Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №1-Октябрь балдар жатак-мектебине жардам көрсөтүлдү. Бул жатак-мектепте тарбияланып жаткан балдарга Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана Москва шаарындагы «KG STARS» коомдук бирикмеси 22 миң 950 сом өлчөмүндө акчалай жардам берген. Жатак-мектеп 1974-жылдан бери иштеп, учурда 70 бала тарбияланууда.