Омар:«МАИЧИЛЕР ТОЮМДА ЫРДАП КЕТЕСИҢ ДЕП КОЁ БЕРИШЕТ»

Машинаң болсо, албетте, абдан жакшы. Анткени унаа бара турган жериңе тез жеткирип, иштериңдин бат бүтүшүнө өбөлгө эмеспи. Бирок бензинди көп коротуп, кээде «характерин» көрсөтүп бузулуп, орто жолго таштап койгон учурлары да болот. «Рулдагы жылдыз» рубрикабыздын бүгүнкү каарманы Омар ооруп жатканына карабай келип, темир тулпары тууралуу кызыктар менен бөлүшүп, кыскача маек куруп берди.

Үлгүсү – Lexus
Модели – RX 330
Эң жогорку ылдамдыгы – 240 чакырым/саат
Кыймылдаткычынын көлөмү – 3.3
Түсү – Кара
Чыккан жылы – 2004-жыл
Баасы – 20 миң доллар

– Омар, канча жашыңдан баштап рулдасың?
– Кичинемде атам астына отургузуп алып, газ менен педалды өзү басып, рулду болсо мага карматып коёр эле. Ошентип жүрүп 6-классымда өзүм рулду башкарганды үйрөнгөм.

– Алгачкы унааң кайсы үлгүдө болгон?
– Үлгүсү Ауди 100 болчу. Аны 18 жашымда, өзүм чогулткан акчага сатып алгам.

– Негизи, сага кандай машиналар жагат?
– Жактырган машиналар көп эле. Акчасы да асмандын башы. Ошолордун бирин атай кетсем, Rolls-Royce Phantom. Кыялымда ушул машинага жетсем экен дейм. Ал абдан күчтүү машиналардын катарына кирет.

– Темир тулпар аларда эмнесине биринчи көңүл бурасың?
– Албетте, биз эми заводдон жаңы чыккан машиналарды сатып ала албайбыз. Ошентсе да, биринчи кезекте жакшы жүрөбү, сүзүлбөгөнбү, ошонусуна көңүл бурам.

– Учурда Lexus айдап жүрүптүрсүң. Муну кандай өзгөчөлүктөрүнө карап тандап алдың?
– Кыргызстандын аңгыл-дөңгүл көчөлөрүнө ылайыктап, атайын ушул көлөмү чоң, асты бийик машинаны тандап алгам. Анан да Lexus`тун түзүлүшү аябай жагат. Бул менин алмаштыргыс «досум». Анткени кайсы гана учур болбосун, иштеримди тез арада бүтүрүүдө эң чоң жардамчым, колдоочум десем да болот. Рахмат айтам ага учурдан пайдаланып, тфү-тфү, көз тийбесин.

– Буга чейин канча машина алмаштырдың эле?
– Азыркы темир тулпарым жетинчим. Буга чейин алты машина алмаштырыптырмын.

– Күнүнө бензинге канча акча коротосуң?
– Чынын айтсам, жумушума, окуума байланыштуу жашоомдун жарымы эле машинада өтөт. Ошол себептен күнүнө 1000 сомго күйүүчү май куюлат.

– Машинаңа кантип кам көрөсүң?
– Мен кандай машина албайын, алгач химиялык тазалоодон өткөрүп, полировкага берем. Буга да ошондой камылга көргөм. Анан да унаамдын ичинде такай дары-дармек кутусу, атайын унаа жуучу шампунь, дегеле машинага керектелүүчү шаймандардын баары бар. Анткени мурун машина жуучу жайда иштечүмүн. Ошондо өзүмө сөз бергем, «кийин унаалуу болгондо керектүү каражаттардын баарын алып жүрөм» деп.

– Машинаңды өзүң эле жууп аласыңбы же болбосо сөзсүз унаа жуучу жайлардын кызматынан пайдаланасыңбы?
– Кээде күндүн ысык-суугуна карабай өзүм эле жууп алган учурлар болот. Бирок көпчүлүк учурда унаа жуучу жайлардын кызматынан пайдаланам.

– Коомдук транспортко түшүп калган учурларың болобу?
– Ооба. Акыркы жолу 2012-жылдын күзүндө троллейбуска түштүм. №5-Улуттук компьютердик гимназияда окуган эмесминби. Ошол күндөрүмдү сагынсам керек, троллейбуска түшүп алып дайыма өтүп жүрчү көчөлөргө бир көз чаптырып чыктым. Башкача айтканда, экскурсия кылдым. Эми машина менен жүрүү жумушума байланыштуу болуп жатпайбы, болбосо коомдук транспортто эле жүрсөм керек.

– Ырчы жигит жол эрежесин сактайт болду бекен?
– Ачыгын айтыш керек, жогорку ылдамдыкта айдаганды аябай жакшы көрөм. Ошондуктан эрежени бузуп, МАИ кызматкерлерине кармалган күндөрүм көп эле болот.

– Мындай учурларда атактуулугуңдун пайдасы да тийсе керек...
– Көпчүлүк учурда мени таанышып, «жакында той берем, ошондо келип ырдап кетесиң» деп коё беришет. Кээде болсо «сен ырчы болсоң, мен да өзүмдүн ишимди аткарып жатам» деп катуу эле айтып, айдоочулук күбөлүгүмдү алып, айып пул салышат.

– Кырсык каш-кабактын ортосунда. Жол азабына кабылгансыңбы?
– Mersedes үлгүсүндөгү машинамды алганда беш күндөн кийин эле жол кырсыгына кабылып, бирок «дөөтү колдойт» деп коюшат го, оор жаракат алган эмесмин.

– Унааңа байланыштуу эсте калган окуя...
– Мурунку бир машинамдын эшиги жакшы иштечү эмес. Бир жолу тааныш кызымды кафеге чакырып, анан тамактанып чыгып машинага отуралы десек ачылбайт. Анан айла жок аны таксиге салып, өзүм атайын кызматкерлерди чакырып, эшигин ачтыргам.

– Эгер машинаң бузулуп калса, өзүң оңдой аласыңбы?
– Жок, оңдой албайм.

– Рулдагы айымдарга көз карашың...
– Түз эле көз караштамын. Башка өлкөлөрдүн айымдарынан биздикилердин эмнеси кем? Бирок айым болгондон кийин бир аз абайлап айдашат эмеспи. Ошондуктан кээде жолдо ыңгайсыздык жараткан учурлар болот. Андайда эптеп андан ашып өтүп, айым экенин көрүп, анан түшүнөсүң.

– «Мырзалар өздөрүнүн айымдарына караганда машинасына көбүрөөк көңүл бөлүшөт» деп айтып калышат. Бул ойго кошуласыңбы?
– Болушу мүмкүн. Мындай сөз машинага абдан кызыкдар болуп, коллекция кылгандарга мүнөздүү го дейм. Андайлар көбүнчө чет өлкөлөрдө кездешет. Биздикилерде болсо, чектен ашып техникага кызыккан мырзаларга карата жубайларынын тамашалап айтып койгон сөзү болсо керек.

– Маегиңе рахмат.

Асел Асанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Esenbekovich
2013-02-04 18:58:13
Омар эн жонокой суйлогон ырчы да.. башка ырчылар чынында "москвич" минсе, LX 470 минип журом деп))) Respect тебе Омар!
+1
aika2009
2013-02-05 02:30:32
молоток омарчик!темир тулпар кут болсун!!!адам баласы лимузин минсе да жонокойлук сыпат дайыма болуш к-к!!!сенде бул барбы жокбу билбейм,камерада кандай суйлосон ошондой болуп жур демекчимин!
+1
best-life
2013-02-10 00:05:45
Омар ырчы коп эле жонокой корунумуш болгондорго караганда жопжонокой да ээ )))
0
ZarinaSM
2013-02-10 21:55:33
мен каалаган машинаны Оомар айдап журот
0
fayzi
2013-02-15 22:46:10
Lexus машинасыда жакшы!торт донгологунон шамал отуп журо берсин..мен ойлойм эн ынгайлуу машина волсваген passat.
0
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан