ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН

(Башы өткөн сандарда)

Мелис көтөрүп барып бир машинага кызды салып, айдоочуга дарегин айтып жатканда алдыңкы орундукта отурган Самат дендароо болуп калды. "Жылдыз" деди дароо артын караган ал.
– Асман! Сен бул жакта эмне кылып жүрөсүң? Бутуңа эмне болду, ким алдагы жигит?
Биринин артынан бири жааган суроолордон кыз бозоруп турат.
– Айт деп жатам мен сага, караңгыда сага эмне бар?!
– Айттым го, Жылдыз эжеме баргам, кеч чыктым, жолдо тиги эки машина кагышты, шофёр мени машинага салып койду. Ошол. Бутум кичине ооруп калды.
– Үйгө барганда сүйлөшөм сени менен!
Самат ачууланып үн-сөзсүз баратат. Асман тапкан шылтоосуна маашыр болуп, бутунун ооруганын унутуп калды. Машинадан араң түшкөн ал бутунун сыздатып жер бастырбай жатканына карабай агасынан биринчи үйгө киргенге шашты.
– Каякта жүрөсүң караңгыда, эй, кыз?
– Апа, анан айтып берем, Саматка айтпаңыз...
– Эмне аксап калгансың, ким менен кайда жүрдүң, шүмүрөйгөн десе?!
Апасы кызын жекире урушуп жатканда Самат баш бакты.
– Ошону мен да түшүнбөй жатам. Кызың чоңоюп, өз билем болуп, жигит жандап калыптыр. Жолдошторумдан уялганымды айтпаңыз, караңгыда Канттын жолунда бышырып коюптурбу сага?!
– Айттым го, Жылдыз эжеме баргам, кеч калып, машина кагышып...
– Эмне дейт, машина кагышып дейби? Соосуңбу деги, кана, каериң?..
Эне да, азыр эле урушуп жаткан апасы кызынын башы-көзүн карап карбаластап жүрөт.
– Тим коюңуз, буту оорумактан балээ болсун, экинчи караңгыда чыкпасын. Көзүңдү ач, айтып коёюн, дагы бир жолу ушундай өнөрүңдү көрсөм, капа болбо.
– Болду эми кечке уруша бербей, мен жөнөткөм эжесине.
– Апа, болушпаңыз дейм. Акыркы кезде эрке-талтаңдыгында кеп жок болуп калды кызыңыздын. Мени алдабагыла экөөң тең.
– Койчу, балам, сени алдап не табабыз биз?
– Апа дейм, мунуңуз бүгүн бир жигит менен кафеге киргенин билесизби? Азыртан ушинтсе, уят кылат бизди бул?
– Качан кирипмин? Жалаа жаппагылачы мага.
– Жап оозуңду, «Арзууда» иштеген досум көрүптүр сени. Сенде уят барбы өзү? Ким ал жигит, мойнун кайрыйм эми көрсөм сенин жаныңдан, уктуңбу? Сен жигит жандаганды коюп, сабагыңды оку, мектепти бүт.
– Мектепти бүтпөйм деген ким экен өзү?
– Телефонду бөлмөңдөн чыгарып кой, бүгүндөн баштап эч ким менен сүйлөшпөйсүң. Сабакка барасың, бүттү. Же мектепке деле окутпай коёлубу, апа?
– Кой, балам, антпе. Окуусун бүтөт кызым. Буту эмне болду десең, эми кантет?
Түнү менен Асман ооруп, онтоп чыкты. Таң эрте ойготкону кирген апасы чочуп кетти.
– Ай, балам ай, балам ай. Каериң ооруп жатат?
Кыз көз жашын көлдөтүп, бутун кармап отурат. Акыры агасы «Тез жардам» чакыртты.
– Травматологияга алып барабыз, буту сынган окшойт,- деди фельдшер.
