумуш, зал, анан үйдүн ортосунда эле жүрөм. Жакында республикалык мелдештер болот. Ошолорго даярданып жатам.

– Спорттон кол бошобойт дечи. Негизи, спорттон эмне таап, эмне жоготтуң?
– Спорттун арты менен көп жерлерге мелдештерге бардык. Жакшы дос таптым. Мен өзгөчө Кумар Жалиев менен Рашит Аманкуловду бөлүп карайт элем.

– Эрежесиз эр урушка качан, кантип аралашып калдың?
– «Мухаммед Умарда» 3 жыл машыккан соң эрежесиз эр уруш менен алектене баштадым. Кыргызстанда ушул спорт түрүн көтөргүм келди. «Эрежесиз эр уруш – спорт түрү эмес» дегендер бар. Төгүлгөн канды көрүп ушинтип ойлошот көбү. Бирок статистикага таянсак, эрежесиз эр урушта бокско караганда азыраак жаракат алышат экен. Бизде бокс же башка спорт түрлөрүндө калыстык деген жок. Калыстар таанышына тартып, жеңүүчү атап коюшат. Ошол себептүү көбү башка спорт түрүнөн ушул жакка ооп келип жатышат. Себеби эрежесиз эр урушта калыс башкага тартса да, жеңип чыгуу мүмкүн. Атаандашты канга боёбой эле, ылайыгы келсе колу-бутун кайрып жеңгим келет. Ал жерде башкы максат кан төгүү эмес, өнөр көрсөтүү да.

– Убакыт өтөт. Ал өткөн сайын кулк-мүнөз, кыял деген да өзгөрөт эмеспи. Сенин спортко аралашкан күнүң менен азыркы күнүңдө кандай айырмачылык бар?
– Ооба. Кичинекейиңде оюң да кичинекей болот эмеспи. Мен спортко кызыга баштаган жылдары чемпион болууну кыялданчумун. Азыр чемпион болдум. Эми чемпиондукту коргосом деп кыялданам. Акыл токтото баштаган сайын көп ойлонот экенсиң. Азыр көбүнчө өлкөнүн келечегин, кийинки муундарга спортко машыгууга шарттарды түзүп берүүнү ойлонуп жүрөм. Аймак-аймак, улут-улутка бөлүнүүнү ойлогонго убакыт жок. Ойлонуп сүйлөп, жоопкерчиликтүү болуп, өзүңдүн кадамдарыңды тескеп калат экенсиң.

– Атыңа байланышкан суроо берейин. Ошто эки Кылыч «разборкаларды» чечет экен. Бирөө сен, бирөө жапалактык Кылыч...
– Ээ (күлүп)? Жапалактык Кылычты тааныйм. Көп жерде анын кийлигишүүсү менен маселелер чечилет. Мен өзүбүздүн жумушка байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөм, инилерибизге көз салып турам дегендей.

– Анан да сени колдоп жүргөндөрдүн бири Ош ШИИББинин башчысы Сүйүн Өмүрзаков экени белгилүү...
– Ооба, Сүйүн ага бизди көп колдойт. Өзү милициянын полковниги. «Мухаммед Умардын» башчысы. Ал менин өкүл атам Улукбек Өмүрзаковдун агасы болот.

– Сени кумир туткандар бар да. Кайсы мүнөздөрүң менен үлгү болгуң келет?
– Бирөөгө карап түздөнүп, жакшы сапатын алуу – жакшы нерсе. Мен кезинде бирөөлөрдүн баскан-турганын, кийингенин, сүйлөгөнүн өзүмө алгым келчү. Мисалы, мен туура эмес кылсам, мага түздөнгөндөр да туура эмес кылышы мүмкүн. Демек, тамаша эмес. Ошондуктан өзүмдү такай көзөмөлгө алып турам.

– Көп жерде жеңип эле жүрөсүң. Жеңилүүнү кандай кабыл аласың?
– Спортто бирде жеңип, бирде жеңилесиң да. Бизде жеңилип калганды сөз менен басынтып, жерге киргизип салмайыбыз бар. Жеңилүү да буйрук болуш керек. Кыскасы, ал тууралуу ойлонуп кереги жок. Даярдыгың мыкты болсо, маңдайыңа эмне жазса, ошону көрөсүң да.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
jhanibek
2013-02-04 15:54:56
азаматсын Кылыч
+1
nasesha
2013-02-05 02:30:09
молодец кылыч иним дагы осо бер сыймыктанабыз
0
altinim
2013-02-05 17:35:25
акыркы кундору спорттун ушул туру популярдуу болуп баратат. Кээ бир спортчулар учун жан багуунун да жолу анан чёрныйлардын дуйносуно карай жол да болуп эсептелинет
0
sezim_osmonalieva111
2013-02-06 12:29:47
Ийгилик Кылыч.Аябай спокойный и патриот жигит экенинди билебиз.
0
biikech0
2016-11-21 16:18:59
андан бери канча убакыт отту. Дагы маалымат алгылачы. Азыр кандай болуп калды. кандай жетишкендиктерге жетишти?
0
biikech0
2016-11-21 16:19:28
Чын эле казактардын атынан да чыгып журобу? Бироосун коруп калдым
0
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан