27-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 21 жашка чейинки футболчулар арасында өтүүчү Шериктештик Кубогунун финалы орун алды. Финалда Орусия курама командасы Украинаны 4:2 эсебинде жер каратып, былтыркы чемпиондук наамын коргой алды. Эске салсак, Санкт-Петербургдун фашисттердин колунан бошотулганынын 69 жылдыгына карата уюшулган мелдеште Кыргызстан 9-орунду ээлеген. Бул орун үчүн мекендештерибиз Эстония менен ойноп, оюндун негизги убактысында 2:2 эсеби катталган. Оюндардан кийинки пенальтилер сериясында мекендештерибиз 4:3 эсебинде утуп алышты. Футболчуларыбыздан 9-орунду ээлегени, бир жагынан чемпион аталган Орусия менен тайпалык баскычта 0:0 эсебинде тең ойногону сыймык жаратты. «Өлүп» бараткан кыргыз футболу «көргө» жетпей токтоду деген пикирди айтсак, кошулат чыгарсыздар...