Жаңырган жылда кыргыз бильярдчыларынан чемпион аталган алгачкысы Ызатбек Раатбеков болду. Анткени 27-январда аяктаган бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча өткөн Кыргызстандын чемпиондугунда Ызатбек чемпион аталды. Республиканын түрдүү аймактарынан келген 65 кий чеберинин ичинен финалга Ызат менен Дастан Лепшаков суурулуп чыккан. Финалдык беттеш 6:5 эсебинде Ызат Раатбековдун пайдасына чечилди. 3-орунду Зайлан Адамов менен Сапар Алыкулов бөлүшүп алышты. Ошентип, чемпион февралда Орусияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна катышуу укугуна ээ болду. Калган катышуучулар жакын арада ушул эле мелдеште көрсөткөн чеберчиликтерине карата тандалып алынат.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg