2013-жылдын 29-январь күнү болжол менен саат 19:50 чамасында Кемин районунда Бишкек-Торугарт жолунун 79-чакырымында бир канча адам өмүрүн алып тынган кандуу кырсык катталды. Тагыраак айтканда, Хонда Одиссей, ВАЗ-2107, Фольксваген Пассат, Хонда Степваген жана Мерседес 230 үлгүсүндөгү 5 автоунаа бири-бирин сүзүп, жыйынтыгында 5 киши каза таап, 4 киши жаракат алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Азыр жол кырсыгы эмнеден улам келип чыккандыгы такталууда.