«АЛА-ТОО-ДОРДОЙ»ХОККЕЙ КОМАНДАСЫ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ

27-январда Нарын шаарында болуп жаткан КРнын хоккей боюнча 5-мааракелик чемпиондугунун 2-туру жана облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогуна карата уюштурулган мелдеш аяктады. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Нарындын «Ала-Тоо-Дордой»командасы алып, I даражадагы диплом, медаль жана 20 000 сом ыйгарылды. 2-орунга Бишкектин «Арстан»командасы татып, II даражадагы диплом, медаль жана 15 000 сом менен сыйланса, ал эми III даражадагы диплом, медалдар жана 10 000 сом Чолпон-Атанын «Ысык-Көл»командасына буюрду. 4-орунга Жумгалдын «Шортон»командасы татып, 5000 сом менен сыйланса, 5-орунга Миң-Куш шаарчасынын «Миң-Куш»командасы илинип, 3000 сомго ээ болду. Мындан сырткары оюнчуларга «Мыкты чабуулчу”, «Мыкты оюнчу”, «Мыкты коргоочу, «Мыкты дарбазачы”, «Мыкты бомбардир»аттуу наамдар берилип, хоккейчинин келбетин чагылдырган коло статуэткалар өз ээлерин тапты.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан