АНЖЕЛИКА АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВАДАН КЕЧИРИМ СУРАПТЫР

Шоу чөйрөдө «Анжелика Айчүрөк Иманалиеванын үйүнө барып кечирим сураптыр» деген сөз шамалдай тарап, кызуу талкууга алынып жаткан учур. Бул кептин чын-бышыгын билүү максатында Айчүрөк Иманалиевага байланыштык. Ырчы айым: «Ооба, Анжелика күйөөсү менен түндө үйгө келип кечирим сурап кетишти. «Мен жаштык кылып койгон экенмин, баарын эми түшүнүп отурам. Өзүмдү сиздин алдыңызда 100 пайыз күнөөлүү сезем, мени кечириңиз» деди.
Чынын айтсам, өткөн каргашалуу күндөрдү эстегим да келбейт. Үй-бүлөм, бала-бакырам канчалык кыйынчылыктарды башынан өткөрсө да, бул окуяга сабырдуулук менен мамиле кылгам. Мен азырынча бул тууралуу эч нерсе дей албайм, мүмкүн, Анжелика жаштык кылгандыр. Мага убакыт керек»,- деп билдирди.
Бул боюнча Анжеликанын оюн билүү үчүн ырчыга байланышсак, ал: «Күзүндө эле эжеге барып сүйлөшүш керек деп жүргөм. Анан убакыт-сааты келген экен, өткөн жумада, жолдошум жумуштан келгенде таттууларды көтөрүп алып бардык. Таңкы 4-5ке чейин отуруп, жакшы сүйлөштүк, эженин ою жакшы экен. Ким гана катачылык кылбайт, бизден ката кетсе, кечириңиз дедим. Үй-бүлөлүк мамиле кылып, эже менен катташкым келет. Алысыраак адам болсо да билинбейт эле. Эже менен таарынышып, эки жылдай сүйлөшпөй калганым жүрөгүмдү өйүп эле тура берчү»,- деп устатынан кечирим сураганын тастыктады.
Анжелика эмне иш боюнча устатынан кечирим сурашы мүмкүн? Айчүрөк Иманалиеванын «ал каргашалуу күндөрдү эстегим да келбейт» дегенинен улам мындан эки-үч жыл мурунку окуялар эске түштү. Белгисиз эргулдар Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиеванын өмүрүнө кол салып, үйүнө кире берерде подъездден сабап, бала-чакасын кошуп катуу коркутушканы, машинасын талкалап кетишкени тууралуу маалыматтар айтылган. Ошондо бул окуяны Анжелика менен Айчүрөк Иманалиеванын ортосундагы келишпестиктерге байланыштырышкан эле шоу чөйрөдөгүлөр. Анжелика ушул окуяга байланыштуу кечирим сурадыбы? Чын эле ошол ишти уюштурган беле? Балким, башка пикир келишпестиктерден улам кечирим сурагандыр...

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (69)
Kyzsaikal
2013-02-06 17:54:57
гордость высокомерность кармаган адам ал адам эмес.кичи пейил сабырдуулукка конолу адамдаарр!!!
0
Xana
2013-02-06 18:49:26
Айчурок эже Анжеликаны чыгарбаса анын шоу бизнесте духу да болмок эмес.Айчурок эженин аркасынан Анжелика деп аты чыккан.
+2
asel86
2013-02-07 01:58:59
Айчурок эже эмнеге дароо эле кечириш керек Назира деле тамашаны кечирбей журбойбу ага караганда бул жерже оор болуп жатпайбы уйбулосу да коркунучта болуп
0
_xXx_
2013-02-07 04:10:24
asel86, кайдагыны баштабай жон турсан! Таш боор неме окшойсун.
+1
asel86
2013-02-07 17:59:30
_xXx_, мен таш боор экенимди кайдан билдин мен бир нерсени билген учун жазып жатам
0
Prokuror
2013-02-07 14:56:13
Ат айланып казыгын табат дейт. Неси болсо да молодец.
0
zvezda...
2013-02-08 00:13:28
Буларды ортосунда эмне болгонун,Анжелика эмне куноосу учун кечирим сурап жатканын билбей эле эмне мынча шыбай бергенсинер туугандар???Экоонун бироосу келип силерге"мындай болду эле"деп айтып бергенсип урушуп жаза баштапсынар го(((Кандай болгон кундо да,Анжеликанын кечирим сураганы жакшы болуптур,АЗАМАТ!Эми Айчурок эжеси кечирип койсо,жакшы болсо керек экооно тен эле.
0
nasesha
2013-02-08 12:19:14
Айка айткандай бору баласы ит болбойт и семиздикти кой гана которо алат дегендей, Айчурок эже озунуздун балдарынздын омурун берсин.
0
oscar
2013-02-08 18:44:02
жакшы экен
0
jan89
2013-02-08 22:57:56
Адам баласы кечиримдуу болушу керек!
0
PROS
2013-02-09 08:37:53
Чын, жалганын билип анан суйлогулочу кагылайындар! Бир ит коруп урсо, бир ит корбой урот деген чын да:))
0
Shaki
2013-02-09 09:27:35
Анжелика жонундо макала чыгып,Суперчилер талкууга алганда созсуз озу коммент жазчу эле, же mika таламын катуу талашчу, бул жолу эмне болду экен аларга?
-1
alik1602
2013-02-09 13:56:37
анжелика азыр коментарийлердин баарын окуп атасын,айтып бербейсинби кененирээк эмне ой менен барып кечирим сураганынды,эмнеси болсо дагы сени аябай жакшы кором
0
NUR1010
2013-02-09 15:38:12
Анжеликаны мен Айчурок эженин кайгысына куноолу деп эсептебейм, анткени Анжелика андай эмес деп ишенем, эмнеси болсо да ар ким озунун ордун билсе болду, дегеним, улуусун урматтап,кичуусун ызаттап...
+1
zhyzi
2013-02-11 23:29:23
Азыркы Анжеликанын буттун ийгиликтери Айчурок эженин эмгеги,акылдуу болсо озу деле тушунсо керек,эжесиз Анжелика азыр Анжелика болбойт болчу,бирок эки жыл эжесинин акыбалын сураганга акыбалы жетпегендиги ото окунучтуу
0
admin_media
2013-02-20 11:59:58
iad_79,
Сизге эскертүү!
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
0
gitaristka_2013
2013-05-11 14:15:08
Анжелика куу. Ага бул жагынан эч ким жетпейт. Дагы Айчурок эженин кереги тийип калгандыр да. Аан пайдаланыш учун кечирим сураган чыгар.
0
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан