ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (4-февралдан 10-февралга чейин)

Кой (21.03-20.04)
Арт жакка кайрылып, жашооңузду таразалаңыз. Бул жашооңузду бир нукка салып, алдыга жылууга көмөкчү болот. Дүйшөмбү – оор күн. Кабарлар да, келип-кеткендер да көп болот. Шейшембиде акча боюнча чыр чыгышы күтүлүүдө. Оюңузду так айтып түшүндүрүңүз. Жума күнү чоң нерсе сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Шейшембиде туугандар менен болуп, таарыныч, жаңылыктарын угасыз. Бейшембиде сиздин санааркооңузду жокко чыгарып, сүйүктүүңүз жагымдуу сюрприз тартуулайт. Жума күнү сөзүңүзгө аяр болбосоңуз, бирөөлөрдү нааразы кылып аласыз. Ишембиде кызыктуу китеп окуп же өзгөчө тасма көрүп жан дүйнөңүз байыйт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жамаатта сиздин уюштургуч сапатыңыз керек болот жана бааланат. Гардеробду жаңылоо керек экендигин бир кечеге катышкан соң сезесиз. Тааныштар сиздин жардам менен иштерин бүтүргүлөрү келет. Убактыңызга караңыз. Айтор, бул аптада жыйнактуу, так болуп, кийинүү стилге көңүл буруу кажет.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Унутулган достор менен мамилелер жанданат. Чогуу-чаран кечеге да катышууңуз мүмкүн. Акчага үнөмдүү болуп, карызга кармата салбоо кажет. Кайтарып алуу кыйынга туруп калат. Шаршембиде шашылыш иштер чыгып, бирөөлөргө жардамга кайрыласыз. Жума күнү жакшы аян түштөрдүн бири ишке ашып кубандырат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада өзүңүздү жакшы сезбөөңүз мүмкүн. Күч келтирбей иштеп, врачка кайрылып коюңуз. Шейшемби – аласа-береселерди такташчу күн. Шаршембиде таанышыңыздын кубанычын тең бөлүшөсүз. Бейшембиде жер тилкесин же үй сатып алуу жаатында алданып калуу коркунучу бар, абайлаңыз. Жекшембиде энергияны үй жумуштарына жумшайсыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта сүйүүнү билдирүүгө, баш кошууга сунуш киргизүүгө ылайыксыз. Маселелерди чечүү үчүн мурункудан башкача жол издөө зарыл. Бейшембиде жетекчиликтин көңүлүн бурдуруп, мактоого же акчалай сыйлыкка арзыйсыз. Жума күнү эл көп топтолгон жерлерден качыңыз. Оору жуктуруп алуу же чырга аралашып калуу коркунучу бар.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сизге айрымдардын сыртын салып калганын байкайсыз. Мунун сыры эмнеде жатканын тактап, бут тосуулардын алдын алууңуз кажет. Аптада башка айыл же шаарга чыгып, андагы дос-туугандар менен көрүшүп кайтасыз. Кайсы бир маселелер менен юристке кайрылууңуз ыктымал. Жума күнү сизди кыжалат кылган чоң маселеден кутулуп, жаныңыз жай ала түшөт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Дүйшөмбүдө абдан так болбосоңуз, каржылык чыгым тартып каласыз. Шейшембиде олжолуу болосуз. Мүмкүн, туугандар азык-түлүк же акча берип жиберишет. Жума – жашооңузга өзгөрүү алып келүүчү күн. Андыктан дипломатиялык мамилени сактап, өзгөрүүгө даяр болуу кажет. Жекшембиде майда кырсыктардан сак болуңуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Шеригиңизге болгон сезимдериңиз сакталып калсын десеңиз, анда мамилени бекемдеңиз. Апта жаңы иш ордун издегенге ылайыктуу. Жан дүйнөңүз кыйналганда үйдө камалбай, досуңуз менен сыр бөлүшүңүз. Иште ички туюмуңузга, тажрыйбаңызга таяныңыз. Ансыз ийгилик жылмайбайт. Эс алуу күндөр базар кыдыруу, конок тосуу менен өтүшү күтүлүүдө.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Ден соолукту калыпка келтирүү үчүн дары чөптөрдү кошуп ванна кабыл алып же массаж жасатып, диета кармаңыз. Жаңы тааныштар маалымат алуу үчүн пайдалуу болуп чыгат. Бир калыптагы жашоого өзгөртүү киргизүү үчүн саякатка чыгыңыз. Же шаар кыдырыңыз. Жаңы идеяларды ишке ашыруу үчүн кызматтагы тааныштарга кайрылууга туура келет. Апта аягында жекече эс алууга басым жасаңыз.

Суу куяр (21.01-19.02)
Жылдыздар аптада ийгиликке жол ачып беришет. Адреналин тартуулоочу иш-чаралардан баш тартуу оң. Жаңы таанышуулар романтикалык жолугушууларга алып келет. Иммунитетти бекемдөө үчүн сейилдеңиз, спорт менен алектениңиз. Апта акырында чөйрөдөгүлөрдүн таасирине берилип кетип, душман көбөйтпөңүз.

Балык (20.02-20.03)
Иште кадр алмашуулардын болушу күтүлүүдө. Жакшы сапаттарды көрсөтүп, жаңы идеяларды айтпасаңыз, артка сүрүлүп калууңуз мүмкүн. Жеке мамилелерде сизге көз артса болот, анткени баары ойдогудай жүрүүдө. Сырткы көрүнүшкө көңүл буруп, салонго баш багууңуз ыктымал. Апта акырында бирөөлөрдүн жалган жалаа жабышына кабылууңуз ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан