АЛА-АРЧАНЫН АБАЛЫ МЫШЫК ЫЙЛАГЫДАЙ

Шаардын ызы-чуусунан алыстап, саналуу саат болсо да эс алып келүүнү каалаган баш калаанын тургундары азыр дем алыш күндөрү “Ала-Арча” жаратылыш паркын көздөй жөнөп турган кездери. Алардын катарына биз да кошулуп, көңүлдөрдү сергитип кайттык. Бирок бүгүн кандай эс алганыбыз эмес, каралбай карайлап жаткан Ала-Арча тууралуу кеп кылабыз.

Сиз билесизби?

“Ала-Арча” мамлекеттик табият паркы Кыргыз тоо кыркаларынын түндүк тарабында, Ала-Арча өрөөнүнөн орун алган. Мамлекеттик парк катары 1977-жылы түзүлгөн. Жалпы
аянты 19 400 гектар. Паркта арча, карагай сыяктуу бак-дарактан тарта Кызыл китепке киргизилген улар,
илбирс өңдүү
жаныбарларга
чейин бар.

Адистердин айтымында...

Айрым маалымат булактарына таянсак, “Ала-Арча” паркына жылына 30 миңден ашуун турист келет. Адистердин пикиринде, жыл сайын бул көрсөткүч өсүп отурса, табият паркынын эл көп барган бөлүгүнөн чөп суюлуп, кадимки кара жерге айланып, жылаңач калат.

Президенттин иш башкармалыгы карайт

Ортодогу сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай, “Ала-Арча” кыргыз мамлекеттик табият паркы Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына карайт. Бирок бул паркка кире бериштеги, дегеле, баш-аягы 19 400 гектар жерди ээлеген парктын абалы президенттик иш башкармалык көз салган жайга окшобойт.

Шлагбаумдагы шайы оогон кызматкерлер

Тоо таянып жүрүп отуруп, паркка кире бериште шлагбаум бар экени көпчүлүккө маалым. Бул жерде иштегендер паркка кирген унаалардан анан киши башынан акча алып турушат. Биздин автобус бул жайга эртең мененки саат 9.30да келген. Жакындаганда эле бири-биринен кезек күтө зарыгып турган унааларды, элди көрүп маанайыбыз бузулду. Бишкектин “Дордой” базарындагы, Бейшеналиева көчөлөрүндөгү авто тыгындар биякта калат.

Шлагбаумга улай салынган кичинекей күркөдө акча алып отурган кызматкерлер додологон эс алуучуларга ээ боло алышпай, бир маалда кыйкырып, күркөнү жаап чыгып кетишти. Элден бою карыш өйдө чыгып турган бирөөсү айласы кеткенде: “Баарыңар машиналарыңарга отургула. Киши башына 60, машинага 300 сомдон. Акчаны машинанын ичинен эле алабыз!”- деп кыйкыра баштады. Анын үнүн котологон элдин бири укса, бири укпай, дале жанагы кичинекей күркөнүн жанында үйүлүп, акча төлөмөкчү болуп жүрүшөт.

Бар каражатты жөндөп пайдалана албайбызбы?

Мындай көрүнүштү карап отуруп таң калат экенсиң. Эл эс алууга бекер чыгып, аларды бир тартипке салып киргизе албай шайлары ооп жатса бир жөн. “Бул акчаны алгыла, биз паркка кирип эс алып кетели” деп тыйынын сунуп турган элди тартипке салып, тыгын болбогудай шарт түзүп коюуга башкармалыктын чамасы жокпу? Демейде “Кыргызстанды туризм аркылуу өнүктүрөбүз” деп ураан салабыз. Туристтер эмес, кадимки эле өзүбүздүн калкты жөпжөнөкөй шарт менен камсыз кыла албай жатсак, калганын кантебиз?

Эс алган элдин саны көп

Ошентип, тердеп-кургап кезек күтүп отуруп 2 саат дегенде жанагы тыгындан араң өттүк. Эртең менен эрте чыккан кесиптештер зарыга күтүп отура беришип, курсактары ачканы билинип жатты. Капчыгайды өрдөп барып, үй мүйүз тарта отуруп, ойноп-күлүп эс алууга ыңгайлуу жер издей баштадык. Шаркырап аккан сууну жээктей ойноп жаткан, эки-экиден жетелешип жүргөн, кой союп, ичеги арткан адамдар толтура. Аларга көз жүгүрткөн кесиптештердин бири: “Калп эле кризис, кризис деп ыйлактайт окшойбуз. Жөн күнү ушунча адам эс алууда жүрсө, майрам күндөрү кандай болот, билбейм”,- деп баарыбызды жылмайтты.

Капчыгай “Кытайдын таштандысына” толгон

Эс алган го жакшы. Анан да башкалардыкындай топурагын бир жактан, багын бир жактан сатып келип өстүргөн жасалма эмес табияттын коюну эмеспи. Бирок ошол башка жактан издеп, сурап тапкыс жакшы жерди эртең кайрылып келбечүдөй тебелеп-тепселегендерге зээн кейийт. Кайда кадам таштабагын, үч чоң таштын башын бириктирген кемеге.

Мейли, табияттын ташы ал жерде жатсын, бул жерде жатсын, айырмасы эмне? Бирок ошол кемегелерди тегеректей бүт эле Кытайдын желим стакан, баштык, бөтөлкөлөрү. Ошол таштандыларды кетерде чогултуп алпарып таштап салууга акыр-чикир салган челектерди коюп коюуга болбойбу?

Топ талдардын арасы ажаткана!

Топ-топ өскөн арча, кайыңдардын көлөкөсүн издей барып, отурмакчы болгон адам заматта мурдун басып качып чыгары анык. Анткени көздөн далдоо арчанын арасынын баары ажатканага айланган.

Баштан-аяк болбосо да, эл көп чогулчу жайык жерлерге көчмө даараткана алпарып, сыртына жумушу жок бирден аялды отургузуп, колуна даарат кагазын карматып, “5-10 сомдон” дегизип койсо деле элге ыңгайлуу болбойбу? Эсептеп көрсөк, биздин айланабызда эле ошол күнү 100дөн ашуун адам болду. Ошолордон 5-10 сомдон чогултуп алууга эмне үчүн болбосун? Эл эс алуунун шарты жакшырганына кубанса, администрация акча тапканына кубанмак.

Айтор, айта берсе сөз көп. Аталган башкармалыктын Ала-Арча­дан бөлөк иштери деле толтура. Ошентсе да табият аянбай берип койгон бейиштин төрүндөй болгон бул жайды тебелендиде калтырбай, кийинки муундарга ушул калыбынан бузбастан, бапестеп берүүгө аракет кылсак деген тилегибиз бар.

Шаиста Шатманова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 344, 5-11-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан