КАРАКЧЫ КАРМАЛДЫ

Чүй облусундагы Аламүдүн айылынын тургуну, 31 жаштагы айым 2012-жылдын ноябрь айында милицияга арыз менен кайрылган. Көрсө, түн ортосунда 37 жаштагы ошол эле айылдын жашоочусу, Баткен облусунун тургуну Х.Унун үйүнө азиат түспөлүндөгү белгисиз 3 адам кирип келип тапанча жана газ баллон менен коркутуп, кожоюнду сабап, андан соң 2 миң долларын жана 2 үй телефонун алып из жашырышкан.
Бул иш боюнча КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча иш козголуп, 29-январь күнү кылмышка шектүү 29 жаштагы Т.Н. колго түштү. Кылмышка шектүүнүн мурда 3 жолу темир тор артына отуруп чыкканы белгилүү болду. Учурда тергөө жүрүүдө жана анын шериктери изделүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан