КАЙСЫ ҮЛГҮДӨГҮ ЦЕМЕНТ ЭМНЕНИ КУРУУДА КОЛДОНУЛАТ?

Баарыбыз эле цементти курулушта колдонорун билебиз. Мына ошол биз билген цемент сапатына жараша бир нече үлгүлөргө бөлүнөт. Кайсы белгидеги цементти кандай учурда колдонуу керектигин билип алыңыз.

КЫСКАЧА

  • Учурда Кыргызстанда 2 ири цемент заводу бар. Алардын бири Кант, экинчиси Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан.
  • Кыргызстандын аймагында цементтин 1 килограммы 6 сомдон 8 сомго чейин сатылууда.

ЦЕМЕНТТИН ҮЛГҮЛӨРҮ
Цементтин кабынын сыртындагы көрсөтмөдөгү М тамгасы үлгүнү түшүндүрсө, андан кийинки сандар анын максималдуу бекемдиги боюнча сапатын көр­сөтөт. Тагыраак айтканда, 1 см3 канча салмакты көтөрө аларын көрсөтөт. Ал эми Д 0дөн Д 20га чейинки көрсөткүч сан цементке канча көлөмдөгү кошумча зат кошулганынан кабар берет. Кошумча заттар цементтин ылдам катышына, коррозияга же туздуу суунун таасирлерине туруштук берүүсү үчүн кошулат.

М 400–Д 20 ЖАНА М 500–Д 20
М 400–20 үлгүсүндөгү цементтин суукка, сууга, коррозияга чыдамдуулугу жогору. Үй, айыл чарба, өндүрүш тармактарында дубал, пайдубал, темир бетон жасоодо колдонулат. Оордукту көтөрүү жагынан 1 см3 400 килограмм салмакты көтөрөт. Ал эми Д 20 дегенди курамында 20 пайыз кошумча заттар бар деп түшүнүү керек.
М 500-Д 20 цементи жогорудагы М 400 үлгүсүндөгү касиеттерге толугу менен ээ жана андан бир аз бекемирээк, сапаттуураак. 1 см3 500 килограммга туруштук берет. Курамында 20 пайыз кошумча зат бар. Көбүнчө шыбак, кыш коюуда колдонсо жакшы.

М 500–Д0 ЖАНА М 400–Д0
Бул үлгүдөгү цементтер суукка, минералдык сууларга чыдамдуу жана сапаты жагынан бышык келип, узак убакытка туруштук берет. Анткени Д0 деген көрсөткүчүнөн эч кандай кошумчасы жок, таза цемент деп билсек болот. Андыктан ар кандай минералдык суулар чыккан жерлерге ылайыктуу. Көбүнчө үй салууда, айыл чарба имараттарын курууда, аларды оңдоп-түзөөдө негизги орунда. М 500дүн 1 см3 500 килограммды көтөрсө, М 400дүн чыдамдуулугу 400 килограммды түзөт.

ЦЕМЕНТТИН САПАТЫНА ЖАРАША КУРУЛУШТА КОЛДОНУЛУШУ
Цементтин кошулмасы канчалык көп болсо, анын бекемдиги ошончолук төмөн болот. Негизинен, цементтин үлгүсү 100дөн баштап 700гө чейин. Ал эми 300дөн ылдый жана 600дөн жогорку үлгүдөгү цемент тиричиликте көп колдонулбайт. Себеби 300дөн ылдыйкылар бекемдиги жагынан төмөнүрөөк келсе, 600дөн өйдөдөгүлөрдүн сапаты өтө мыкты жана кымбат. 600, 700 үлгүсүндөгү цементтер аскердик объектилерди курууда пайдаланылат. 400 жана 500 үлгүсүндөгү цементтер баасы жагынан да, сапаты жагынан да турмушка ылайыктуу болгондуктан, кеңири колдонулат.
Практика жүзүндө цемент 3 сааттан кийин ката баштап, 4-5 саатта толук катып бүтөт. Ал эми бир ай ичинде бекемдиги боюнча көрсөткүчү көрсөткөн салмакты көтөрүү сапатына ээ болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nosi
2013-02-04 14:04:40
Аябай пайдалуу кенеш экен мага жакты.
0
tariel80
2013-02-26 05:21:33
Мага да жакты
0
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан