«МЕКТЕПТЕРДЕ ЗОМБУЛУК ЖОК» ДЕШЕТ. БУГА ИШЕНЕСИЗБИ?

Мектеп иштерине, окуучуларга байланыштуу расмий иш-чараларда “Окуучулар арасында бири-бирине зордук-зомбулук көрсөтүү жок. Балдар мушташпай эле жакшынакай окуп жүрүшөт. Бизде баары жайында”,- деген кыяздагы билдирүүлөр жасалат. Бирок мектеп окуучуларынын, айрыкча эркек балдардын чыныгы жашоосу “баары жайында” деген өңдүү билдирүүлөрдөн өтө эле айырмалуу.

Заманбап жаштар

Азыр кайсы гана класска баш бакпагын, окуучулардын жок дегенде 80 пайызынын колунан уюлдук телефон көрө аласың. Мугалимдерге караганда окуучулар мобилдүү экени байкалат. Жалаң уюлдук телефондор менен гана чектелбестен, азыр жаштар «интернет» илдети менен да ооруй башташты. Анан да бул виртуалдык мейкиндикке баш баккан адам эмнелерди гана таппайт. Олуттуу илимий ачылыштардан, саясаттан тартып, спорт, мода, техника, порнографияга чейин каалагандын баары бар.
Кейиштүүсү – өспүрүмдөрүбүздүн билим көрөңгөсүн көтөрүүчү маалыматтык сайттарга эмес, туш келди маалыматтарга толгон көңүл ачуучу сайттар менен ынак болушканы.

Окуучулардын “эрдиктери” жүрөктү түшүрөт

Жумушубуздун мүнөзүнө ылайык, Кыргызстандагы ар кайсы сайттарга көз салып турабыз. Ал сайттарга мектеп балдарынын чыныгы турмушун көрсөткөн роликтер да көп жарыяланат.
Ошол сайтты барактап отуруп, эки-үч роликке көзүбүз түштү. Алардын бири “Мушташ” деп аталса, дагы бири “Новопокровканын жигиттери “мырыктарды” минтип жазалайт...” деп жүрөт. Баш-аягы 5-7 мүнөттүк бул роликти көрүп отурган ар бир ата-эненин жүрөгү канап кетчүдөй. Новопокровкадагы бир мектептин 5-6 тың чыкма жигиттери жоош, момун балдарды четке алып чыгып, эси ооп калгыча тепкилешиптир. Анан да эсин жоготкон балакайды “жаагына чапкылагыла, кичине суу чачып эсине келтиргиле!” дешип шылкылдата эки колтуктан ала жетелеп кетишти. Бирөөнү сабап, тамаша кылып уюлдук телефонго тартып жаткан бул топтун жанынан окуучу кыздар деле унчукпай өтүп жатышат. “Кой-ай” деген киши жок.
Экинчи роликте 14-15 жаштар чамасындагы өспүрүмдү кайсы бир имараттын ичине киргизип алып, бирөө бети-башка тепкилей сабап, аны эки-үчөө тамаша кылып, бирөөсү уюлдук телефонго тартып жүрөт. Аягында бечара баланын бетинен тамтык калган жок.
Роликтер сайтка киргизилген күн­дөн тартып “өтө популярдуу” болуп, бир нече күн алдыңкы беттерде жүрдү. Бул арада биз териштирүү максатында ИИМдин Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнө байланышка чыга албай жаттык.

Тартип сакчыларынын бул иштерден кабары барбы?

ИИМдеги Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн ага инспектору, милициянын подполковниги Мурат Мундузбаевди жогорудагы маселе боюнча кепке тарттык.

