МАЙ ТАМАНДУУЛУК

МАЙ ТАМАНДУУЛУК ЭМНЕДЕН УЛАМ ПАЙДА БОЛОТ?
Май тамандуулук (жалпак таман) – бир же эки буттун тең таманынын жалпак болушу. Тамандын ички коңулу жоголуп, басканда таман толук бойдон жерге тийиши. Көпчүлүк май тамандуулуктун статикалык түрү менен жабыркашат. Жалпак тамандуулуктун бул түрүнүн белгилери анча байкалбайт. Көп басканда адегенде тизе ооруп, таман ысып, сайгылашат, бир аз эс алгандан кийин оорусу басаңдап калат. Адамдын басыгы бузулат. Бара-бара кызыл ашыктын томугу, тизе, бел да ооруй баштайт. Сыртынан караганда тамандын өзгөргөнү байкалбайт, бирок тургузганда таман жалпайып көрүнөт. Согончок, буттун манжалары, кызыл ашык мууну шишигенсип калат. Акырындык менен буттун бармагы сыртка карап, сөөмөйдү басып калат да, бут кетменинин сырткы тарамыштары тырышып, тартышат. Оорунун бул түрү 4-5 жашка чейинки балдарда байкалганы менен, кийин эч кандай дарылоосуз эле, бала чоңойгондо таман коңулу да өсүп кетет. Бул илдеттин пайда болушуна көп нерселер себеп.

Тукум куучулук. Эгерде тууган-урук арасында кимдир бирөө май тамандуулуктан жабыркаса, баланы тез-тез ортопедге көрсөтүп туруу керек.


Адамдын толуп кетүүсүнөн булчуң эт, тарамыштар чоюлуп, таман коңулу жоголуп, жалпак болуп, тамандын майда сөөктөрү бүт бойдон жерге тийип калат.

Оор жүк көтөрүп иштегендер, туруп иштеген адамдар да май тамандуулук менен жабыркашат. Мисалы, жүк көтөрүүчүлөр, усталар, куруучулар, тиш доктурлар, чачтарачтар, нан жапкандар, сатуучулар жана башкалар.


Итий менен ооруган балдардын сөөгү жумшак, ийилчээк, чоюлчаак болуп калгандыктан, бул дарттан кийин да май тамандуулук пайда болот.


Сыныктан кийин болгон май тамандуулук кызыл ашыктын томуктары, согончок же манжалар сынып, туура эмес бүтүп калгандан улам болушу мүмкүн.

Шал оорусунан кийин болуучу май тамандуулук көбүнчө балдардын таман коңулдарын туура абалда кармап туруучу булчуңдардын тарамыштары жабыркаганынан улам келип чыгат.


Бут кийимди туура эмес тандоо да май тамандуулукка алып келет.

ЭМНЕСИ МЕНЕН КООПТУУ?
Бир караганда бул оору эч кандай кооптонуу жаратпайт. Бирок бул жаңылыштык. Тамандын бузулушу муундар менен шыйрактын бузулушуна алып келет. Ал болсо өз кезегинде ар кандай муун ооруларын пайда кылат. Андыктан май тамандуулуктун алдын алуу жана өз кезегинде дарылоо өтө маанилүү. Тамандын сөөк ткандары толук бойдон бала 14 жашка чыкканда катып бүтөт. Мындан кийин май тамандуулукту дарылап айыктырууга мүмкүн эмес, болгону тамандын андан кийинки бузулушунун алдын алууга болот.

ДАРЫЛОО
Май тамандуулукту дарылоодо дене тарбияга өзгөчө көңүл бурулат. Денени чыңдоо, керектүү витаминдерди берүү, атайын дарылоо, массаж жасоо, убактылуу гипске таңуу, атайын батек (супинатор) салуу, бут кийимди туура кийгизүү, керек болсо атайын бут кийим менен камсыз кылуу керек. Бул оорунун алдын алууда дене тарбия менен спортко үзбөй катышуу чоң мааниге ээ, сууда сүзүү пайдалуу. Жалпак тамандуулуктун белгилери байкалгандарга бутка күч келтире турган оюндарга, мисалы, оор атлетика, чуркоо, коньки тебүү жана башкаларга катышууга болбойт. Жылуу мезгилде кумда, жумшак жерде жылаңаяк басуу да пайдалуу. Көпкө тике туруп иштегендерге тамандарын теңдеп коюп, сырт жак кырына сүйөп, күнүнө 5-10 мүнөттөн бир нече жолу тыным алдыруу сунуш кылынат. Май тамандуулукту алдын алууда бут кийим өтө тар же кенен болбой, такасынын бийиктиги 3-4 сантиметрден ашпоого тийиш. Өтө бийик такалуу бут кийим туурасынан жалпак тамандуулукту өстүрөт.
Май тамандуулукту бала кезинде алдын алуу жана дарылоо жеңил. Негизинен, балада май тамандуулук барбы, жокпу, бала 5 жашка чыкканда билинет. Анткени, биринчиден, бул куракка чейин тамандын сөөк аппараты катпайт, булчуңдун байланышкан жерлери алсыз болот. Экинчиден, тамандын чуңкурчасы май "жаздыкчаларына" толтурулган болот. Бала 5-6 жашка чыкканда гана тамандын формасы керектүү формага өтөт.
Адамда май тамандуулуктун белгилери билинер замат врач-ортопедге кайрылуу керек. Оорулуунун жашына, жалпак тамандуулуктун өсүшүнө жана түрүнө жараша врач атайын гимнастика дайындайт. Мындай машыгууларды буттун булчуңдарын жана байламталарын чыңдай турган көнүгүүлөр менен айкалыштыруу пайдалуу. Ошондой эле күн сайын бутка жылуу (35-36°) ванна жана массаж (сылап-сыйпоо, укалоо жана сүрткүлөө) сунуш кылынат. Көбүнчө балтыр менен таманды массаждоо керек. Балтырга кызыл ашыктан тизени, таманга манжалардан согончокту көздөй массаж жасалат.
Бүгүнкү күндө жаш балдар арасында май тамандуулук күч алууда. Андыктан ар бир ата-эне баласынын алгачкы бут кийимин тандоого өзгөчө көңүл буруусу керек.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
zamko
2013-02-11 15:00:59
Ah super info supersiner paydaluu keneshiner uchun chonn rahmat
0
Asiyo
2013-02-12 00:26:06
мага мынабу суроттогу ботинка аябай жакты да
0
Датка кыз
2013-02-12 10:41:42
мага бобоктордун буту аябай жагат да ооп-ооп алгым келет. Быйтыйган бутунардан силердин...
0
bakbolotovna
2018-03-27 01:30:21
Чон рахмат кенешинерге дагы кененирээк жазгылачы
0
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан