«БЕТМЕ-БЕТТЕГИ» ЫСМАЙЫЛ ЧЫН ЭЛЕ УУРУ БОЛГОНБУ?

Чыңгыз Айтматовдун каармандарын кимдер гана изилдеп, кимдер гана тасмага түшүрбөгөн. Эчен жылдар унутулбай эл оозунда айтылып келген залкардын каармандарынын бири – «Бетме-беттеги» Ысмайыл. Анын прототибинин кылык-жоруктары, адамдык сапаттары туурасында алардын үй-бүлөсү, айылдаштары менен пикир алыштык.

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВГО ТААРЫНГАН ЫСМАЙЫЛ
Ооба, «Бетме-бет» чыгармасы өз кезегинде адабий сынчылар тарабынан көп сынга алынган. Чындыгында, ошол кездеги кырдаалда согуштан качкан адамды, ууруну батынып чыгармада чагылдыруу оңой болгон эмес. Чыгарма алгач жарык көргөндө Ысмайыл Чыңгызга нааразы болуп, ал айылга келгенде ичиндеги ызасын билдирген дешет. Бирок кийинчерээк бул чыгарма оңдолуп, кайра басылгандан кийин Ысмайыл теңтуштарына «жазуучу үкөмө ыраазымын. Мени мурда Шекердин элинен башка киши таанычу эмес эле. Бул чыгарма ар кыл тилдерге которулуп, дүйнө элине таанылып отурам» деп айтканы бар экен.

АТАКТУУ УУРУ ЖАШЫНГАН ҮҢКҮРЛӨР
Учурда Ысмайыл жашынган үңкүрлөрдүн кээ бири бар болсо, айрымдары жер менен жексен болуп кетиптир. «Бетме-бет» повестинин негизинде тасма тартып жүргөн топ Ысмайылдын өзүнөн жашынган үңкүрлөрүн сурашканда аларга көрсөтүп, «мен жашынып жүргөндө үч эшиги бар эле. Бирөө бет маңдайда, экөө капталдарында болчу. Кадимки үйдөй эле. Эки капталы бүтөлүп калган тура» деп күлдүргөнү айтылат.
Шекердин тургундарынан каарман тууралуу сураганымда, бир жылмайып алышарын байкадым. Көрсө, Ысмайыл шайыр, ачык, шаан-шөкөттү, ичип-жегенди жакшы көргөн адам болгон тура. Аны көрүп-билген айыл аксакалдары да «Ысмайыл жаны чыгып баратканда да «алып кел бир стакан» деп 100 граммды жутуп ийип, анан жан берген» деп куудулдук жагын эскерип өтүштү.
Алардын бул сөзүнөн кийин «эгерде ууру болуп чыгармага жазылбаганда, куудул катары баары бир тарыхта калмак экен» деген ой келди.

ЖАПАРБЕК ДООСАЛИЕВ, Чыңгыз Айтматовдун жээни:
«ЧЫҢГЫЗ, МЕНИН УУРУЛУГУМДУ ЖАЗЫП ДҮЙНӨГӨ ТААНЫЛДЫҢ ДЕГЕН»
-Ысмайыл абдан жоомарт, эркиндикти сүйгөн адам эле. Согуштан эмне болуп качканы туурасында кийин бир сырын ачып, «Орусиянын Харьков деген шаарында катуу согуш болду. Атылган октон, түшкөн бомбадан орусу да, кыргызы да, немиси да кырылып калды. Ошондо эки жагымды карап, биздин айылдык Жолдошбек аттуу жигитти көрдүм. Ага дароо «Жоке, качпасак болбойт, өлүп калабыз» дедим. Жашоо ошого түртөт экен. Кереги тиер деген ой менен каза болгон аскерлердин жылтырак-жултурактарын чогултуп алып жолго түштүк. Батыш-чыгышты боолголоп жүрүп отуруп, Волга, Днепр дарыяларына жетип келдик. Баягы жылтырак-жултурактарды орустардын мужуктарына берип, алардын кайыгы менен дарыялардан өтүп, эптеп Кыргызстанга кайтып келдик. Келип, качкын атка кондук» деп айткан эле.
Келгенден кийин да ачкадан азып-тозгон айыл элин коңшу казактын бештен-ондон койлорун айдап келип багып турган. Соттолуп келгенден кийин кайрадан үйлөнүп, түз жолго түшүп, өмүр бою колхоздун малын багып, өзү сүйгөн тоо-ташта туруп калды. Бир жолу Чыңгыз айылга келгенде «үкөм, сен менин уурулугумду жазып дүйнөгө таанылдың. Эми мени пенсияга чыгартып карызыңдан кутул» деп элдин боорун эзгени да бар.

АКБАР СЕЙИТАЛИЕВА, Ысмайылдын кызы:
«АТАМ УУРУЛУГУМДУ ТАРТА КӨРБӨГҮЛӨ ДЕЧҮ»
-Атам аябай тамашакөй, ичине кир сактабаган, болгонун болгондой балп эттирип айтып салган жан эле. Уурулукту бала чагында айылдагы Жуманаалы деген кишиден үйрөнгөн экен. Ошол кезде элди ачарчылык, жокчулук басып, жээрге тамак издеп калган мезгил болуптур. Кара курсактын айынан атам ал кишиге кошулуп коңшу казактардын малына уурулукка барышчу тура. Көк-Сайдын жогору жагында Кайнар деген айыл бар. Атам уурдап келген малы менен ошол айылды багыптыр. «Олжолуу кайтканда айыл эли табактарын көтөрүп кадимкидей кезекке турушчу» деп айтып калышчу айыл аксакалдары.
1997-жылы атам каза болгондо «Ысмакемдин жакшылыгын кантип унутта калтыралы? Эч болбосо мүрзөсүнө көтөрүп барып карызыбыздан кутулалы» деп айыл аксакалдары сөөгүн көтөрүп жөнөшкөнүнө өзүм күбө болгом. Бизге да «менин башка жагымды тартсаңар тарткыла, бирок уурулугумду тарта көрбөгүлө. Мен жокчулуктун айынан аргасыз уурулукка баргам» деп көп айтар эле.
Атамды согуштан качып келип бул өрөөндөгү үңкүрлөрдө жашынып жүргөн жеринен биринчи аялы карматып берген дешет. Түрмөдө 20 жылдай отуруп келип, анан менин апама баш кошкон экен. Байбичеден үчөө, менин апамдан бешөө болуп, баарыбызды кошкондо сегиз бир тууганбыз. Эсимде, кээде үйдө анча-мынча кер-мур болуп кеткенде апам «ал аялыңа неге барасың?! Ал сени орустарга салып бербеди беле?» деп урушуп калар эле. Анда атам «мен балдарыма барып жатам. Алар да менин үй-бүлөм» деп басып кетчү.
Ал кезде мен жаш элем. Эмне деп жатканын көп элес ала бербептирмин. Атам баарыбызга бирдей кам көрүп, катуу тартипте кармагандыктанбы, бөлүнбөй, бир эненин балдарындай ынтымактуу чоңойдук. Алар Кайнардан биздикине, Көк-Сайга конокко келишет. Кээде конуп кетишчү. Азыр да кадимкидей эле киришип-чыгышып, ал-жай сурашып турабыз. Бизде бөлүнүп-жарылуу деген эч качан болгон эмес. Атам өзү үч бир тууган. Алардын да экиден аялдары бар эле. Атам «ой, балдарым, биз илгери экиден аял алып, экөөнү тең бакчубуз. Менин анымды да туурай көрбөгүлө. Силердин чамаңар бир аялды түгөл камсыздоого араң жетет» деп айтып күлдүрүп калчу.

Жокчулуктун айынан уурулук кылган адам болсо да, балдарын туура жолго салып, өз ак эмгеги менен нан табууга тарбиялаган айтылуу Ысмайылдын тарыхы ушундай, окурман. Ал кишинин бала-чакасы учурда Шекер, Көк-Сай айылдарында тамырын кенен жайып отурукташып калышкан. Тилекке каршы, уулдарына кезигип, маектеше алган жокпуз. Барганыбызда балдарынын улуусу Жапар мырза иштери менен токойдогу үйүнө кетиптир.
Адам баласы кандай ката кетирген күндө да эгер адам болом десе, катасын мойнуна алып, кечирим сурап, жазасын өтөп, калк кадырлаган татыктуу адамдардын бирине айлана алат. Бул адамдын өз колунда экендигин биле жүрсөк деген ой менен макалабызды жыйынтыктайбыз
.

Нургүл Чабдарова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Nur_meerim
2013-02-05 14:11:23
Жакшы эле киши окшойт эле байкуш... Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
0
Debi
2013-02-05 23:59:36
Бусурман Одуракаевден маек көргүм келибатат.
0
Debi
2013-02-06 00:00:33
Бетме беттин киносунда Ысмайылдын качып келгенин актагандай сюжеттер бар.
0
abu_kg
2013-02-11 00:23:15
Бул да болсо Чынгыз атанын таланты менен таанылып, ошол аркылуу элдин учурундагы муктаждыгы, жашоо шарты чагылдырылган!
0
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан