2013-жылдын 28-январь күнү Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылынын Ленин көчөсүндөгү үйлөрдүн бири күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, тилсиз жоодон улам үйдүн 2,5 чарчы метр жери жана бөлмө ичиндеги буюмдар күлгө айланган. Өрт өчкөн соң окуя болгон жерден 1976-жылы туулган Ч.Анын жансыз, өрттөнгөн сөөгү табылган. Алдын ала иликтөөлөргө караганда, өрт тамекини абайлабай тартуудан улам келип чыккан экен.