Асман ооруканада. Бутун гипстешти. Эми башын, омурткасын томографияга тарттырабыз деп агасы чуркап жүрөт. "Ошол баланын атын айтасың же өзүм табам" деп жинденген уулун энеси урушуп койду. Ошентип, бутун гипстетип үйгө келишти. Бактыга жараша, баары жакшы, бутунан жаракат алганын эсепке албаганда. Асман үйдө зеригип отуруп көпкө ойлонду. "Чалбайт го желмогуз, абалымды билип койсо болмок" дегиче телефон чырылдады.
– Алло.
– Алло, Асман, кандай?
– Жаман. Бутум гипстелип, тергөөчүмдөн тил угуп, азыр үй камагындамын. Жактоочум апам да агамдын тарабына өттү. Эми жолуга албайбыз.
– Антпе. Мен кечке чалдым, бир чалсам агаң окшойт. "Адашып калдым" деп койгом, кийин чалсам "мойнуңду жулам, бала, көп ойнобо мени менен" деп кыйкырып трубканы коюп салды.
– Ий, ошон үчүн чалба, өзүм чалам, азыр бөлмөмө да телефонду алып киргенге мүмкүн болбой калды. Кыскасы, жаза катуу мага.
– Аман-эсен сакайып кет, мен дагы чалам.
– Макул.
Күндөр өтө берди. Жалпы республикалык тестирлөө башталган күн. Бүгүн Асмандар борбордогу бир мектепке барып, тест тапшырышат. Кыз даярдык көрүп, апасынан бата алып, жолго чыкты. «Толуп баратам» деп арык экенине карабай, апасына айтпай диета кармап алган. Тесттин акыркы бөлүгү калды, тарыхтан. Билишинче тегеректеп, билбегенин божомолдоп жооп жазып отурат. Бир убакта башын көтөрө калды эле, көзү тунара түштү. Акыркы суроонун жообун эптеп тегеректегенге үлгүргөн Асман жерге кулап, эсин жоготту. Ызы-тызы түшүп эле калышты. Мындайды күтпөгөн агай "суу алып келгиле" деп бир окуучуну сууга жөнөтө койду. Бир кыз башын кармап, бирөө бетине чапкылап жатат, эсине келчүдөй эмес. Суудан чачканда гана бир топто барып көзүн ачты.
– Болотбекова, эмне, үйдөн тамак жебей келдиң беле?
Башын ийкегенге араң жараган, өңү кубарган кызды көрүп, сырттан бир эжейди чакырды.
– Белгилеп бүтүп калган экен, бланкалар менде калды. Кыздын жакынын чакырталы.
– Макул, ким менен келдиң, классташтары барбы?- деди эжеке.
– Мен бармын,- деп ар кай жерден классташтары айтып калышты эле, Гүлназ деген классташы бүткөн экен, документин тапшырып, Асман менен кошо сыртка чыкты.
– Таза абага чыккыла, мектептин ашканасына айтып коём, ысык чай ичкиле,- деди эжей.
Гүлназ экөө ашканада чай ичип отурушат.
– Арык туруп диета кармап өлгөнү калдыңбы?- деп урушту классташы.
– Ушуга келбей эле коёюн десем, агам да "тесттен өтсөң окуйсуң, болбосо жок" деп. Контракт төлөп окутса бир нерсе боло тургансып... Мелис келмек, саат 2де бүтөт дегем, карачы, машинасы турат бекен?
– Мелис, Мелис эле дейсиң. Сен бактылуусуң, дос. Мелистей жигитиң бар, камкор. Менчи, сүйүүнүн эч нерсесин билбейм, жашмын да.
– Мени кары деп ким айтты сага? Чын, карачы, аяшың келсе, бул жердеги кайнабаган чайды ичпей, кафеден тамактанабыз.
Гүлназ, Мелис, Асман үчөө айткандай эле кафеден тамактанып отурушту.
– Силерди киного алып барайынбы?- деди Мелис.
– Силер бара бергиле, мен третий лишний болуп...
Бул жолу да Асман менен Мелис кызыктуу күн өткөрүштү.
– Мен сенин машинаңа түшпөйм,- деди кыз күлмүңдөп.
– Коркпо, эми жай айдайм. Баса, кайсы окууга тапшырганы жатасың?
– Ырчы болом!
– Жөн дейм, ырчы болуп эмне табасың?
– Күйөрман.
– Күйөрманың менмин. Калганынын кереги эмне?
– Сен да, алар да боло беришсин да. Сахнага чыксам, ырдасам, сен гүл көтөрүп келсең...
Мына, кыздын кыялы ушундай. Ырчы болом дегенине атасы да каршы чыкты. Жумуштап Бишкекке келген экен, балдары менен учурашканы аларды агасынын үйүнө чакырды. "Окууну бүтүп, Искусство институтуна тапшырам" дегенине атасы көнбөдү. "Артист болуп эмнени кыйратасың, башка кесипти танда. Окуу акыңды өзүм төлөйм" деди. Атасын укмаксанга салып, үн катпады Асман.
Бүтүрүү кечеси. Демейдегиден башкача болуп жасанып алган кызына карап, апасы «көз тийбесин, садага» деди.
– Апа, Айша эжелер эмнеге келишиптир үйгө?
– Аа, Айшабы, жөн-жай эле.
– Жылдыз эжемди күйөөгө бергени калдыңар окшойт ушул силер?
Апасы калдастап кетти. Чынында, мындан 3 күн мурда алыскы туугандары менен кошо Айша таежеси келген үйүнө. "Асманды биз келин кылып алалы, балам да акмалап жүрөт экен" дегенине караманча каршы чыккан. "Асманым жаш, эжеси турат, агасы үйлөнө элек. Силер эмнени айтып жатасыңар?" деп жолотпой, жолго салган. Муну кызына айткан жок. "Акыркы коңгуроо күнү кызымды капа кылбайын" деген үмүт менен үн катпаган эле.
Ошентип, Асман бүгүн мектеп менен кош айтышып жатат. 11 жыл айтканга оңой болгону менен, балалыгы, баёолугу ушул мектепте өттү. Алгачкы сүйүү сезимин, сулуулар сынагындагы жеңишин, кечелерде ырдап-бийлеп калган күндөрүн эстеп, артка кылчайып турду бүгүн. Акыркы коңгуроо кагылып, атайын жыйын бүткөн соң классташтар класска киришти. Айрым кыздар көздөрүнө жаш алып, кучакташып ыйлап жатышат. Асман мелтиреп ойлуу... 

(Уландысы кийинки санда)

Жаңыл Калыкова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
razana_kg
2013-02-11 10:29:35
дагы кутмой башталды. :-)
0
juanna
2013-02-11 10:54:49
Дагы бир дума.
0
asan91
2013-02-11 16:57:12
эээ достор мындан мурунку тагдыр оюну деген сериялга кино тартып мени башкы каарман кылбайсыздарбыыыыыыыыы
+1
chicagogirl
2013-02-12 05:25:43
Спорим ала качып кетет кызды акыркы конгуроодо :)))
0
Aidana91
2013-02-12 15:04:11
Ала качып кетпей,кыз бактылуу болгондо чыгарма жазылмак эмес. Билбейм кандай болот.
0
Gsky
2013-02-12 18:20:18
Kyzyk eken. Men da kyzyga bashtadym.
0
aiba91kg
2013-02-13 01:33:43
kuzugu jok bolup jatat go
0
Galia
2013-02-13 22:53:56
ала качат бирок ажырашып Асмандын тагдыры талкаланып анан проблема башталат болуш керек
0
Alim_bek
2013-02-14 04:32:58
Ала качат эко бактулууу жашап калат ошонтип жомок бутуп калат.
0
Gundula
2013-02-15 14:47:57
Эми качан эмки жума келет аябай кызыгып алдым эле.
0
Rinatik94
2013-02-16 18:39:52
Бир жума кутмой башталды уф
0
Voin.teni
2013-02-16 20:32:26
Гадать этип козу ачыктык кыла бербей кутолучу бир аз... Акмалап жургону жаман экен тиги тууганынын...
0
aiba91kg
2013-02-17 14:43:27
ala kachat anan ajurashat Asman shaarga kelet urchu bolup chugat
0
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан