МАНАСЧЫ БИР ТУУГАНДАР БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ

«Манас» айтуу менен эл оозуна алынган жаш таланттар Нурдин жана Эстер Кубатов бизде конокто. Алардын башкалардан айырмасы, «Манасты» дуэт түрүндө айтышат. Бир ыргакта, окшош үн менен, жадакалса кыймыл-аракеттери бири-бирине коёндой окшош. Экөө азыр көпчүлүктүн көңүл чордонунда. Андыктан кичинекей манасчылар жана алардын атасы менен маектештим.

– Кубат мырза, уулдарыңызга талант сизден жукканбы?
– Жок, менин андай талантым жок. Укук коргоо кызматында иштечүмүн, учурда эс алуудамын. Негизи, Саякбай, Тыныбек баш болгон көптөгөн чыгаан манасчылар Көл өрөөнүнөн чыккан. Бул жериненби, суусунанбы деп коёт го кыргызда. Ошондой бир касиет болушу мүмкүн. Бирок биздин аталарыбызда «Манас» айткандар болгон эмес.

– Балдарыңыз калпак кийип, «Манас» айтканы менен, келбети кыргызга көп окшобойт...
– Балдарымдын апасы орус улутунан. Учурда ал Орусияда иштеп жүрөт. 11 балабыз бар. Мен балдарыма апасын жоктотпой, тамагын жасап, кийимдерин үтүктөп, жакшынакай окутуп жатам. Азыркы учурда төрт балам менен чогуу жашайм. Эки уулумдун «Манас» айтууга болгон кызыгуусун көрүп, колдон келген жардамымды берип, кароо-сынактарга катыштырып келем. Учурда улуусу Нурдин 12де, ал эми Эстер 8 жашта.

– Анда кепти уулдарыңыз менен улайлы. Кана, жигиттер, чоңойгондо ким болосуңар?
Нурдин: – Мен атамдай милиция кызматкери болом. Шаарыбыздагы ууруларды, киши өлтүргүчтөрдү кармап, күнөөсүздөргө жардам берем.
Эстер: – Чоңойгондо Саякбай атамдай манасчы болом. Көптөгөн кыйын манасчыларды билем. Мен айткан «Манасты» бардык телевизорлордон көрсөтөт, гезитке жазышат.

– Канча жаштан «Манас» айтып баштадыңар?
Н.: – 5-6 жашымдан баштап «Манас» айтып калдым. Көбүнчө манасчылар «түш көрөбүз» дешет го. Бирок менде андай болгон жок. «Манасты» жаттап айтам. Иним Эстер тамга тааный электе эле мени туурап, мага кошулуп «Манас» айтчу. Айрым учурда жаңылып калсам, Эстер мени тууралап коёт. Кээде «Манас» айткыбыз келген учурда дароо айтпасак, бир орунга токтоно албай, кызыктай боло беребиз. Анан атам «энергияңар ташып баштадыбы?» деп калат. «Манасты» кыйкырып-өкүрүп айтып алган соң кадимкидей жеңилдеп калабыз. Азыр эң узак айтканыбыз 1,5 саатка чейин уланат.

– Кароо-сынактарга катышасыңарбы?
Э.: – Ооба, айылда, райондо болгон майрамдарда эл алдына чыгып жүрчүбүз. Бир күнү телевизор көрүп отуруп эле, «Кыргызстан – менин таланттарым» деген сынак болот» деген жарнаманы көрүп калдык. Болгону бир күн даярданган элек, баш байгени утуп алабыз деп ойлогон эмеспиз. Жакында «Кыргызстан – менин таланттарым» деген республикалык кароо-сынакта фольклор жаатында баш байге бизге буюрду.

Өзүлөрүнө ишенген жаш өспүрүмдөргө ийгилик каалап, кыргыздын атын алыска таанытып жүрө бергиле деп маегибизди жыйынтыктадык.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kantemir
2013-02-04 20:59:07
Азаматтар десе. Онорунор оркундоп онуго берсин.
0
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан