КЫРГЫЗ СПОРТУНДА АЗЫР РЕЗЕРВ БАРБЫ?

Гезитибиздин ушул санынан баштап «Билгим келет» рубрикасы ишке киришти. Урматтуу окурман, эгерде сиздин да кыргыз спортунда жооп ала албай келген орчундуу суроолоруңуз,чечилбей келген спорттук көйгөйлөрүңүз болсо, кеңсебиздин телефонуна чалып же sport@super.kg дарегине кат жолдоо менен сурооңузду калтырсаңыз болот.

Жогорудагы суроого Оор атлетика боюнча Бишкек шаардык балдар жана өспүрүмдөрдүн адистештирилген спорт мектебинин директору УЛАН МОЛДОДОСОВ жооп берди:
– Азыркы учурда дүйнөдө жаштар спортуна катуу көңүл бөлүнүүдө. Жаштар арасында Азия, Европа чемпиондуктары, Дүйнө чемпиондуктары, жаштар арасында Олимпиада оюндары байма-бай уюштурулууда. Бизде деле план чийилип, ар бир ири мелдеште канча медаль алышыбыз керек экенин жазабыз. Муну менен бизде резерв бар жана дүйнөлүк деңгээлге жооп бере алат десек болот. Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов айткандай, азыркы жаштардын баары Раатбек Санатбаев, Канатбек Бегалиев сыяктуу болгулары келишет. «Бээжин-2008» Олимпиадасында Канатбек Бегалиев күмүш медаль алып келген соң бизде массалык түрдө күрөшкө кызыгуу жаралды. Эң ишенимдүү резерв азыр күрөштө. Оор атлетика боюнча айтсам, биз акыркы 3 жылда КРнын Олимпиадага даярдоо борборуна, РУОРго,  Дене тарбия жана спорт академиясына 20дан ашык бала өткөрдүк. Негизи, биз аймактардагы федерациялардан жылына 10 чакты бала гана алабыз. Ар бир чоң облустан бирден гана бала алып калып жатабыз. Бизде саналуу гана спорт түрлөрү бар. Жалпылап айтканда, ошолордун көбү резерв менен иштейт. Болгону, велоспорт сыяктуу спорт түрлөрүндө резерв жок болсо керек. Евгений Ваккер чоң спорттон кетсе, бул спорттун келечеги жок калат. «Резерв бар, демек, келечек бар» дегендей, бизде келечек бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан