ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН

(Башы өткөн сандарда)

Эртеси кабак-кашы түйүлүп араң турду. «Таежең Кытайга барган экен, кечээ көрсөтөм деп унутуп калыпмын, сага юбка ала келиптир» деп апасы юбка берди. Аны кийсе ичке, түз буттарына жарашып, жакшынакай болуп калды. Маанайы көтөрүңкү мектепке жөнөдү. Эрте келиптир, класста бир-эки эле классташы бар экен. Кундуз деген классташы келип, «ой-ий, жаңы алдыңбы, эй? Сонун жарашыптыр» деп комплимент айтканга үлгүрдү. «Эми чачыңды өрүп койбойсуңбу, мен өрүп берейинби?» дегенинен макул болуп чачын өрдүрүп алды. Чын эле Асман башкача татына эле. Класска бүгүн дежур болгондуктан, досканы аарчып жатат. Тилек андан көзүн албай карап турат.
– Асман.
– ...
– Бүгүн биз дежурбуз, сен досканы эле аарчып кой, калганын мен жасайм.
– ...
Кыз жооп берген жок, көңүл да бурбады. Ал ансайын Тилектин шаштысы кетип, кантип кечирим сурарын билбей убара. Сабактан чыккан соң ээрчип алды. «Кечирип койчу». Кыз үн катпайт. Болбой эле улам-улам кечирим сурап келе жатат. Бир убакта баланын ачуусу келди бейм, «чычалаган чын болот» дей салып накта балээге калды.
– Былжыраба, жогол, өч, уктуңбу?!- деп кекеткен Асман үйүнө кирип, телефонду аңдып отурат. «Мелис чалса, баарын айтам» деп жинденип алган. Акыры ал да чалды.
– Жолугалы,- деди кыз дароо эле. Ушуну эле күтүп тургандай Мелис да жетип келди жолугушчу жерге.
– Эмне ичесиң, чай, кофе?
– «Юпи» ичейинби эмне? Сок дедим го жана эле.
– Кой эми көгөрбө. Келгенден бери какшыктап сүйлөп жатасың, тынччылыкпы?
– Тынччылык эмес, Мелис, ата-энем ажырашып кеткен. Бирок мен атам менен да, апам менен да жакшымын. Алардын акыл-кебин угуп келем. Ата-энем бөлөк жашаса мен күнөөлүүмүнбү, айтчы? Анан эмне жанымды чыгарышат?- ушинткен Асмандын көзүнөн мөлтүлдөп жаш агып жатты.
– Албетте, күнөөлүү эмессиң. Ким келжиреп айтып жатат ушуну сага?- деп жигит кызды соорото албай жатты. Бир убакта «жүрү, Бишкекке барып келебиз?» деп сунуш киргизди. Бугун чыгара ыйлап алганы жакшы болуптур, зымырап машинада келе жатышат экөө. Жигит улам бир нерселерди айтып кызды күлдүрүүдө.
– Менде идея бар, киного баралы?
– Макул.
– Мамаңа айттың беле?
– Жок, «шаарга, Жылдыз эжеме барам» дегем.
– Анда кечинде жеткирип коём. Сүйлөштүк.
Асмандын биринчи жолу чыгышы, сейилдөөгө. Тилек менен кат жазышып, белек беришип эле жүрүшчү. Бирок жетелешип жүрүү, киного баруу боло элек болчу.
– ЦУМга барабыз,- деди Мелис.
Экөө дүкөн кыдырып жүрүшөт. Зер буюм саткан жерге келгенде колунан тартып токтотту кызды.
– Шакек алып берейинби? Тандаганыңды?
– Жөн турчу, үйдөгүлөр көрсө, «кайдан алдың, ким берди?» деп суракка алышат. Баарынан байкемдин тергөөсүнө туруштук берүү кыйын.
– «Күйөө балаңар белек кылды» деп ачыгын эле айт.
– Ооба сага.
Кыздын көнбөгөнүнө болбой улам бир шакекти колуна тагып, кайра чечип жигит жүрөт. Акыры Асман алтын шакекти колго тагынды.
– Рахмат. Апам – адвокатым, эжем – күбө, а байкем – тергөөчү. Баарынан коркконум байкем. Ал келгенде чечип коём.
