ӨКМӨТ ЖООП БЕРЕТ

Урматтуу окурман, сизде өк­мөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Супер-Инфо» гезитиндеги «Өкмөт жооп берет» рубрикасына кайрылыңыз же www.super.kg порталына кирип, «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Соболдоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Байланыш телефону: (0312) 32-33-27.
Бул ирет Социалдык өнүктүрүү министрлигине байланыштуу суроолорго орун бердик.

«АТА-ЭНЕСИ ОРУСИЯДА ИШТЕСЕ ЖӨЛӨКПУЛ ТӨЛӨНБӨЙБҮ?»
– Менин бир тууган агам турмуш шартка байланыш­туу Орусияга иштегени кеткен. Эки баласы апамдын колунда калган. Алардын жөлөкпулун алганы барсам, «ага­ңыз Орусияга иштегени кеткени үчүн балдарына жөлөкпул берилбейт» деп айтышты. Мүмкүнчүлүк болсо, ушул суроого жооп берип койсоңуз. Ата-энеси Орусияга кеткен балдарга жөлөкпул берилбей, токтотулуп калабы?

Erkekjojopepe, www.super.kg порталынын колдонуучусу

– Азыркы учурда иштетилип жаткан мыйзамдарга ылайык, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн үй-бү­лөнүн муктаждык даражасы аныкталат. Жана үй-бүлөнүн жан башына туура келген жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мү­чөсүнө бөлгөндө кепилденген эң төмөнкү кирешенин, башкача айтканда, 580 сом өлчөмүнөн ашпаган шартта, туруктуу катталган жери боюнча дайындалат.
Эгерде балдардын ата-энеси республиканын чегинен чыгып кеткен шартта, апаңыз неберелерин камкордукка алуусу зарыл жана туруктуу каттоосу боюнча райондук социалдык өнүгүү башкармалыгындагы үй-бүлө жана балдар менен иштөө бөлүмүнө кайрылууну сунуштайбыз.
Балдарды камкордукка жана кө­зөмөлгө алууда Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексинин 40-беренесине ылайык, ата-энелери каза болгон, ата-энелик укугунан ажыратылган, ата-энелери ооруган жана мертинген, ата-энелери узакка жок болгон, балдарды тарбиялоодон же алардын укуктарын жана таламдарын коргоодон баш тарткан учурлар эске алынат.

«ЭМГЕК СТАЖЫ ЖОК БААТЫР ЭНЕЛЕРДИН ПЕНСИЯСЫ КӨТӨРҮЛБӨЙБҮ?»
– 7 балам бар. Мындан төрт ай мурун «Баатыр эне» наамын алып, учурда 2000 сомдон пенсия чыгып жатат. Баатыр энелердин пенсиясы көтөрүлдү деп башкалар 3000 сомдон алып жатышыптыр. Меники эмнеге кө­төрүлгөн жок? Ушул эле суроо менен жергиликтүү социалдык коргоо бөлүмүнө кайрылсам, «сиздин эмгек стажыңыз жок экен. Ошондуктан пенсияңызга кошулбайт» деп жооп беришти. Ушул туурабы?

Ормушова Айкүмүш, Балыкчы шаары

– Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон Баатыр энелер 2000 сом өлчөмүндө социалдык жөлөкпул алышат жана анын өлчөмүнө 1000 сом кошулбайт. Ал эми пенсиялык камсыздандырууга укугу бар, Социалдык фонд тарабынан пенсия алган Баатыр энелердин пенсия өлчөмдөрүнө 1000 сом кошулуп төлөнүп жатат.

Суроолорго Социалдык камсыздоо департаментинин социалдык коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Мира Тургунбаева жооп берди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан