Дасторконго көрк тартуулаган, өзгөчө даамы бар ананасты ким гана билбейт. Анын экзотикалык даамы гана эмес, пайдалуу жактары да көп болгондуктан, дамамат колдонгондор жок эмес. Мунун себебин чогуу иликтеп көрөлү.
МЕКЕНИ – БРАЗИЛИЯ
Ананастын мекени – Бразилия. Кийинчерээк Африка жана Индия өлкөлөрүнө тарай баштаган. 1493-жылы экспедицияларынын биринде Христофор Колумб ананасты алгачкы ирет көрүп, «тобурчакка да, алмага да окшошуп кетет экен» деп таң калыптыр. Дал ошондон улам ананастын англисче аталышы «pineapple» (тобурчак-алма) деп аталып калган. Саякатчылардын арты менен ананас акырындап Европа, анан Азияга белгилүү болуп, кийинчерээк оранжереяларда өстүрүлө баштаган.
Азыр ананас Гавайи жана Филиппин аралдары, Австралия, Мексика, Бразилия, Африка, Индияда көп өстүрүлөт. Кыргызстанга болсо Ирандан жана Кытайдан алып келишет.
Ананастын салмагы 1-5 килограммга чейин. Курамынын 86 пайызын суу, 12-15 пайызын кант түзөт. Андан тышкары В1, В2, В12, РР, А витаминдерине, калий, темир, жез, кальций, магний сыяктуу пайдалуу заттарга жана йодго бай.
«СЫРДУУ АНАНАС» САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Ананас – 300 грамм
Сыр – 300 грамм
Сарымсак – 2-3 баш
Майонез – 100-150 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Ананасты чарчы формада туурап алуу керек.
2. Сырды сүргүчтөн өткөрүп алабыз.
3. Сыр менен ананасты аралаштырып, ага жанчылып, майдаланган сарымсак кошулат.
4. Майонез кошуп бардык азыктарды аралаштырабыз.
5. Даяр болгон салатты идишке салып, дасторконго коё берсе болот.
АРЫКТАТУУЧУ, АНЕМИЯНЫН АЛДЫН АЛУУЧУ КАСИЕТИ БАР
Касиеттери төмөнкүдөй:
СЕПКИЛДИ КЕТИРЕТ
БААЛУУ ДЕСЕРТ
Адатта, ананас десерт катары тамактын аягында берилет. Жегенге ылайыктуу кылып кесүүнүн варианттары бар:
1. Эки бөлүккө бөлүп, ортосун оюп алуу керек. Андан соң ананас жана башка жемиштерди аралаштырып, кабыгын тарелканын ордуна колдонууга мүмкүн. Мындай өзгөчө табак дасторконуңузга экзотикалык шаң тартуулап, өзгөчө кооздук берет.
2. Сабагын кесип алган соң калыңдыгын 2-3 сантиметр кылып туурап алыңыз. Андан кийин кабыгынан арылтып, ортосун көзөп, тарелкага салууга болот.
Кыскасы, ар кожойке өз фантазиясына жараша ар түрдүүчө кесип, идишке каалагандай жайгаштырууга мүмкүн.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg