– Байке, кийинки жумада сөзсүз кайтарып беребиз. Бүгүн акыркы жолу карызга нан берип туруңузчу?!
Ушинткен Болот көзүн жашылдантып ийди.
– Мен го берип турам, бирок силер эртерээк тиги менин кобрама көрсөтпөй кайтаргыла.
– Сөзсүз, байке, сизге өмүр бою ыраазыбыз!
Болот ушул убакта ааламда кандай жакшы сөз бар болсо, ошонун баарын ушул кошунасына арнаганга кайыл эле. Күркөдөн эми чыга бергенде жүрөгү болк дей түштү баланын.
– Ай, силер бүгүн да карызга алдыңарбы нанды? «Кара дептерде» карызыңар канча экенин билесиңби?
Болот башын шылкыйта туруп калды. Сөз кайтарбай турган балага ого бетер кыялын көрсөткүсү келдиби, Арзыкан жекире карап, күркөгө кирип күйөөсүнө кыйкырды.
– Сен үйдө болгондун баарын жетимдерге жедирип бүтмөй болдуң го!
«Жетим...» Ушул сөз адамга кандай катуу тиет?! Муштуму түйүлө колу карышкан Болот 4 нанды көтөрүп айласыз үйүн көздөй жөнөдү.
Болот 18де, иниси 13 жашта, кичинекей карындашы 5ке чыккан. Атасы жол кырсыгынан каза тапкан күнү апасынын мээсине кан куюлуп, ооруканада «Болот, иниң, карындашыңды...» деп аяккы сөзүн айта албай мындан 3 жыл мурда кайтыш болгон. Ошол күндөн тартып 18деги баланын башына турмуштун оор түйшүгү түшкөн. Көр тирилик менен алышып, өлбөстүн күнүн көрүп келишет.
Башкаларчылап чоң ата-чоң энеден айткан эмес, алар мурда эле көз жумушкан. Тайлары тарап «жаштайыңардан кызымды жеп алдыңар, желмогуздар. Силерди багам деп жакшы күн көрбөй кетти» деген ачуу сөздөрү менен тилдеп, кол кабыш кылганга да жарашпады. Балким, таенеси аман болсо, ошол киши жардам бермек, өгөй таене таятасын буларга жакын жолоткондун ордуна тескери кайрап бүтүптүр. Булардын коргоочусу жалгыз гана Жараткан, анан кошуналары. Башына каран күн түшкөндө коңшулары каралашты, бири нанын, экинчиси сүтүн берип. Азыр деле жардамдашып турушат, бирок бул заманда бир тоокко да жем керек дегендей...
«Апам качан келет, Болот байке, сен келет дебедиң беле?» деп ыйлаган карындашына жооп бергиче иниси Рысбек күңкүлдөдү:
– Алтыша, сен чоң кыз болуп калдың, атам-апам алыс жакка кетишкен. Биз чоңоюп, мынабу үйүбүз чоң үйгө айланганда алар бизди асмандан карап суктанышат.
Кыз башын ийкей:
– Түшүндүм. Алар самолёт менен келишет турбайбы анда, ээ?
– Ооба, ооба,- деди каңырыгы түтөгөн Болот.
Баарынан ушул кичинекей карындашына боору ачыйт. Өзү мектепти бүттү, иниси «сабакка барбайм, кийимим жок» деп ыйлактаганына карабай тар келген кийимдерин кийгизип, алдап жөнөтөт.
«Рысбек, сен төрөлгөндө сүйүнгөм, менин жөлөнөр тоом төрөлдү деп. Атын Рысбек коёлу, ырыс-кешиктүү болсун деп атам койгон атыңды, сен менин тирегимсиң, экөөбүз келечекте кыла турган иш көп. Ал үчүн сен оку. Алтынайды окутушубуз керек. Күйөөгө беребиз»,- деп айткан агасынын сөзүнөн кийин Рысбек каадалуу киши. Атасынан калган комузду чертип калат, тубаса таланты бар сыяктуу. Бир күнү Болот карындашы менен сыртта жүргөн, үйдүн ичинен муңдуу комуз кайрыктары чыгып жатты.
