27-январда Австралиянын Мельбурн шаарында теннис боюнча Чоң Шлем түркүмүнө кирген Австралиянын ачык чемпиондугу жыйынтыкталды. Быйыл 101-ирет өтүп жаткан мелдеш күтүлгөндөй эле дүйнөнүн №1-ракеткаларынын жеңиши менен аяктады. Эркектер арасында жекеликтин финалында сербиялык Новак Жокович англиялык Энди Маррейди утуп (6:7, 7:6, 6:3, 6:2 эсебинде), аталган чемпиондукта 3-ирет жеңип чыкты. Ал эми айымдар арасында беларустук Виктория Азаренко финалда кытай кызы Ли Наны 4:6, 6:4, 6:3 эсеп катыштыгында жеңип, чемпиондук наамын коргоп калды.