25-январда Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы мугалимдердин билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо борбору «Шайырлар жана шамдагайлар»аттуу спорттук мелдеш өткөрүштү. Буга мектептин мугалимдери катышышты.
Мелдештин максаты 2013-жыл – Ишкердүүлүк жылына карата аталган курстун угуучуларынын активдүүлүгүн арттыруу эле. Аталган иш-чара көңүлдүү эс алууну уюштурууга жана облустун мектептери менен байланыштарды чыңдоодо алгылыктуу ишкердүүлүккө жетишүүгө багыт алат. Мугалимдер 2 тайпага бөлүнүп, «Ынтымак»жана «Достук»деп аталышты. Мелдештин жобосу боюнча, тайпалар 7 тапшырма менен таймашып, жыйынтыгында калыстар тобу «Достук»тайпасын жеңүүчү деп тапты.