3-февралда Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Быйыл 37-ирет өткөрүлүп жаткан салттуу мелдеште 6 өлкөдөн 200 мушкер 10 салмак категориясында намыс талашышты. Жалпы медалдардын саны жана байгелүү орундарды эсепке алганда, Кыргызстан командалык эсепте биринчи орунду алды. Мекендештерибиз Рахманкул Аватов (49 килограмм салмакта), Азат Усеналиев (52), Медер Мамакеев (56), Адилет Бекеев (60) жана Сергей Паренко (91) чемпион аталышса, 64 жана 69 килограмм салмактарда мөөрөйдү казак мушкерлери илип кетишти. Ал эми өзбекстандык мушкерлер 75 жана 81 килограммда алтын медаль тагынышты.