– Эң негизгиси, адвокатың билет да биздин мамилени. Анда жакшы,- деп жооткотуп коюп экөө кафеге киришти.
Кыз-жигит улам бир сөздү айтып күлүп отурушат. Болгону, ушул кафенин администратору келгенден бери Асмандар отурган столдон көз үзбөй кароодо...
Тынчсызданган эне борбордо, жатаканада жашаган кызына телефон чалды.
– Жылдыз, Асман сага бардыбы?
– Жок, бирок өткөн жума үйгө барганда келем дегенинен макул дегем. Эмне, үйдө жокпу?
– Сабактан соң базарга келип, «шаарга барышым мүмкүн» деп акча алып кеткен. Кайда жүрөт десең, темселеген?
– Саматка угузбаңыз, жанагы жигити менен жүргөндүр да. Келет. Эми саат жети болду го.
Жылдыз апасынын көңүлүн жайгарганы менен, эненин жүрөгү опкоолжуп жатты.
– Бүгүн Бишкекте калсаң болбойбу?
– Жок, үйгө барайын. Жылдыз эжем жатаканада жашайт, мен кантип батам аларга?
– Менин квартирама барабыз. Иним экөөбүз элебиз. Үйдөгүлөр жаңы конушта, жер үйдө турушат.
– Кийинки жолу, ээ? Азыр үйгө эле жеткирип кой.
– Макул.
Жолдон кызга гүл алып берди, жанында сулуу кыз отурганына жетине албай машинаны катуу айдап баратат Мелис.
– Мелис байке, машина үйрөтчү мага,- деди бир убакта Асман.
«Бурулганда муну жандырасың, бул – тормоз, минткенде артка айдайсың. Азырынча ушул, дагы кенен үйрөтөм». Башын ийкеген Асмандын кубанычында чек жок. Баалуу белек, көңүл көтөрчү гүл, кызыктуу учур. Кеч киргенин да элес албай, улам бир жерге токтоп жыргап келатышат. «О, Кудай, маңдайыма ушундай сонун жигитти жибергениңе рахмат» деди кыз ичинен сүйүнүп. Бир убакта музыка жаңырды, кошулуп кыңылдап ырдап алды.
– Воо, аракетиң бар, акцентиң жок, жакшы ырдайт экенсиң, бирок голосуң бир аз төмөн болууда.
– Адашасың, мен деген музыкалык мектепте окугам. Кыргызча күү черткенди да билем.
– Кой, сенби? Ишенбейм.
– Ля, си, до-до, ре-ре, си-си... Бекарстан тай, чий-чий. Ойт, дыңгы-дыңгы, дыңгыдың... Асман ушинтип колу менен комуз черткенсип образга кирип Мелистин боорун эзди.
– Сен бир керемет жансың, жаным.
– Сен күү чертем десем ишенбей жатпайсыңбы. Көрдүш, кийин мен ырчы болом.
– Жоок, ушунуңа кошулбайм. Артист деген көчмөн калк, көйнөк-кечесин көтөрүп алып концертте жүрөт. Сага ошол керекпи?
– Жакшы да, күйөрмандарың көп. Сен жылдызсың...
– Сен жылдыз эмес, Асмансың, ушуну билип жүр. Андан көрө башка кесипти танда.
– Азыртан эле мени башкарып...- деп шоктонгон кыз Мелисти кытыгылап жиберди.
– Ой, жөн дейм, Асман!- деген жигит тормозду тээп калды.
– Өзүң тийиштиң, эми сениби.
Кыз машинадан чыга качып, каткырып жүрөт. Бир убакта Мелис кызды шап көтөрүп алды, чачынан искеп.
– Үф, кир самын менен жуугансыңбы башыңды?
– Өзүң айран менен жуугансыңбы, кана, жыттайынчы?
Ушинткен Асмандын жүзү албырып кетти. Бет маңдайында турган жигит ким өзү? Ысык илеби кыз жүрөгүн туйлатып жиберди. Жигиттин кучагынан бошонгон Асман машинага келип отуруп, ойлуу баратты.
– Эмне унчукпай калдың? Биринчи жолу өбүштүң да, ээ, уялып кеттиңби?
– Болду. Бул тууралуу сөз кылбайбыз. «Макул» деген жигит музыканы кыйкыртып коюп келе жатты. Караңгы эбак кирген. Өз ою менен алышып баратып МАИчинин ышкырганына карабай зуу коюп өтүп кетти.
– Азыр артыбыздан кууйт эми.
– Ким?
– МАИчилерге токтобой өтүп кеттиң. Акырын айдачы.
Жигит ого бетер катуу айдап баратып, каршысынан чыккан машинаны да көрбөй калды.
– Апа!- деп кыйкырган Асман эмне болуп кеткенин түшүнбөй калды. Эки машина кагышып, жол жээгинде турат, Мелистин чекесинен чыккан канды көргөндө кыз жүрөгү жарылып кетчүдөй кыйкырды.
– Энеңди урайындын баласы, чык сыртка! Карачы, машинамды эмне кылдың?- деп кыйкырып бир киши келди.
– Эч жериң эч нерсе болбодубу? Мен азыр...- деген Мелис чекесиндеги канды аарчып, сыртта ызылдашып жатат. Асман дале эмне болгонуна түшүнбөй отурат, обдула калам деп бутунун катуу ооруганын эми сезди. Канча аракет кылбасын буту сыздап ооруп, сыртка чыга албай отура берди. Бир убакта Мелис келди.
– Жүрү, сени бир машинага салып жиберем. Жеткирет үйүңө. Мобу кишилердин машинасын бир жаңсыл кылып, анан кетем.
– Мелис, бутум ооруп жатат.
– Бутуңа эмне болду?
Кубарган жигит дароо кыздын бутун карады. Шишип кетиптир.
– Чыгып кеткен окшойт, кечирчи. Алдымдан чыга калып, эми догурунуп жатат. Шофёр өзү эле экен десе, жанындагы досу жинге тийип... Аракет кылып көрчү, баса аласыңбы?
– Жок дебедимби, жок!- деп кыз бутунун ооруганына чыдабай ыйлап жиберди.

(Уландысы кийинки санда)

Жаңыл Калыкова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Sherik200992
2013-02-04 09:45:35
Жаман болдуго!
0
Sherik200992
2013-02-04 09:46:36
Кызыктуу чыгарма. Бугун мен биринчи окууган окшойм.
0
aliya-leyla
2013-02-04 10:47:36
дагы бир жума.........
0
N.Bakazova
2013-02-04 12:30:58
butu syndyyyyyyyyyy. . . . . . . . Kutuw kerek , kutuw kerek.
0
sumaya
2013-02-04 12:43:50
мм кутмой башталды............
0
nara.92t
2013-02-04 13:21:38
Иииий,эми эмне болот.Деги тигилер уйуно туз жеткизсе экен.:(
0
nurlan1883
2013-02-04 15:24:38
деги муну эмнеге окуп атабыз десенер бир пайдасы болду бекен?
0
bermi
2013-02-04 16:47:47
kafenin administratoru alardy emnege kechke karady boldu eken......
0
pluie
2013-02-04 19:42:53
bermi, ал дагы бир көрүп сүйүп калды болуш керек)))
0
zvezda...
2013-02-04 22:13:52
Кызыгы ээми башталды окшойт...бирок,ушу куткон эле жаман(((
0
dinar_13G
2013-02-04 23:06:10
бир коруп эле суйуп машинасына чыгып эмне болду апасына калп айты эле акыры жакшы болбоду да
0
Jetti
2013-02-05 02:34:05
aman ele bolsunhu sabagan keteinder
0
chicagogirl
2013-02-05 10:28:47
Эмне болду экен эми буту???
0
ernis_07
2013-02-06 16:49:01
chicagogirl,кыздын буту жакшы,менимче жазуучунун колу талыды окшойт
0
chicagogirl
2013-02-07 10:35:09
ernis_07, koi talybasyn a to butup kalat :))
0
altysha.kg
2013-02-06 16:58:18
Кызыктуу экен бул чыгарма качан башталдыле мен Эээми окуп жатамбы?.....же
0
nurka85
2013-02-06 17:55:12
бул чыгарманын толук китебин кайдан сатып алса болот.
0
Kg.lady
2013-02-06 22:25:09
Бул чыгарма бир ырчы айымдын турмушунан алынганбеле,,ким болдукен
0
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан