Эки турга созулган бул депутаттардын тандоосунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкерлиги коюлган Сейдакмат Эрматов, «Ата Мекен» партиясынан көрсөтүлгөн Гапар Матказыев жана «Замандаш» партиясынын сунушу менен катталган Мамыр Рахимов шайлоонун 1-турунда жетиштүү добушту ала алышкан эмес.
Шайлоонун 2-туруна көп добушка ээ болушкан «Ата Мекенден» Гапар Матказыев жана «Замандаш» партиясынан Мамыр Рахимов катышышты. 2-турга катышкан «Замандаш» партиясынын талапкери Мамыр Рахимовго 15 депутат, «Ата Мекен» партиясынан сунушталган Гапар Матказыевге 9 депутат добуш беришип, натыйжада экөө тең керектүү добуш топтой алышпагандыктан, шайлоо дагы 15 күндөн кийин башка талапкерлердин катышуусу менен өтмөй болду.
Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп Хабибулла Халмурзаев кайрадан шайланды. Хабибулла мырза буга чейин да шаардын мэри болуп турган. Баткен облусунун 3-шаары Сүлүктүдө мэрликти «Бүтүн Кыргызстандын» талапкери Закир Ибрагимов жеңип алды.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg