Кечээ кышкы трансферлер үчүн бөлүнгөн 1 ай соңуна чыгып, айрым командалар алдыдагы жарым сезон үчүн курамдарын күчтөштү. Катталган ири трансфердик окуяларды төмөндөн көрө аласыздар. Ага чейин 2 кызыктуу трансферлерге токтололу. Англиялык «Манчестер Сити» клубга артыкчылык алып келүү үчүн атактуу ашпозчу Жейми Оливер менен 5 жылдык келишим түздү. Тамак даярдоо ыкмасын мыкты өздөштүргөн Оливер эми жардамчылары менен стадиондо сатылуучу мыкты тамактарды даярдап сатат. Ошондой эле бразилиялык Брено аттуу футболчу абакта жатып бразилиялык «Сан-Паулу» клубу менен келишим түздү. Эске салсак, Брено 2012-жылы жайында өз үйүн өрттөп жибергени үчүн 3 жылга кесилген. Келишим ал түрмөдөн чыккан соң күчүнө кирет.