– Рысбек телевизор көрүп жатабы, Алтыша?
Кыз оюнга алаксып, агасына жөн гана баш ийкеп койду. Терезеге жакын барып тыңшап калды кызыгып.
«Күзөтчүдөй көз ирмебей күн-түнү,
Тирүүлүктүн түгөнбөгөн түйшүгү.
Мен апамды кут төгүлгөн үй десем,
Атам анын кармап турган
түркүгү...»
Көзүн бекем жумуп алып ушинтип ырдап жатат Рысбек.
ххх
«Убакыт баарына дары» деген чын экен, көр турмуштун ачуусуна аябай эле бышышты. Алтынай минтип университетти кызыл диплом менен аяктаганы турат. Улуу агасы дале күнү-түнү иштеп, кара жанын карч уруп жүрөт. Рысбек болсо кафеде музыкант, сүйлөшкөн кызы да бар. Бирок дале жетишпеген тиричилик. Жаш туруп карып кеткен агаларын көрүп кыздын жүрөгү мыкчылат.
– Быйыл үйдү баштабай турушубуз керек болчу, Болот байке.
– Эртенин иши эрте, Алтыша, сен кыжалат болбо. Агаңдын ушул колдору эмнени гана кылбады, мобул баш, оо, бул баш...
– Бул баш – алтын баш, баарына бышкан баш. Бул баш бактылуу боло турган баш деп,- карындашы сөздү улап койду.
Болот кылбаган жумуш калбады чын эле, көчө шыпырды, үй курду, мончо иштетти, көмүр казды. Эми дагы бир жолу бактысын сынамакка борбордогу чоң имараттарды куруп жаткан түркиялык компанияга жумушка келди.
Бир нерсени айтса түшүнбөй, баары жабалактап түшүндүрүп жатышат. Жакын барды аларга.
– Буга түшүндүргүчө кеч кирмей болду. Кыргызча билбегенден кийин котормочу алып албайбы?- деп наалыды бир киши. Көрсө, тиги түркчө сүйлөсө, кыргыздар түшүнбөй жатыптыр.
– О, Алла, Алла!- деди колун көккө көтөргөн мурутчан киши.
– Аркадашлар...
– Жанатан бери бул сөздү жүз жолу айтты. Бул эмне дегени? Дагы бирөөсү жинденди.
– «Достор» деп жатат,- деди Болот.
Болот 5-класстан тарта түрк лицейинде окуган, ата-энеси каза болгондо башка мектепке которулган. Түрк тилин унутпаптыр, тиги киши менен сүйлөшүп жатты.
– Сүйлөштүк анда, мындан ары котормочу да бол мага, анан прораб да болуп иштей бер. Айлыгың жакшы болот.
Ошентип түрк фирмасында иштеп калганына 3 жылдын жүзү болду. Бир күнү фирманын жетекчиси чакырды.
– Болот, сен мыкты кадр болуп бере алдың. Үй-бүлөлүк шартыңды да билебиз, чыдамкай эркек сендей болуш керек. Адам эс алыш керек, боордош түрк элинин сый-урматын көрүп кел,- деп колуна 3 кишилик эс алуу кагазын карматты. Болоттун алгачкы жолу жаш балача кубанганы ушул эле.
– Алтынай, Рысбек, даярдангыла, эс алууга убакыт келди!
Кайнап турган жай мезгилинде нымдуу Стамбулда жыргап эс алып жүрүшөт. Рысбек сүйлөшкөн кызы менен интернет аркылуу тынбай байланышып турат. Алтынай болсо бул жакта эс алып жүргөндө дос таап алыптыр.
– Болот байке, Созуланын эжеси бар экен, ушул жакта окуган, супсулуу!
– Анан?..
– Во, тигине, алар да келатышат.
Болот карындашы чуркаган тарапты карап күлүмсүрөп алды. «Чын эле татынакай кыз экен» деди ичинен...
Жаңыл Калыкова