2013-жылдын 2-февралында саат 20:30 чамасында Чүй районунун Токмок–Кошой каттамында жол кырсыгы болуп, бир адам каза тапты. Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү унаа 77 жаштагы К.А. аттуу аялды сүзүп кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, тилекке каршы, эсине келе албаган калыбында көз жумду.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, учурда бул жол кырсыгынын себептери такталып, иликтөө иштери жүрүүдө. Унаа айып аянтчасына токтотулуп, айдоочусу 23 жаштагы жаран экендиги аныкталды.