БАШ КОШКОН КҮНҮҢҮЗ ЭСИҢИЗДЕБИ

Күз айы башка мезгилдерге салыштырмалуу берекелүү, мол түшүмдүү мезгил. Ошондуктан, аш-тойлор, өзгөчө үйлөнүү-үлпөт тойлорунун көбөйүшү талашсыз. Үйлөнүү той менен кошо ак көшөгө, ак жоолук, толкуп ташыган сезимдер... адамдын эсинде түбөлүккө калат эмеспи. Ушул жаатында сахна жылдыздарыбыздын үйлөнүү тойлорун эстетсек, төмөндөгүлөр белгилүү болду.

СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ:
– 1995-жылы 15-октябрда үйлөнгөм. Нурзада экөөбүз сүйлөшкөнү­бүзгө толук 9 ай болгондо баш кошконбуз. 9 айдан кийин үйлөнгөнүмдүн себеби, атым да, фамилиям да тогуз тамгадан турат (Сыймыкбек Бейшекеев). Ошондой эле 9-сентябрда тогузунчу айда төрөлгөм.Ошондуктан, «тогуз» саны мен үчүн ыйык.
Үйлөн­гөн­дөгү бир кызык, Нурзаданы Биш­кектен Токтогулга алып кетип баратып, Төө-Ашууга жеткенде жол жаман болуп «Рафигибиз» менен тыгылып калганбыз. Биздин алдыбызда да тыгылган машиналар көп экен. Биздин «Рафиктеги» он бештей бала чогуубуз менен түшө калып, улам бир машинаны түртүшүп жардамдашып калабыз. Андан да 50 чакты адам болуп чоң «Камаздын» тыгылган жеринен түртүп чыкканыбыз эмдигиче эч эсимден кетпейт. Ошондогу күндүн суугун айтпа. Бирок, ага карабастан ал жердегилер бизди: ”Жакшылык менен баратышкан экен жолдорун тоспойлу” деп жол бошотушуп, алдыга өткөрүп жиберишкен.

ЖЫЛДЫЗ ТУТУЕВА:
– Касым экөөбүз 2002-жылы 10-августта баш кошконбуз. Эки жыл сүйлөшүп жүрүп, анан турмуш жолуна сапар тарткан элек. Ошентсе деле үйлөнүү той жакындаган сайын бизде кандайдыр бир жү­рөк­сүү болуп жатты. Анткени, мен Көлдөн, Касым Оштон болгондуктан, «эки тарап тилге келе алышабы” деп өзүбүзчө чочулап атканбыз. Бирок, тоюбуз биз чочулагандай эмес, жакшы деңгээлде өттү. Касым менин колума нике шакекти такканда ушунчалык толкунданып, сүрдөгөнүм дале эсимде.

КУБИК КАЛЫКОВ:
– 1990-жылы 2-августа Динараны 4-жолку жолугушуууда эле ала качып кеткем. Ага жараша бир аз чаң тополоң болду. Эми ал кыз намысы да. Үйлөнгөн соң, баш-аягымды жыйып,16-ноябрда Динараны өз үйүнөн салт боюнча той кылып кайра алып кеткем. “Эпос» ансам­­­­блин­де чогуу иштеген досторум Динаранын үйүнө ырдап барышкан. Кызыгы, жоро-жолдошторум “кудага демдүү баралы” деп иче беришип, мас болуп калышып, кызга бер­чү гүлдү унутуп коюшуптур.
Акыры гүлдү Динарага Жалалабаттан алып бергенбиз.

ТУРУСБЕК ЖУМАЛИЕВ:
– 1983-жылы 28-январда кыштын ызгаар чилдесинде Москва шаарында үйлөнгөм. Январь айында үйлөнгөнүмдүн себеби, элдин айтуусу боюнча ырым-жырымдарга, жылдыздар төлгөсүнө таянган элем. Анткени, жайдын жана кыш мезгилинин чилдесинде төрөлгөн бала же үйлөнгөн жаш жубайлар бактылуу болушат экен. Ошондуктан, ушул ишенимди жүрөгүмө сактап 27-январь күнү болочок жубайым Зояга келип: “Зоя, экөө­бүз эртең үйлөн­гөнү турабыз. Капа болбосоң алдын ала даярданып, кийим-кечеңди ырастап тур” десем, “Обу жоктонбочу, куру тамашалабай” деп айткан сөзүмө ишенбей койду. Качан гана Жалил деген досум экөөбүз баарын Зояга түшүн­дүргөн соң, 28-ноябрь күнү саат 12де «Бакыт үйүнө» барып никеге туруп келдик. Никеге туруп келгенден кийин экөөбүз өз-өз бөлмөбүзгө кирип баратпайбызбы! Себеби, экөөбүз тең бир жатаканада жашачубуз. Анда досум Жалил: “Эй, экөөң кайда баратасыңар? Үйлөн­дүңөр эми, бир бөлмөдө чогуу жашай баштайсыңар” деп жатпайбы. Кайра эле ал түнү уктабай 29-январда саат 6да бал айыбызды өткөрүү үчүн Москвадан Туркаветский шаарына билет алып учуп кеттик.

БОРОНЧУ КУДАЙБЕРГЕНОВ:
– Мен 1995-жылы күз мезгилинде үйлөнгөм. Чынын айтсам, кайсы айда үйлөнгөнүм эсимден чыгып кетиптир. Ырыс экөөбүз төрт жылдай сүйлө­шүп жүргөнүбүз менен үйлөнөөрдө аны ала качып кеткем. Аны «досумдун туулган күнү» деп кечиндеси биздин үйгө алдап алып барганбыз. Бирок, Ырыс эртең менен эрте 6да жумушка кетмек. Биз болсо айылды көздөй саат сегиздерде чыкмакпыз. Айла таап, саатты бир саат артка жылдырып койсом, досум да менден мурда саатты бир саат артка жыл­дырып койгон болуп чыкпаспы. Ырыс эртең менен туруп алып: “саатыңар туура эмес экен, кетем” деп чыкты. Айла жок, анысына макул болуп «жумушуңа» жет­кирип коёлу дедик. Бирок, сыртта турган машинага шар, ленталарды байлап, кооздоп, даярдап койгонбуз. Ырысты ал жерден дагы алдадык: “Бүгүн досубуз үйлөнөт, ошого камданып жатабыз” деп. Ошону менен Ырысты Жумгалдагы жумушуна «жеткирип койдук». Бирок, Ырыс Токмокко чейин “Отурбайм, сага тийбейм” деп мени да, досторумду да токмоктоп отуруп барды го, чиркин. Негизи, биз тарапка ала качылып бараткан кыздар Токмокко чейин чаң салып балдарды токмоктоп барышып, андан ары шайлары кетип калат. Ошентип, экөөбүз чыр­дашып барсак да айылдан никеге туруп той берип, элден бата алып келгенбиз. Бишкекке келгенде бул жактан орусчасынан “свадьба” өткөргөнбүз.

Даярдаган Рахбар Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rostov-on-Don
2012-11-17 01:05:15
Тобо илгеркилер тою куну суротко тушуп жатып да серезный тушушот ко бул эмнеси?Же салтбы
0
№ 202, 15-21-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан