ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (11-февралдан 17-февралга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Алдыга койгон максатты ишке ашыруу үчүн майда-чүйдө иштерге алаксыбай, илгери умтулуңуз. Иште карьераны өстүрүүгө ыңгайлуу учурлар күтүлөт. Аптанын экинчи бөлүгүн жактырып жүргөн адамыңыз менен чогуу өткөрүүгө арнаңыз. Каржы жааты бул күндөрү сизди абдан кубандырарын айтышат жылдыздар. Апта соңунда ден соолугуңузга кам көрүү менен алек болгонуңуз оң.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Мурда урушуп кеткен тааныштарыңыз менен мамилеңиз калыпка келет. Жумушту кийинкиге калтырып, ден соолукка кам көрүү зарыл. Айрыкча тамак оорусу барлар абайлоосу керек. Апта ортосунда узак жолго аттануу кооптуу. Апта соңунда жагымдуу маанай тартуулаган окуяга туш болосуз. Бул окуя сиздин жашоого болгон көз карашыңызды түп тамырынан бери өзгөртмөкчү.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта башында иштер сиздин пайдаңызга чечилет. Карызга акча берүүдөн мурда үй-бүлөлүк бюджетти тактап алганыңыз оң. Соода жаатындагылар мамлекеттик текшерүү органдары менен тил табышуулары керек. Жума күнү бейтааныш адамдар менен урушуп кетишиңиз мүмкүн. Ишембиде жакын досуңуз же сүйүктүүңүз менен баарлашасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта ичинде ойлорго көп берилип, унутчаактык күч алат. Андыктан үйдөн чыгып кетердин алдында электр приборлорун, суу түтүктөрү жабылганын текшерүүнү унутпаңыз. Апта ортосунда бейтааныш адамдан кат келиши күтүлүүдө. Катта жазылгандарга анчалык маани берүүнүн кереги жок. Дем алыш күндөрү достор менен өзгөчө жайларда эс алууңуз мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Дүйшөмбүдөн тартып эле ишиңиздеги жакшы жетишкендиктериңиз үчүн мактоого арзыйсыз. Аптанын алгачкы күндөрүндө буюмуңузду уурдатып же жоготуп алуудан сак болуңуз. Апта ортосунда күтүүсүз кабар угасыз. Аптанын экинчи жарымында жаңы таанышуулар жеке жашооңузга өзгөртүү киргизмекчи. Апта соңунда буга чейинки эмгегиңиздин үзүрүн көрөсүз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жалкоолук жана кайдигерлик ишиңизди артка тартып коёру эсиңизде болсун. Сүйүү жаатында айрымдар түгөйү менен кол үзүшүп калуу коркунучу да бар. Шейшембиде акчаңызга сак болуңуз. Жоготуп же алданып калууңуз мүмкүн. Жума күнү жаралган маселеге көңүл чөгөрбөңүз, убакыт өзү чечет. Жекшембиде жеке жашооңузга байланышкан чечим кабыл алууга туура келет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Келерки апта жашооңузга олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизүүчү окуялар менен камтылат. Ар бир жаңы адам, жаңы иштер менен таанышып жатканда кылдат мамиле жасаганыңыз оң. Гардеробуңузду жаңыртуу максатында базар же дүкөн кыдырышыңыз мүмкүн. Аптанын соңунда алыс жактан уккан кабар сизди ойго салат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын кыйынчылыктар менен башталганына капа болбоңуз. Анткени аткарылган иштин үзүрүн аптанын ортосунан тарта көрө баштайсыз. Жетекчилер кол астындагы адамдардан колдоо көрүп, мамилелер бекемделет. Ата-энелер менен балдардын ортосунда түшүнбөстүктөр орун алышы мүмкүн. Аптанын аягын жан дүйнөңүздүн ырахатына арнаганыңыз оң.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Эмоцияга алдырбай, өзүңүздү токтоо алып жүрүүнү үйрөнсөңүз, ишиңизде ийгиликтер болот. Аптанын ортосунда маанилүү долбоорго кол коюшуңуз ыктымал. Сүйүктүүңүз тараптан таарынычтар болушу мүмкүн. Бул жагдайды чечүүгө аптанын аягы ыңгайлуу. Ашказан-ичеги ооруларынын алдын алып, врачка көрүнгөнүңүз ашыкча болбойт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Абдан тынч жана ийгиликтүү апта. Текечерлер кесиптештеринин арасында абройго жетише алышат. Капчык маселеси да кыйла жакшырып, аптанын ортосунда жаңы эмерек сатып алышыңыз мүмкүн. Чырдашпайм десеңиз, үй-бүлө мүчөлөрү менен сылык болгонуңуз зарыл. Сүйүү жаатында жаңы таанышуулар, романтикалуу окуялар күтөт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Башчылык орунда отургандар катардагы кызматкерлердин ишине адилеттик менен кароого тийиш, антпесе майрам алдында кызматынан кетүүгө мажбур болушат. Жума күнү сизге жаңы мүмкүнчүлүктү ачкан сунуш түшөт. Ашыкча жоопкерчиликти талап кылам деп, сүйүктүү адамыңызды таарынтып албаңыз. Жекшембини жакын адамдарга жана үй-бүлө мүчөлөрүнө белек сатып алууга арнайсыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жуманын алгачкы күндөрү кызматта баш көтөрбөй иштөөгө туура келет. Жемиштүү деп күткөн жаңы ишти баштоо тууралуу алгач тажрыйбалуу адамдан кеңеш алып алыңыз. Бейшемби күнү жеке маселеден улам маанай чөгөт, аны достордун жардамы менен көтөрөсүз. Майрамды шылтоо кылып, жекшемби күнү болгон акчаңызды соода-сатыкка жумшайсыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан