БАЛА БАТАРЕЯ, ТЫЙЫН ЖУТУП АЛСА, ӨМҮРҮНӨ КАНДАЙ КОРКУНУЧ КЕЛЕТ?

6 айлык баладан тартып 7-8 жашка чейинкилер арасында топчу, батарейка, сөөк сыяктуу заттарды жутуп алган учурлар көп кездешет. Жутулган заттар кокус дем алуу жолдоруна өтүп кетсе, балага кандай коркунуч жаратат? Булар тууралуу Бишкектеги Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасынын көкүрөк хирургия бөлүмүнүн башчысы Абдымалик Самсалиев айтып берди.

«КӨБҮНЧӨ АТА-ЭНЕЛЕРДИН ШАЛААКЫЛЫГЫ КҮНӨӨЛҮҮ»
-Врачтар бир ооздон «кичине балдар дамамат ата-эненин колу жеткидей гана аралыкта болуусу керек. Өзгөчө балдар айлана-чөйрөнү таанып, билүүгө кызыкдар кезде. Бул 6 айдан тартып 5 жашка чейинки аралык» дешет. Бул жаштагы балдардын, дегеле 7-8 жашка чейинкилер арасында түркүн заттарды жутуп алгандар көп кездешет. Мисалы, оюнчуктардын майда бөлүкчөсүн, сөйкө, оюнчук шакек, топчу, калем саптын башы, шуру, батарейка, тыйын, жүгөрү, буурчак, шуруп, ийне, ал тургай мык жана башка.
Медицинада организмге кирген мындай заттарды «чоочун денечелер» (инородное тело) деп аташат. Жана алар организмге кирип, чыкпай калса, зыяны көп. Ага болбой эле чоочун денечелерди жуткан балдар ооруканадан үзүлбөйт. Бул, чынында, көбүнчө ата-эненин шалаакылыгынан болот. Мисалы, жанынын тынчтыгын көксөп балага оюнчуктарды берет да, карабай коёт. Майда-чүйдө салынган баштыкты, кутуну баланын колу жеткидей жерге коюп коюшат. Буурчак тазалап же бир нерсе тигип жатып баласын жанына отургузуп коёт. Дүйнөнү, чөйрөнү таанууга далалат кылган бала колуна тийгенди кармалап, кызыгып, ал тургай аны оозуна да салып көрөт.
Көп учурларда жутулган бөтөн денече кызыл өңгөчтөн карынга, ичегиге өтүп, заң менен сыртка чыгат. А бирок дем алуу жолдоруна: кызыл өңгөчкө, өпкөгө, ал тургай ашказанга өтүп, чыкпай калган учурлары да кездешет. Анда баланын организмине кандай зыян келет? Ушулар тууралуу айталы.

«ЖУТУЛГАН ТЫЙЫН КЫЧКЫЛДАНЫП, ТЕГЕРЕГИН ОЮП ЖИБЕРЕТ»
-Тыйындар кызыл өңгөчкө туруп калган жана өпкөгө өтүп кеткен учурлар көп. Мурда СССРде чыгарылган тыйындардын зыяндуулугу жок болчу, баланын организминен алып чыкканда ошол жылтыраган боюнча чыкчу. Биздин тыйындардын сапаты начар болгондуктан, жутулган соң кычкылдануу жүрүп, тегерегин оюп жиберет. Көп туруп калса, тегерегин сезгентип, ириңдете баштайт. Алганда карайып чыгат. Тили чыга элек балдар сүйлөй албаганы менен, оорунун белгилеринен билсе болот. Атап айтсак, шилекейи агып, кусат, тамак ичпей ыйлайт, шалдырайт, анан дагы ичи өтүшү мүмкүн. Ушул себептүү айрымдары жугуштуу илдеттерди дарылоочу ооруканага алпарылып, дарты аныкталгыча дагы убакыт өтүп кетет. Кээде 3-4 күн, ал эмес, 1 ай өткүчөктү табылбай, анан келишет.
Биз дартты так аныктоо үчүн рентгенге салабыз. Тыйын жутулганда кызыл өңгөчкө туруп калат. Текшергенде ушундай болгону аныкталса, эзофагоскоп менен алып чыгабыз.
Ата-эне баланын тыйын жутуп жибергенин байкап калса, ошол замат баланы тизеге көмкөрөсүнөн жаткызып, башын ылдый салаңдатып, далысына ургулап чыгарууга аракеттенүүсү абзел. Эгер тыйын тамагына туруп калса, колду оозуна салып алып чыгууга мүмкүнбү, байкоо кажет. Бирок чыкпай жатса, улам колду сала берип тыйындын ары жылып кетүүсүнө жеткирбей, врачка алпарыңыз.

«БАТАРЕЯЛАР КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧТҮ КҮЙГҮЗҮП КЕТЕТ»
-Эң жаманы – батареяларды жутуп алуу. Батареялар уулуу болгондуктан, турган жерин капкара кылып күйгүзүп, көпкө туруп калса тешип жиберет. Бизге өткөндө 3 жашар кызды алып келишкен. Батарея кызыл өңгөч, ашказан, ичегилерин тешип кетиптир. Кызга абдан оор операция жасалып, эми айыгып келатат.
Дагы бир мисал, 4 ай мурун 8 айлык бала батарейка жутуп алып түштү. Оозуна салганда эле батарея жарылып кетип, кулкуну айрылып, оозунун ичи менен кызыл өңгөчү күйүп кеткен. Операция жасап, ашказанына трубка койдук. 4 айдан бери ата-энеси тамак-ашты майдалап, суюк кылып ошол трубкага куюп тамактандырып жатышат. Учурда үйүндө. Эми алып келишсе текшерип көрөбүз, кызыл өңгөчү жакшы болуп калса, өзү тамак ичип баштайт.
Андыктан жаш балдарга чоң да, топчудай майда батареяларды да карматпаңыз! Жаңысын алмаштырганда эскисин дароо таштандыга ыргытуу кажет.

СӨӨК, ИЙНЕ ЖАНА БАШКАЛАРДЫ ЖУТКАНДА...
-Сөөк жутуп алса, анда далыга, артка чапкылоого болбойт. Анткени сөөк жылып отуруп, ички органдарга кетип калышы мүмкүн. Өпкөгө өтүп кеткенде таптакыр тийбеш керек. Анткени бронхторго барып такалып, дем алуу жолдорун бүтөп, бала мерт болуп калышы ыктымал. Өпкөсүнө кеткени билинсе, анда капталынан жаткырып, ооруканага тез жеткирүү зарыл. Өпкөгө кеткендеги белгиси: бала жөтөлүп, дем ала албай кыйылдайт.
Эгер чоңураак жаңгак, жер жаңгак же төө буурчак сыяктуулар болсо, анда деле бала дем ала албай катуу кыйылдайт. Аба жетпегендиктен, баланын колу-буту тыбырчылайт. Кыйылдаганы 4-5 метрге чейин угулуп турат. Мында да дароо ооруканага жеткирүү зарыл.
Учтуу нерселерди, мисалы, мык жутуп алса, ал барып кызыл өңгөчкө туруп калат. Мындай учурларда да ооруканага шыр жеткирүү кажет. 4 жаштагы бала келди эле, мык кызыл өңгөчтөн өтүп, ашказанына барып ары жылбай туруп калган. Операция жасап аман алып калганбыз. Ийне жутуп алганда ал өпкөгө өтүп кетип, өмүргө чоң коркунуч келет. Бизге ийне жутуп алган 3 бала түшкөн. Бирине операция жасап, бронхун кесип ийнени алып чыксак, экөөсүндөгү ийнени алып чыгууда бронхоскопту колдондук.
Сентябрдан баштап калем саптардын башын жуткандар түшө баштайт. Түшүм жыйналган кезде дем алуу жолдоруна буурчак, жүгөрү, семичке кирип кеткендер келет. Мындайда дем алуу жолдоруна туруп калган дан көөп, чоңоюп кетип, дем алуу жолдорун жаап калуу, турган жерин ириңдетип жиберүү коркунучу бар.
Кичине кыздар сөйкө, шакектерди жутуп алып да түшүшөт. Эмне жутса да баланын өмүрүн тобокелге салбай, шашылыш ооруканага жеткириш керек.

СТАТИСТИКА

  • 2012-жылы бөлүмгө чоочун денечелер кызыл өңгөчүнө жана өпкөсүнө туруп калып келгендердин саны – 181.
    Мунун ичинен тыйын жутуп алгандары – 80.
    Батарея жутуп алгандары – 9.
    Калганы – шуруп, сөйкө, буурчак, оюнчуктун майда бөлүктөрүн жана башкаларды жутуп алгандар.
  • Учурда чоочун денечелерди жутуп түшкөндөрдүн саны – 3.
    Бири буурчак, экинчиси жер жаңгак жутуп алып түшсө, үчүнчүсү эттен какап, эт кызыл өңгөчүнө туруп калган.

«БАТАРЕЯ ЖУТУП АЛГАНЫ 1 АЙДАН КИЙИН БИЛИНДИ»
Биз барганда аталган ооруканага Гүлнара деген келин 1 жаш 2 айлык баласы менен жаңы жаткызылды. Сураганыбызда, ал баласы Арлен Рыспаевдин оору тарыхын төмөндөгүчө түшүндүрдү:
-Бишкекте эле жашайбыз. Арлен 1 ай мурун тамак ичпей, ооруп кыйнала баштады. Поликлиникага алпарсак, «тамагы кызарып калыптыр» деп дары-дармек жазып берди. Аны бергенден кийин деле оңолбоду. Кырылдаганы токтобогондуктан, жугуштуу оорулар ооруканасына алпарсак, «өпкөсүнө суук тийиптир» деп дарылашты. Анда деле болбоду. Бул ооруканага алып келсек, дароо рентгенге тартышты эле, жалпак, кичине батарея жутканы билинди. «Азыр операция жасайбыз» дешти.

«ЖЭЭНИМ БУУРЧАК ЖУТУП, ОПЕРАЦИЯ БОЛДУ»
2 жаштагы Тамина Дөөлөткулова деген жээнин карап жаткан Айзада буларды айтып берди:
– Тамина ата-энеси менен Бишкектин Арча-Бешик конушунда жашайт. Апасынын айтымында, өткөн ишембиде кечке маал Таминанын буурчак салынган баштык менен ойноп жатып, оозуна буурчак салып алганын көргөн экен. Анан түндөсү Тамина оор дем алып, дене табы көтөрүлүп, көкүрөгү кырылдай баштайт. Биринчи күнү врачка алпарышса, рентгенге тарттырып, буурчак өпкөсүнө өтүп кеткени билинет. Бронхоскоп менен буурчакты алып чыгышты.
Буга чейин апасы карап жатса, азыр убактылуу мен кароодомун. Таминанын абалы жакшы болуп калды.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ата-энелер, шалаакылыкка жол бербейли
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
nara.92t
2013-02-04 13:57:06
Жакшы караш керек,жалдырабай
0
Nosi
2013-02-04 14:14:51
Кудай сактасын балдарды этият кылыш керек
0
ulan9191
2013-02-05 03:09:08
Ancha myncha ashkazany kuchtuu baldar buga okshogon nerselerdi ash kylyp jiberse kerek
0
altinim
2013-02-05 17:13:48
баланын козун караган сайын назик болот дешет илгеркилер кышын жазын козу, улак, кучуктордун арасында топурак оюп чуко пуко жутуп томолонуп чалышып эле чоноюшканго эми заманга жараша адамы да самапал
0
Rostov-on-Don
2013-02-06 16:57:33
Менин кызым да 1 жарым жашында 10 копеекти жутуп алган эле сразу больницага алып барып,рентгенге тушуруп, 5 минудада эле алып коюшкан врачтар.
0
egemberdievagulbara
2013-02-19 13:22:20
МЕНИН Баламда 10копеекти жутуп алып кайра горшогуга чыгарган
+1
ledy.1993
2013-02-27 16:50:07
Супер.инфо этек кир келгенде ич,бел ооруну айыктыруунун жолдорун жазгылачы,мага медицина жардам бербей жатат.
0
admin_media
2013-02-27 16:55:20
ledy.1993,
Сунушуңузга рахмат, тийиштүү бөлүмгө кабарлап коёбуз.
0
saikal.97
2013-07-12 11:04:00
Абайлагыла,бала деген билбейтта,,,
+1
adelya05
2014-01-13 14:43:46
ох жаман болуптур.эми кичинекей баланы аператция жасайбы.байкушум десе
0
pero5184
2019-08-06 23:46:19
Кудай сактасын балапандарыбызды
0
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан