Назира Бердигулова:«МЕН ПОРНОГРАФИЯ КӨРСӨТКӨН ЖОКМУН»

«Мен сүйгөн карагат» тасмасынан улам таанылып, эл арасында «карагат» атка конгон актриса жана телеалпаруучу Назира Бердигулова кумурскадай эмгектенип, өзүн бардык тармакта сынап, эксперимент кылганды жактырган айым. Дал ошол жайдары мүнөз актриса бүгүн биздин конок төрүбүздө.

– Салам, Назира. Редакциянын босогосун аттай элек жатып жумушуңдун көптүгүн айтып кейип калдың?..
-Салам, ээ, сурайсың да, туш тарапка чачырап жүргөн кезим. Жаңы эле кызымды бала бакчага алпарып келе жатам. Бир топ убакыттан бери «Манас жаңырыгы» телеканалында башкы продюсерликти аркалап келем. Бул өтө түйшүктүү, жоопкерчиликтүү иш экен. Аны менен катар «Президент жана бомж» тасмасынын экинчисинде башкы ролду аткаруудамын. Ага кошумча бир телеканалдан «Жылдыздар менен бий» өңдүү «Биз силерди сүйөбүз, аялзаты!» деген долбоорго катышып берүү сунушу түшүп жатат. Үйдүн түйшүгү, кызыма тарбия берүү, бүт менин мойнумда. Кайсы бирине жетишеримди билбей чачырап, телевидение, үй-бүлөм менен эле алпурушуп жүрөм.

– Сени эл телеалпаруучу катары көп тааныйбы же актриса катарыбы?
-Менимче, экөө бирдей эле. Кээде дүкөнгө кирип калсам «Алтынчы күнү кечинде» деп айтышат, кээде «Айдай» дешет («Мезгил жана Алыкул» тасмасындагы Айдайдын ролу үчүн), айрым жерлерде «карагат» деп таанышат. Чынын айтсам, менин жүзүм, оозумдагы меңим менде гана бар болуш керек. Ошон үчүн бат элдин эсинде калам деп ойлойм.

– Өзүңдү ар кайсы тармакта сынап, эксперимент кылганды жактырарыңды билебиз. Келечекте бир тармакты эле алып кетесиңби же баарын чогуу алып кеткенге аракет кыласыңбы?
-Мен ушундай жөн турбаган адаммын. Кудай күч-кубат берсе, баарын чогуу алып кеткенге аракет кылам. Актриса, телеалпаруучу, продюсер болдум. Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри Алиясбек Алымкуловдун колдоосу менен аялдардын колониясына, жетим балдар үйүнө, карылар үйүнө кайрымдуулук иштерин жасап, жардам көрсөтүп келдик. Келечекте саясий аброй чогултуу үчүн эмес, эл көйгөйүн чечүү үчүн Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлангым келет.
Башында продюсер болгондо ушул жумушту алып кете аламбы деген коркунуч пайда болгон. Кол алдымдагылар мени өтө катаал, агрессивдүү жетекчи катары билишет. Антпесең болбойт экен. Айрым кесиптештерим өзүнүн жумушун билбей, меникине аралашат. Ошон үчүн кээде аларга катуу айтып урушкан, стакандарды талкалаган күндөрүм болот. Бир нерсени кайра-кайра айта бергенден да тажайсың, «баягы эле койчумандын таягындай» болуп. Бирок сүйлөшө келгенде назик элемин (күлүп).

– Сага депутат Садыр Жапаровдун темир тулпар белек кылганы айтылып жүрдү эле?
-Башкаларды кандай ушак ээрчийт билбейм, бирок мени өзгөчө ушундай ушактар көп ээрчийт. Садыр Жапаровду эч бир телеканал чыгарбай жатканда, митингдин алдында биздин канал эрдик кылып чыгарган элек. Ушундан улам чыккан сөз бул. Мен анткени саясатчылар менен тыгыз иштешем, аларды берүүмдөн ырдатам, «Манас» айттырткан да күндөрүм болгон. Ушактап, репутациямды түшүрүүнү каалаган адамдар, демек, мени сыналгыдан дайыма көрүп, сынап, ар бир кадамымды байкап жүрүшөт. Алар мени сындырбай эле, тескерисинче, кайра күчтөнүп иштөөгө күч-кубат беришет. Чынын айтайын, ушактардан тажадым. Мейли, ушактап, менин күнөөмдү көтөрүп жүрө беришсин.

– Өзүң чалган номерге кайра чалып эле сени таппай калабыз. Телефон чалып тажаткандар көп окшойт да...
-Бул менин коопсуздугум үчүн гана жасалган кадам. Ар кандай адамдар болот дегендей. Телефонума чалуулар, артымдан аңдуулар болгон. Жаш болсом да, башымдан көп нерселерди өткөрдүм. Бул дүйнөдө ата-энеме, анан Кудайга эле ишенем.

– Камера алдында образга бат киресиңби?
-Көбү айтышат «сен сонун ыйлайсың» деп. Бирок чын жүрөгүңдөн ыйлабасаң, камерада жасалма экени билинип калат. Бүт баарын жүрөгүм аркылуу өткөрүп ыйлайм. Менин көңүлүмдү кирдеткен адамдар болгон. Жашоодо урулуп-согулганмын, алдадым-алдандым, ишенчээкмин, аябай көңүлүм назик. Чыгармачыл адамдардын баары ушундай болушат эмеспи. Бирок кекчилмин, эгер мага жамандык кылса, канча жыл өтпөсүн көңүлүмдө көк таштай калып калат. Берген интервьюларыма окурмандар тарабынан айтылган сындар да мага катуу тиет. «Чын эле мен ушундаймынбы?» деп жаман болом. Бирок бул мен үчүн чоң мектеп, туура сын айткандарга «көрө албайсың» деп атырылгандан көрө, өзүмдү оңдогонго аракет кылам. Жашоо ушундай татаал экен, анда баары биз каалагандай боло бербейт тура.

– «Президент жана бомж» тасмасында ойнош кыздын ролун жаратасың, мындай ролдордон кийин сын айткандар, албетте, көбөйсө керек?
-Ал тасмадагы менин образымды «ачык сцена» дешет экен. Анда «Ээнсиреген үйдөгү» эпизоддор жолдо эле калат го. Ал жерде эч кандай ачык сцена жок, мен порнография көрсөткөн жокмун. Керек болсо өбүшкөн да эмесмин. Андай ролду мен аткарбасам, башка аткарбаса, анда өсүп келаткан жаш кыздарды ким тарбиялайт? Өзүмдүн эле тааныштарым «ии, кандай экен Бек Борбиев менен өбүшкөн, муруту сайган жокпу?» деп тамашалап мени чычалатышат (каткырып). А мен фильмде өбүшмөк тургай жанына жакын отургандан жалтанчумун.

– Өзүңдү бактылуу айымдардын катарына кошосуңбу?
-Бакыттын ачкычы болбойт, анын эшиги дайыма биз үчүн ачык. Андыктан бактылуу болуш ар бир адамдын өз колунда. Ооба, мен бактылуумун, жумуштан келгенде жаркыраган кызым кучагын жайып тосуп алат. Кыйын учурларда апама телефон чалып, ыйлап жеңилдеп алам. Ата-энемдин көзү тирүү.
Мага кандай мырзалар жагат айтайынбы? Менин атамдай. Анткени ата-энем мага үлгү боло алчу үй-бүлө. Көп нерсени талап кылган, алтын, бриллиант деген айымдардан эмесмин, мага жөн гана жылуу сөз, жакшы «внимание» кылып койсо жетиштүү. Калганын баарын экөөбүз чогуу жасасак болот. Аялзаты канчалык кыйын болбойлу, эркектин кабыргасынан жаралган жан экенбиз. Жаныбызда сөзсүз таянчу, ишенчү өмүрлүк жар болуш керек.

– Өмүрлүк жар тууралуу айтып калдың, жолдошуң менен түшүнбөстүктөр болуп кеткен окшойт?
-Жеке жашоом тууралуу айтканды көп жактыра бербейм. Анткени жолдошум менен эки айры жолго түшкөнбүз. Бирок кызы менен кабарлашып, майрамдарда белек-бечкегин көтөрүп келип калат. Учурда кызымдын кылыктарына кубанып, энелик бакытка балкып турган чагым. Кызым үчүн турмушка чыкпай коюуга даярмын, ким билет, калганын келечек көрсөтөр...

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Машинаны аксессуар көргөн Назира Бердигулова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (47)
medetbek
2013-02-07 20:44:45
marko сенин созуно кошулам
0
janka87
2013-02-08 11:21:05
Сулуу аыйм экен.Иштерине ийгилик каалайм, озгочо эрдиндеги калы жакты.
0
asan91
2013-02-08 17:24:37
азаматсыз ишинизге ийгилик АЛЛАХЫМ сизге.кызынызга бакыт берсин
0
zzz---zzz
2013-02-09 11:46:09
Номерин да жазып койсонор жылы менен?
0
gulzarali
2013-02-09 17:29:51
мактанса мактанаарлык эле бар экен. Азамат алга!
0
mi-li-na
2013-02-09 23:20:05
Бул жерде анжелика сулуубу деген суроо жок экен го, аны неге кепке кошушкан дейм да)))Бул айым татына но, акча, атак учун канчалаган айымдарыбыз(ШОУдагы) эмне дебеген гана "Жертва"га барышпайт эээ атаганат ))) Эми туз журсон жетесин муратка, кыйшык журсон каласын уятка деп да коюшчу беле. Эмгектене берсен албетте анын акыбети кайтат, ийгилик болсун!
+1
ArzykulovaNURI
2013-02-10 00:30:38
Кыйынсынып катуу кеткени жаккан жок.Адам канчалык улуу болсо ошончолук жонокой болуш керек,ошондо гана эл аны сыйлайт. Тоодой иш кылса да кылгандарын менменсип миннет кылса жетишкендиктери бир пул болот го!
0
Apyz
2013-02-11 18:46:43
жакшы актриса, ишинизге ийгилик, бактылуу болун.
0
eduardali
2013-02-11 21:52:18
Санынды тим эле койбопсунда?
0
dina
2013-02-13 13:12:39
Мурдагы интервьюсуна салыштырмалуу өзүн алып отурушу, сөз байлыгы бир кыйла жогорулаптыр. Көз тийбесин, өсчү кыз экенсин.
0
larin
2013-02-24 20:28:34
азаматсын.мага жагат осо бер алгала.ушактар айтылып кала берет.
0
Aisuluu7
2013-02-25 09:54:57
Элге тааныла баштаган адамдардын артынан созсуз ушак айтылбай койбойт, анын ичинен 90%чындык 10% гана жалган болот.
0
naku86
2013-03-09 04:37:14
mmm ooba maktanchaaktai
0
sama85
2014-05-07 13:58:14
вообще не грамотная жаман озун мактайт
0
boris8907
2014-08-21 02:37:45
Мен ушу айымды жактырып калдым . Туура кичине мактанчаак корунот бирок ар бир адамдын кемчилдиги бар
0
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан