Кимдир бирөөгө бул маселеге улам кайрылып жаткандай көрүнөр. Бирок мурун жазган макалабыздан жыйынтык чыкпагандыктан, кайрылууга туура келип жатат. Учурда кыргыз тилине көңүл бурулбай, атүгүл шаардын жүзү болгон көрнөк-жарнактар сабаттуу жазылбай келет.
Баткен шаар статусун алгандан бери көптөгөн имараттар курулуп, түрдүү көрнөк-жарнактар пайда боло баштады. Аларды карап, кайсы тилде жазылганын түшүнбөйсүң. Себеби көрнөк-жарнактарда жазылган сөздөр же кыргыз тилинде, же орус тилинде эмес. Кыргыз тилинде баратып эле орусча жазылып кеткен учурлар да бар. Мейли, орус тилин өтө жакшы өздөштүрүп кеттик деп айтайын десең, орус тилинде жазылган жарнамаларда да толгон грамматикалык каталар кездешет. Сөзүбүз куру болбос үчүн мисал келтирели.
Шаардын негизги көчөсү болгон Нургазиев көчөсүн эле карап чыкканда түрдүү каталарды кезиктирдик. Мисалы, сулуулук салондорунун жарнамаларындагы жазууда «чачты ар түрдүү краскалоо (боё)» деп жазылган. Байкаганыңыздай алгач орус тилинде, андан кийин кыргызчасын кашаанын ичине жазып коюшкан. Качантан бери Баткенде орус тилдүүлөр басымдуулук кылып калганын түшүнбөйсүң. Же орустун «краска» деген сөзү кыргыз тилинде «боёк» деген сөз экенин билишпейби? Ал эми компьютердик кызмат көрсөтүүчү борборлордо башка тилдеги сөздөргө кыргыз тилиндеги мүчөлөрдү зордоп эле чаптап койгонуна аргасыз баш чайкайсың. Мисалы, «аксессуарлар, картридждерди заправкалоо, түстүү печаттоо» жана башкалар...
Бир эле көрнөк-жарнакта көптөгөн каталар орун алган. «Ксерокопия, дисктен диске көчүрүү, телефоного музыка жазуу, 5 мин фото сүрөт, кино дистери» деген жазуудан бир канча катаны көрүүгө болот. Буларды окуганда ушул сөздөрдү кыргыз тилинде жазууга болбойт бекен деп ойлойсуң. «Единица салабыз» деген жазууну кадам сайын кезиктиресиң. Кыргызча «бирдик салабыз» десе деле баары түшүнмөк. Көчө бойлоп баратып көңүлүм БТА банкынын жанындагы «Кызылкия филиалы С/К №48» деген жазууга бурулду. Бул жазууну карап, аталган банктын Баткен шаарындагы филиалыбы же Кызыл-Кыя шаарындагы филиалыбы, түшүнө албайсың. Эгер Кызыл-Кыя шаарындагы филиалы болгон учурда деле шаардын аталышы качан Кызылкия эле?
Мындай каталар ким тарабынан көзөмөлгө алынарын билүү үчүн шаардык мэрияга барып, Муниципалдык менчик департаментинин директору Алтынбек Мисиралиевге кайрылдык. Андан шаар ичиндеги көрнөк-жарнактарды ким көзөмөлдөп, ким чыгарууга уруксат бере турганын сурадык. Алтынбек Мисиралиев: «Эгер кимдир бирөө көрнөк-жарнак чыгара турган болсо, бизге кайрылат. Өз учурунда биз аларды Мамлекеттик каттоо органына жөнөтөбүз. Ал жерде аталган жер кимге тиешелүү экендиги текшерилип, Облустук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына жөнөтүлөт. Алар жерди ченеп беришет. Жарнамадагы жазуулар же башка нерселер текшерилбейт. Буюрса, азыр ушул маселенин үстүнөн иштеп жатабыз. Эми атайын комиссия түзүлүп, шаардагы бардык көрнөк-жарнактар текшерилип, комиссиядан өткөрүлөт»,- деп билдирди.
Билишибизче, Баткен шаарындагы көрнөк-жарнактарда жазылган сөздөр эч ким тарабынан текшерилбейт экен. Мэрия тараптан кош көңүл гана «жарнактагы жазуулар текшерилбейт» деп айтып коюшту. Эми жооптуу органдар качан ойгонорун күтөлү. Кыргыз болуп туруп өз тилибизге аяр мамиле жасабасак, анда Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү биздин тилибизди кайдан сыйлашсын?