– Чынын айтсам, мындай сайттын бар экенин да биринчи жолу угушум. Мектептеги зордук-зомбулук менен күрөшүүдө жалаң ИДНдин (өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспектор) колунан көп нерсе келбейт. Ал үчүн мектеп администрациясы, мугалимдер, ата-энелер, балдар чо­гуу-чаран иш алпарышы керек.
Акыркы кездерде балдар арасында башкача түшүнүк пайда болгон. Мисалы, “стукач”, ошол эле сиздер айткандай “мырык” деген... Таяк жесең же бирөөгө акчаңды тарттырып жибер­сең да эч кимге арызданбашың керек. Арыздансаң “стукач” аталып, катардан чыгып каласың. Мына ушундай түшүнүктү өспүрүмдөр мээге катуу си­ңирип алышкан. Мындайда ИДН менен катар мугалимдер, ата-энелер да балдары менен тыгыз иштешсе, кейиштүү көрүнүштөр азаймак. Мына бул видеороликти эле алалы. Бул баланын бети-башы дагы бир жумача көк ала болуп жүрөрү анык. Ал сабакка кирет, үйүнө барат. Демек, ата-энеси, мугалимдер анын жүзүн көрүшөт. Эмне иш болгонун жакшылап такып сураса, анча-мынча чындык чууруп чыгары анык.
Бир чети мектептердин жетекчилиги мындай чатактарды көпчүлүккө, бизге да жеткирбей басты-басты кылганга шашышат. Директор, завуч дегендер кызматтан кол жууп калбайын дегендей далалат кылышары да белгилүү. «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» дейт. Анын сыңарындай мектеп жетекчилери ар кандай окуяларды коомчулукка, бизге жеткизбей жаап-жашырып жүрө беришип, аягында килейген чыр чууруп чыгат. Мисалы, өткөн жылы Панфилов районундагы Каптал-Арык айылындагы окуяны алалы. Каза тапкан А.Жузумалиевдин окуясы бир эле күндө пайда боло калган маселе эмес да.
– Мушташтарды уюлдук телефонго тартып, интернетке киргизип жаткандар кылмыштын катышуучулары экени анык. Алар ажыратуунун ордуна, тескерисинче, видеого тартышкан. Бирок алардын аракетинин кичинекей пайдалуу жагы бар. Анткени алар мушташтарды жалпы эл көрө турган сайтка жүктөп коюшушту да. Болбосо, мектепте мындай зомбулуктар болуп жаткандыгын көпчүлүгүбүз билбей деле жүрмөкпүз. Ушул иши үчүн ал балдардын жазасы жеңилдеши мүмкүнбү?
– Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Алар видеого тартып алып милицияга же мугалимдерге алпарышкан жок да. Айрымдары ушундай видеолорду интернетке жүктөө үчүн атайын бирөөлөрдү мушташтырып, уюлдук телефонго тартып жатышпайбы.
– Сиздердин бөлүмдө интернет-ресурстар менен иштеген адис­тер барбы? Ал жакта эмне иштер болуп жатат, кабар алып ту­ра­сыңарбы?
– Жалпы ИИМ боюнча бар-жогун айта албайм, бирок биздин бөлүмдө андай мүмкүнчүлүк жок. Сиз айткандай маселелер жалаң интернет менен иштей турган бөлүм, адистер керек экендигин көрсөтүүдө. Менин билишимче, Орусиянын ИИМинде интернет-ресурстар менен иштөөчү башкармалык бар. Ал жакта жалаң гана өспүрүмдөр арасындагы зомбулук эмес, порнография, алдамчылык, адамдарды кулчулукка сатуу өңдүү иштерге каршы күрөш жүргүзүлөт. Бизде да мындай бөлүм ачылар деген үмүттөбүз...

Көрсө...

Сураштыра келсек, Өспүрүмдөрдүн иштери боюнча бөлүмдө эле эмес, жалпы ИИМде интернет-ресурстарга көзөмөл жүргүзүүчү бөлүм жок экен. Муну угуп алып, “аттиң” деп калдык. Эгер виртуалдык мейкиндикке кү­нү-түнү көз салып турушса, далай кылмыштын бети ачылып, жогоруда айтылган балдар арасындагы зомбулукка да бир аз чек коюлар беле... Коомдун коопсуздугун камсыз кылуучу органдарыбыздын заман менен канатташ иштей албай жатканы кейиштүү.

Шаиста Шатманова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
new_hacker
2016-06-15 06:11:19
жаман
0
№ 344, 5-11-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан