Мирбек Атабековдун «Сагынган кезде», Бегиш менен Көчө акыны ырдаган «Акыркы кат» аттуу клиптерден коңур үндүү ырчы кыз обон созуп калганын угуп-көрүп жүрсөңүз керек. Ал – Назгүл Токтакунова. Анда Назгүл менен кененирээк таанышалы.
НАЗГҮЛ ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Токтакунова Назгүл Дүйшөналиевна
Туулган жылы – 1987-жыл, 23-март
Туулган жери – Бишкек шаары
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын кичүүсү
Лакап аты – Сарышка
Бою – 165 см
Салмагы – 55 кг
Билими – БГУнун экономика факультетинин финансы-кредит бөлүмүн бүтүргөн
– Назгүл, ырчылыкка кандайча келип калгансың?
– Кичине кезимден эле ырга кызыгуум бар болчу. Үйдөгүлөр менен конокко барып калганда элдин алдында тартынбай ырдап-бийлей берчүмүн. Ошентип жүрүп 16 жашымда «Великий дворник» деген топко кабыл алынып, ошондон баштап сахнага кадам таштадым десем болот. Бирок мен ырчылыкты өмүрүм өткөнчө кесип кылгым келбейт, хобби катары гана карайм.
– Кичинекей Назгүл кандай кыз болгон?
– Ата-энемдин айтуусу боюнча, аябай эле тентек болуптур. Бир орунда тынч отура албаганымдан улам го, мени узун жип менен үйдү жылытуучу батареяга байлап коюшчу экен. Азыр күлүп эстеп калышат, «байлап койсок да тырмышып жатып жипти чечип алчусуң» деп.
– Көбүнчө ырчылар менен дуэт ырдап келесиң. Сени жеке ырчы катары качан көрө алабыз?
– Ооба, ушул сөздү ата-энем, досторум, тааныштарымдын баары айтышат. Буюрса, быйыл жаңы ырларды жаздырып, клип тарттырып, өзүнчө ырдап чыгайын деп жатам. Чынын айтсам, ушул кезге чейин атактуу болуу деген ой менде жашаган эмес. Мунун баары жөн гана өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн жасала турган иштер.
– Музыкалык билим алгансыңбы?
– Музыкалык билимим жок.
– Ырсыз жашооңду элестете аласыңбы?
– Элестете алам. Ашып кетсе 5 жыл ырдайм да, андан кийин өзүмдү башка тармактан сынап көрөм. Анткени келечекте турмушка чыгып, жубай болом дегендей. Анан үй-бүлөлүү болгондон кийин күнү-түнү үй бетин көрбөй ырдап жүргөнүм эч кимге жакпаса керек. Өзүм ырдабай калганда жаш ырчыларга продюсерлик кылгым келет.
– Ырчылыктан тышкары эмне менен алектенесиң?
– Негизи, менин жашоом музыка менен тыгыз байланышта десем болот. «Великий дворник» тобу тарагандан бери кафеде ырдап келем. Анан орусча ырларды жазам, обон чыгарам дегендей.
– Бош убактыңды кантип өткөрөсүң?
– Чынын айтсам, бошой калсам эле уктайм.
– Тойлорго да чакыруу алсаң керек. Ставкаң канча?
– Албетте, чакырышат. Биринчи эмне болгон той экенин сурап, ал жакка ырым туура келеби, ошону билип туруп, анан барам. Ал эми баасы 500 доллардан жогору.
– Сенин оюңча, кыргыз шоу-бизнесинин учурдагы абалы кандай?
– Эми мындан 10 жыл мурунку учурга салыштырмалуу жакшы эле деңгээлде. Бирок ырдай алганы да, ырдай албаганы да чыгып жатканына кошулам. Бир-эки ыр жазып, сапатсыз клип тартып коюп эле өзүн жылдыз сезгендерге таң калам. Ырчы ырдап эле койбостон, бардык жагынан өзүн тарбиялашы керек. Биринчиден, сырткы көрүнүшүнө көңүл бурса, андан да олуттуусу анын ички дүйнөсү болушу кажет. Башкача айтканда, өзүн ырчы деген атка татыктуу алып жүрүшсө деген ой.
– Кайсы ырчылардын чыгармачылыгын баалайсың да, кимдерге сын айтар элең?
– Өзүмдүн оюмду айтсам, Арсен, Мирбек Атабеков, Омар, Гүлжигит Калыковдун чыгармачылыгына, талантына аябай баа берем. Буларды мен чыныгы таланттуу, өз ишин билген мыкты жигиттер деп билем. Эч бир үнү жок эле чыгып жаткандар да толтура. Бирок мен алардын ар биринин атын атап, таарынткым келбейт. Адамдын өзүнө билинет да, аткарып жаткан ишинин жыйынтыгы барбы, жокпу, ошону эске алып, дайыма өзүн сындай билиши керек.
– Ырчы Айбек Замирбек уулу экөөңөрдү кыз-жигит деп угабыз...
– Жок, андай эмес. Бул сөз экөөбүз чогуу түшкөн сүрөттөн улам чыгып кетиптир. Мен антип Мирбек, Арсен менен деле сүрөткө түшөм. Алардын баары менин жакын досторум. А өзүмдүн жүрөгүм бош.
Асел Асанова
star@super.kg